Жогорку  Кеңеште мандемдүү депутаттар өтө эле көп. Алардын бири “Чемпион” деген каймана аты бар Урмат Самаев. Ал “Кыргызстан” партиясынын төрагасы, депутат Канат Исаевдин кол баласы. Токмоктогу чоң муштумдардын бири. Жакында эле Токмокто контрабанда ызы-чуусунан улам келип чыккан мушташка да тиешеси бар экени айтылган. Мурун эч ким тааныбаган депутат ошол ызы-чуудан кийин элге таанымал болуп чыга келген. Мына ушул депутатты Исаев ЖКнын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенконун орун басарлыгына көрсөттү. Буга чейин Никитенконун орун басары, атагын чатагы арбын Искендер Матраимов болуп келген. Бул киши тартип, коррупция деген сөздөн уялып кеткенби, айтор орун басарлыктан кетип жаткан окшобойбу. Ошондо Самаев бул комитетке мүчө болуп калса, тартипти кантип орнотуп, кантип коррупцияга каршы күрөшөт? Муштум  мененби?  Эске сала кетсек, ушул комитетке 9 депутат мүчө болгон. Алардын көбү эле элдин сынына кабылган, мандемдүүлөр экен. Маселен: Матраимов, Жаныбек Бакчиев, Талант Мамытов, Урмат Самаев, Камчыбек Жолдошбаев  деген “кокуйлар”…Тартип орнотуп, коррупцияга сокку урчулар ушулар болсо, жыргаган экенбиз да. Эске сала кетсек, Самаев 2012-2015-жылдары Токмок шаардык кеңешинде депутат болгон. 2016-жылы “Кыргызстан” партиясынан ЖКнын мандатын алган. Ал Чүйдөгү бай адамдардын катрына кирет. Анын дыйканчылык жаатындагы бизнесинде 300-400 адам иштей турганы ЖМКларга чыккан.

Булак: Багыт.кг