Азыркы дары-дармектерден аллергия оорусу күчөп турган мезгилде  ийнетерапиясы сыяктуу эң жөнөкөй жана эффективдүү жардам берчү ыкмалар сейрек кездешет. Ийне терапиянын жардамын көп жылдык тажрыйбамдан билип-көргөндөй,  анын ооруларга жардамы таасирдүү экенин белгилеп, ошондой эле арзан жана жөнөкөй    дарылоо ыкмасы экенин өзгөчө сөз кылып айткым келет.

            Эми ийнетерапиянын каналдык системасы жөнүндө азыноолак сөз кылсак, кытайдын ийне-чекиттеринин ар түрлүү жайланышпай, өзүнчө бир системаны түзүп, меридиан (каналдар) түрүндө жайланышарын кытайдын дабагерлери тээ байыркы кылымдарда эле тапкан. Ошонун ичинен 14 классикалык каналдар бар. Анын 12си жуп каналдар, 2си жупсуз каналдар.

Мурдагы макаламда белгилеп кеткендей, инь системасын кирген, башкача айтканда, көңдөйсүз (паренхиматоздук) каналдарга өпкө, көк боор, жүрөк, жүрөк карынчасы, бөйрөк, боор кирет.

Ян системасында болсо, көңдөйлүү органдар: ашказан, жоон ичеги, ичке ичеги, табарсык, өт карынчасы, адамдын тулкусунун үч бөлүгү кирет.

Ар бир биологиялык активдүү чекит жогоруда көрсөтүлгөн каналдарды түзүп, тери менен органдарды байланыштырып, кытай дабагерлеринин ою боюнча, организмдеги энергияны айландырып турат. Ал эми илимий көз карашта алганда, биз студенттик мезгилде мединституттан  окуган Захарьин – Геда зонасы боюнча, тери менен органдын байланышы бар экенине ушундан улам дагы бир жолу ынанасың.  Мисал келтирсек адамдын жүрөгү ооруп, жүрөктүн кан тамырлары кысылганда (коронардык тамырлар) стенокардия оорусунун белгиси болуп, сол жак көкүрөк, сол жак далынын алды, сол колдун ички тарабы, сол  чыпалакта оору синдрому байкалат. Ал эми боор же өт ооруганда оору сезими  бейтаптын оң жак капталына, оң жак далынын алдына берилерин, ал эми бөйрөктүн оорусу белдин эки жагын оорутуп, бөйрөктөн кум чыкса, ичтин алдын оорутуп, табарсык жакты көздөй жылаарын бардык эле врачтар билишет.

Ошентип биз оору синдромун кетирүү үчүн жогорудагы зоналардын нерв талчаларын дүүлүктүрүп, жүрөктүн кан тамырын кеңейтүүгө, өттүн каналын бошотуп, өттүн чыгышын жөнгө салууга, бөйрөктүн заара чыгуучу каналдарын бошотууга эң жөнөкөй, натыйжалуу дарылоо ыкмасын колдонуп жатканыбызды азыркы илим далилдеп жатат.

Ал эми биологиялык активдүү чекиттерди (кытай чекиттерин) касиетин түшүндүрө турган болсок, организмде 361 чекит бар. Аны 2ге көбөйтсөңүз 700дөн ашык чекит болот. Талдап көргөндө ар бир каналдын дүүлүктүрүүчү чекиттери бар. Ал чекиттер органдагы энергияны көбөйтө алат. Ал эми тынчтандыруучу чекиттер каналдагы энергияны азайтып, каналдагы энергияны бир калыпка алып келет. Кытай дабагерлеринин ою боюнча, ар бир каналдын  энергиясы булак сыяктуу чекиттерден башталып өзөн  сымал  улам-улам көбөйтүп отуруп, органдарга жетет. Ошентип  булак  чекит  дегендер бар. Булар энергиянын башатын пайда кылат. Сигналдык чекиттер ар бир органдын өнөкөт оорусун билүүгө жардам берет. Сайып же басып көргөндө бул чекиттер сезимтал келип, оорунун бар экенин билдирет. Ооруну кетирүүчү чекиттер – буларга ийне сайганда оору синдрому кетет. Шу-пункт деп аталган дагы бир чекиттер бар. Булар менен органдагы өнөкөт ооруларды дарыласа болот. Ло-пункт деген чекиттер бар. Алар каналдардын байланышын жөнгө салып турат.

Ийне сайчу инструменттер жөнүндө сөз кылганда, биздин элибизде айтылып калган “алтын ийне” деп аталган ийне 75% алтын кошулуп, 13% күмүштөн, 12% кызыл жез кошулуп жасалат. Ал эми күмүш ийнелер болсо 80% күмүштөн, кызыл жезден 17%, сары жезден 3%  кошулуп жасалат.

Алтын ийне нерв жабыркап, булчуңдар иштебей, шал болуп калганда колдонулат. Ал эми күмүш ийне невроз ооруларында колдонулуп, нервдин дүүлүккөнүн кетирет. Азыркы мезгилде көп колдонулуп жүргөн дат баспай турган таза болоттон жасалган ийнелер булчуңдар шал болгондо дагы, нерв дүүлүккөндө дагы бирдей колдонула берет.

Ийне терапия ыкмасы менен жогорку билимдүү врачтар гана иштеши керек. Анткенимдин себеби алар саюу ыкмасынын өзгөчө касиетин үйрөнүп, анын бурагандагы, сайгандагы бир канчалаган кыймылдарын билүүгө тийиш.

Ошону менен бирге ар бир чекиттин топографиялык  анатомиясын, физиологиясын, органдардын булчуң системасын,  кан айлануу системасын ж.б.у.с. жогорку билимдүү врач гана биле алат. 

Ал эми ийне саюунун ыкмасы жөнүндө айта турган болсок, басаңдатуучу ыкма, дүүлүктүрүүчү ыкма дегендер колдонулат.

Басаңдатуучу ыкмада ийнени  көп убакытка чейин калтырып, аны азыраак, анан тереңирээк сайып, 30 мүнөттөн 60 мүнөтткө чейин, кээде андан көп убакытка калтырабыз. Бул ыкма менен адамдын нервин тынчтандырып, кан басымын азайтып, оорусун кетирип, аллергиясын жоготуп, кол-буттун булчуңдарынын тартылганын азайта алабыз.

Ал эми дүүлүктүрүүчү ыкмада ийнени анча терең сайбай, көбүрөөк чекитке сайып, ийнени 10 мүнөттөн 20 мүнөткө чейин калтырабыз. Мындай ыкмада булчуңдарды чыңалтып, нервдин иштешин жакшыртып, четки жана борбордук нерв системасынын жабыркашынан пайда болгон шал оорусун (парез, паралич) кетирүүгө жардам беребиз. Ашказан, өт, ичегилердин иштешин жакшыртып, табарсыктын ишин бир калыпка келтиребиз. Адам эси оогон учурларда дагы кытайлар ушундай ыкманы колдонушат.

Ийнетерапиянын тажрыйбада колдонулушу

Биз ийнетерапияны өзгөчө нерв системасы жабыркаганда колдонгондугубузга байланыштуу, көбүнчөсү ийнетерапиясы менен невролог-врачтар иш алып барат. Менин көп жылдык тажрыйбамда эң көп дарылаган оорулар бул четки нерв системасынын оорулары. Мен мурдагы макалаларымда белгилегендей, 1977-жылдан баштап, Улуттук госпиталдын (мурдагы республикалык бейтапканын) неврология бөлүмүндө иштей баштаганымда биринчи кайрылган бейтаптар четки нерв системасына суук тийип кайрылгандар болушкан. Булардын ичинен бет нервинин нейропатиясы. Ушундай  оору кулак тарапка суук тийгенден башталып, бетинин бир жагы иштебей калат, бир жак көзү жумулбай, оозунун бир жак ууртунан тамак куюлуп, аябай катуу жабыркаган сыяктуу кейипте кайрылышат. 42 жылдык иш-тажрыйбамда күн сайын 1-2ден бейтап кайрылып турса, эсептеп көрүңүз, ошол аралыкта канча бейтапты дарылаганымды. Бет нервинин нейропатиясына ийне терапиясы ишенээрлик таасирдүү жардам берет. Кайрылган бейтаптар толук ийне курсунан өтсө,  көбүнчө айыгып кетишет. Биз ийнетерапиясы менен кошо стимулдаштыруучу электрдик ток берип, беттин нейропатиясын тез айыктырууга  жакшы жардам берип  жүрөбүз.

Ал эми беттин үчилтик нервинин невралгиясы өзгөчө катуу оору синдромун жаратат. Ушул жерден “катуудан тиш – жумшактан ич оору” деген кыргыздын макалы дайыма эске келет. Оорулунун чыдабай ботодой боздоп келгенин ушундан байкаңыз, бул оору приступ сыяктуу оорутуп, бир жак бетинин катуу оорусунан, бейтап  кыйкырып,  убактылуу  катып калат. Тамак жеши начарлап, оозун жакшы ача албай кыйналып келишет. Врач-неврологдордун багына финлепсин, карбамазепин деген дарылардын чыгып калганы, оорулардын айыгып кетишине жакшы шарт түзүп берди. Жогоруда көрсөтүлгөн дарылар менен кошо ийне терапиясын алганда бул ооруга эффективдүү жардам берилет.  Классикалык ийнетерапиясы жардам бербегенде Т-сыяктуу ийне сайып, 24-72 саатка чейин калтырып койгонубузда  үч илтик невралгиясынын көп бейтаптар жакшы айыгып кетишет.

Мен өтө белгилеп, эстей турган оорулардан кант диабети оорусунан өтүшүп, көздү кыймылдатуучу нервдин сезгенүүсүнөн кайырлган бейтаптар, көзү сырка кыймылдатуучу нервдин (отводящий нерв) сезгенүүсүнөн айыгып кеткен бейтаптар өзүнүн рахматын айтып, азыркыга чейин жылуу мамиледе ийнетерапиясынын касиетин белгилеп жүрүшөт.

Биринчисинде көз кыймылдабай, көздүн кареги кеңейип, капкакчасы жабылып калат. Экинчисинде жараланган тараптагы көз сырт жака кыймылдабай, көзгө  көрүнгөн нерселер экиге бөлүнүп көрүнөт. Эми мындай жабыркаган бейтаптардын айыккандагы кубанычын элкестетип көрүңүз, ушундай учурдан кийин дабагерлерди ар дайым жакшы сөз менен гана эскеришет.

Ал эми четки нерв системасынын сезгенүүсүнөн колу-буту шал болуп калгандар маал-маалы менен кайрылып турушат. Бирөөлөрдүн травмадан кийин колу иштебей калса, бирөөлөрдүн суук тийүүдөн колу-буту иштебей кайрылышат. Ал эми полинейропатия оорусу менен бир топ жыл мурун Нарын шаарына иш сапарга барганымда бир аксакал колу-буту иштебей дарыланган эле. Анын оорусу алкоголдук уулануудан пайда болуп, колу-буту такыр иштебей, “айыксам эч качан арак ичпейм” деп убада берип жүргөн. Аксакал ошол убадасын аткарып, колу-буту айыгып, кийин колуна стакан кармабай калганын туугандары кабарлашты.   Кант диабетинен жабыркагандар, кээде алкоголдук ичимдик менен уулангандар кайрылып  полинейропатия менен жүрөт. Азыркы мезгилде 25 жаштын тегерегиндеги кыз ботулизмден ууланып, колу-буту иштебегени аз келгенсип, бульбардык синдром менен тили жакшы иштебей, тамакты жутуучу нерви жабыркап, дем ала албай инфекциялык оорукананын жандандыруучу бөлүмүндө көпкө чейин жатып, азыр колу-бутун иштетүүгө ийнетерапиясын алып жүрөт. Натыйжада  ойлогондой болуп, баспай келген оорулуу кыз, учурда энесинин жардамы менен басып калды.

 Ийин-далы периартрити. Мындайда адамдын бир жак ийни ооруп, анын оорусунан колу кыймылдабай, кээде оорудан уктай да албай калат. Буларга комплексттүү дарылоо менен катар ийнетерапиясы ийгиликтүү жардам бере алат.

Остеохондроз, грыжа оорулары

Заманыбыздын шартына жараша, бизге кайрылган  бейтаптардын ичинен омуртка аралык дисканын жабыркоосу менен көбүрөөк кайрылышат. Мындай бейтаптар бели ооруганынан бир жагына кыйшайып, түз тура албай, моюну ооруганынан башын кыймылдата албай, ыйлап-сыктап келишет. Омуртка аралык диска грыжасы десе эле алар мындайды айыкпаган оорудай ойлошот. Биз магниттик-резоннанстык томография (МРТ) чыга электен бери  дарылап жүргөн баягы эле остеохондроз оорусу, радикулит оорусу МРТ аппараты чыккандан бери өзгөчө бир резонансты жаратып келет. Омуртка грыжасын  укканда эле баары операция жөнүндө ойлонушуп, бейтаптар өзгөчө бир катуу ооруп калгандай абалда калат. Азыркы мезгилде грыжа дискасын дарылоого неврологдордун комплекстүү дарылоосу жакшы натыйжасын  берип жатканын иш тажрыйбабыз далилдөөдө.

Ийнетерапиясы оору синдромун кетирүүдө, нервдин сезгенүүсүн айыктырууда, кысылып калган нервдин  шишигин (компрессиялык синдром)  кетирип, анын кан айлануусун жакшыртууга өзүнүн эффективдүү жардамын берет.

(уландысы бар)

        Бекбоев Темирбек, невролог,  чыгыш медицинасы боюнча адис дабагер