Жакында биз Жумгалдын Миӊ-Куш айлына жакын жайгашкан Кызыл-Сөөк жайлоосуна барып келдик. Аталган жайлоодо Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин Жумгал райондук башкармалыгынын питомниги жайгашкан. Биз табияттын мына ошол керемет жеринен токой чарба башкармалыгында иштеген Чоро байкеден жалпыбыз суктанып жүргөн карагай жана алардын түрлөрүн кантип өстүрүлөрүн, анын машакатын, көбөйтүү жолдорун сурап билдик.

Белгилей кетсек, Чоро байке шашып сүйлөп жатып, карагайдын тобурчагынан чыккан уруктарды бир күн бою сууга , андан кийин эки саат кадимки марганцовка чылап, анан кийин гана тиге тургандыктарын береги тасмада айтпай, унутуп кеткенин эске салабыз. Ошондой эле, Чоро мырза, бул Кызыл-Сөөктөгү карагайлардын бийиктиги 25 метрден жогору болорун, ал эми эӊ узак жашап жатканы 5 кылымга чейин жетерин кошумчалады.

Чынында көпчүлүгүбүз асман тиреп, ажайып кооз болуп өскөн карагайлардын кантип өсөрүн, аны көбөйтүү жолдорун дээрлик билбейбиз. Тескерисинче, «терисин тескери сыйрып», кыйып, кыркып, пайдаланганды жакшы көрөт эмеспизби. Андыктан, табиятка көрк берген бул ажайып карагайларды көбөйтүп, өстүрүүгө баарыбыз өз аракетибизди жумшайлы.