Адамдын организминин жакшы иштөөсү үчүн көптөгөн пайдалуу витаминдүү азыктар керек. Алардын кээ бирин ичегилердин микрофлорасы иштеп чыкса, кай бирин иштете албайт. Иштетсе да аз өлчөмдө иштеткендиктен ал адамга жетишсиз болот. Мисалы В тобундагы витаминдерди өтө аз иштетишет.

Магний жетишсиздиги

Организмге бирден бир пайдалуу нерсе магний болуп эсептелет. Чоң кишинин организминде кеминде 25г магний болуусу шарт. Анын 60%ы биздин сөөктөрүбүздө болсо, калганы мээде жана жүрөктө болот.

Магний эмнеге анча маанилүү?

Магний метаболизм процессинде чечүүчү ролду ойногон зат. Метаболизм же зат алмашуу дейбизби, андан оор органикалык заттардын иштөөсүнүн негизинде энергия бөлүнүп чыгат. Энергия болсо организм үчүн маанилүү ресурс болуп саналат. Магний ошол оор органикалык заттарды иштетүүгө жардам берет. Эгерде ал заттар анча иштебей калса, адамда энергия аз болуп, алсыз боло баштайт.

Тамактан кийинки чарчоо

Магнийдин организминде аз болушу өмүр үчүн кооптуу. Жогоруда айткандай энергия аз болсо, адам чарчай баштайт. Андай чарчоону уктоо менен гана басууга болот.

Магнийдин жетишсиздигинен улам буттар сайгылашып ооруп же кол менен бут уктап калгандай сезимдер пайда болот. Албетте, бул дагы магнийдин жетишсиздигинен. Эгерде ушундай сезимдер же оорулар болгон болсо сөзсүз доктурга барып текшерилип, магнийди тийиштүү көлөмдө ичиш керек. Анан дагы кээ бир учурларда кол же бут тырышып калат эмеспи. Андай учурда көптөр кальций жетишпей жатат дешет. Жок, магний аз болгондуктан бут же кол тырышат.

Табит жоголот

Магний табитке түздөн-түз таасир этет. Ал аз болгон учурда чарчап, буттар тырышкандан башка, табит тартпай жүрөк айлана баштайт. Анан дагы диарея да болушу мүмкүн.

Жинденүү

Зат алмашуу жакшы жүрбөй калганда жогоруда айткандардан тышкары, ачуусу тез келе баштайт.Эч бир себеби жок эле ачуулана берет. Уйкунун режими да бузулуп, уйкудан ойгонуу оорлошо баштайт.

Эгерде сизде жогорудагы жазылган симптондор бар болсо, доктурга кайрылууңуз керек.

Магнийге бай азыктар

Дан азыктары

Бардык дан азыктарында жана тарууларда башка пайдалуу заттардан башка магний да өтө көп болот. Алардан жасалган ботколор тоюмдуу гана болбостон абдан пайдалуу.

Фасоль, буурчак жана күн карама

Фасолдон жасалган бир табак шорпо бир күндүк магнийдин көлөмү менен камсыз кылат. Фасоль күн карама сыяктуу эле организмге керек болгон фолий кычкылына өтө бай. Ал эми жашыл буурчакта да магнийдин көлөмү көп болот.

Балык

Селдь, скумбрия, треска, камбала жана палтус түшкү тамакка эң мыкты кошумча гана болбостон магний алуунун булагы болуп саналат. Магнийден тышкары балык бир күндүк аминокычкылдыгын берет.

Магний абдан маанилүү болгону менен башка витаминдер жана минералдарды да унутпоо зарыл.  Магний жакшы сиңиш үчүн сергек жашоо образын жүргүзүү керек. Мисалы уктаарда телефонду колго албаш керек.

                                                                                          Самара  САЛАМАТОВА