eBay интернет-аукционунда 2 000 сомдук купюра сатыкка коюлганы маалым болду. Кыргызстандын акыркы жылдары чыгарган 2000 сомдук купюрасынын баштапкы баасы — 999 доллар. Бул акча банк кызматкерлерин, жарандарды жана ишканаларды жаңы банкнота менен тааныштыруу максатында жасалган копия. Муну андагы SPECIMEN (үлгү) сөзү жазылып турганы далилдейт. Номери — АА0000000.