Кытай бийлиги Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынын уюштурууга кеткен 6 млн. 760 миң доллар чыгымды өз мойнуна ала турганын Экономика министрлиги билдирди. Бул боюнча эки мамлекеттин ортосундагы катка эки тараптуу кол коюлган. Белгилей кетсек, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны 14-июнда Бишкекте өткөн. ШКУнун кийинки жылдагы жыйынын Орусияда өтмөкчү.