Арактын кесепетинен биринчи күйөөсүнөн кол үзгөн бул каарманыбыз экинчи жолдошу менен таанышуу бурчунан табышып үй-бүлө курган экен. Тилекке каршы анысы дагы аракеч экенин, андан милиция кызматкеринин жардамы менен араӊдан зорго кутулганын,  азыркы кезде да жакшы күйөөдөн үмүтүн үзө элегин ачык айтып тагдырына нааразы болгон Алиянын бул баянын жарыялап гезит бетине жарыялап коюуну туура көрдүк. Балким, башкалар ушул окуядан сабак алып калгысы бардыр…

—“Аӊгектен качсаӊ дөӊгөккө” демекчи, жаӊы турмуш курсам да жеке турмушумда эч өзгөрүү болбоду. Мурунку жолдошум ала качып алгандыктан аны менен отум күйүшпөй  ажырашып кеткем. Анын үстүнө ал киши  ичкиликке жакын эле…. Ошентип сегиз жылдай жалгыз бой жүрүп калдым. Өзүм базарда соода кылгандыктан тирилигиме тыӊ болгондуктан заӊгыраган үй салып, кычыраган машина алдым. Бирок мунун баары мени толук бактылуу кыла албады. Ачыгын айтсам, жашоодо мага жөлөк-таяк боло турган жан шерик керек экенин кечирээк билдим. Анткени ага чейин өзүм сыяктуу бойдок досторум менен көбүрөөк көӊүл аччумун. Андай учурларды азыр ойлосом түбөлүктүү нерседей кабыл алыптырмын. Акыры ага-туугандарымдын кийлигишүүсү менен турмушка чыгууну туура көрдүм. Бул тууралуу курбуларыма айтсам баары сүйлөшүп алышкансып “таанышуу бурчунан табасыӊ” деп кеӊеш беришти. Ал күнү базардын жанындагы гезит-журнал саткан күркөдөн атайын бир гезит сатып алдым. Кечинде үйгө келгенден кийин гезитти барактап отуруп таанышуу бурчу жарыяланган бетти таап, таанышкысы келген мырзаларды тандап отуруп бирөөсүнө токтолдум. Султан менен алгачкы жолу сүйлөшкөндө эле ал менин эмнегедир жакын адамымдай таасир калтырды. Күнүгө кечинде жагымдуу СМСтерди жөнөтө баштады. Бир жолу “Сенин сүйлөгөнүӊ мага ырдагандай туюлуп жатат. Үнүӊ ушунчалык уккулуктуу экен”-деп жазыптыр. Мына ушундай сөздөр таасир бергендиктен аны көрүм келип аял башым жолугушууга өзүм чакырдым. Султан экөөбүз кафеде отуруп  бир топ сөздөрдү сүйлөштүк. Башында сөздү орду менен эле сүйлөп жаткан. Бир маалда күтүүсүздөн:

—Сен мага караганда акчаны көбүрөөк табат экенсиӊ. Бир күнү акчасы көп бирөөнү ээрчип кетпейсиӊби?-деди сынай карап.

—Каяктагыны айтпачы… Кантип эле мен сени таштап кетейин?-дедим анын сөзүнө капа болуп.

“Аялзаты кулагы менен сүйөт”-деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Ал мени жөн эле тамашалап койгонун айтып, акыры мени жибитип өзүнө тез эле тартып алды. Кафеден чыккандан кийин менин экөөбүз менин үйүмө бардык. Султанды ушинтип үстүмө киргизип алдым. Биздин жарандык никеде жашап атканыбызды укканда ата-энем нааразы болушкан экен. “Калыӊсыз кыз болсо да каадасыз болбойт” деп алгач апам таарыныптыр. “Жок дегенде биздин алдыбыздан өтүп коюшса жакшы болмок” деп шаардагы байкелерим да биздин турмушубузга кийлигишиптир.

    Алардын айткандарынын баарын кулагымдын сыртынан кетирип, бир гана Султан экөөбүздүн жашообузду ойлодум. Башында эртеӊ менен жумушуна эрте кетип кечинде үйгө өз учурунда келген Султанга ыраазы болуп жүрдүм. Көрсө, мындай көрүнүш жөн эле “реклама” экен да. Биз жашагандан 20 күндөн кийин ылжып мас болуп келе баштады. Бул аз келгенсип жумушуна жумалап барбай, үйгө жатып алып ичкени жаныма батып кетти. Баягы орду менен сүйлөгөн Султан жок… Маӊдайымда кебетеси келишкен аракеч Султан турду. Ошондо чыдай албай кетип:

—Чыгып кет үйдөн!-дедим ызырынып.

—Эн-неӊди канчык! Чыкканды мен сага азыр көрсөтөм,-деп чачымдан сүйрөп тепкилеп кирди. Кармашып жатып колунан эптеп суурулуп сыртка качып чыктым. Кошуналарымды чакырып келип араӊдан зорго үйүмөн кууп чыктым. Ошондон бери телефон чалганынан албай койсом сөгүп-сагып намысыма тийген СМСтерди жөнөтө баштады. Айлам кеткенде телефонумдун номерин алмаштырганга мажбур болдум. Бир жолу жумуштан эрте келсем үйдүн жанында отурган экен. Дагы эле мас… Көчөдөгү элдин көзүнчө кол көтөрө турган болгондо өзүм жашаган жаӊы конуштун аймактык тескөөчүсүн жардамга чакырган элем. Кудай жалгап ошол бойдон келбей калды. Эми андан бери арадан алты ай өттү. Андан кутулсам да, жакын адамдарымдын жан кейиткен сөздөрүнөн кутулбас болдум.

Душман бир туугандын ичинен эле чыгат экен. Эӊ улуу байкемдин: “Таанышуу бурчунан табышкан эриӊ менен, эми таптакыр таанышпай калабызбы?”- деген какшык сөзү тим эле күйгүзүп жибере жаздады. Андан башка бир туугандарым деле кыйратып жакшы мамиле жасашкан жок. Туруктуу үй-бүлөӊ жок болсо ага-тууганыӊ менен катташа албайт экенсиӊ да. “Аюу да болсо эрим бар” -деген сөз  бекеринен айтылбаса керек. Азыр деле жакшы күйөөдөн үмүтүмдү үзө элекмин. Ажырашканга келиндерге айтаарым, кайра турмуш кура турган болсоӊор ичкиликтен алыс эркекти тандагыла. Антпесеӊер мендей болуп баарына жаманатты болосуӊар. А менин бул баяным башкаларга сабак болуп калгысы бардыр…   

   Даярдаган: Нурпери ИСАБЕКОВА