Кытайдын ийнетерапиясын заманыбыздын шартына ылайык илимий көз карашта изилдөө жолу менен азыр рефлекстик ийне саюу ыкмасы деп атап жүрөбүз. Анткенибиздин себеби, ийне саюу механизминде окумуштуу И. П. Павлов негиздеген рефлекстик теория дал келерин көп жылдык илимий изилдөөлөр тастыктап келет. Деги эле рефлекс деген эмне? Адегенде ушул суроого жооп береличи.

Рефлекс деп  рецепторлордун дүүлүгүүсүнө нерв аркылуу организмдин берген жообун  айтабыз.  Жалпысынан рецепторлордун  дүүлүгүүсү ар түрдүү себептерден болот, биологиялык активдүү чекиттерге ийне сайганда биз атайын дүүлүгүүнү пайда кылабыз. Рефлекс дегенибиз, организмдин ар бир ткандарын, ошондой эле ички органдардын кызматын бири-бирине айкалыштырып, алардын кыймыл-аракетин биргелештирип, организмди айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө көнүктүрүп, организмди жашоо-шартына ылайыкташтырган ары жөнөкөй, ары татаал процесс. Рефлекс негизинен ар бир нерв системасы бар бардык жан-жаныбарларга таандык.  Дегинкисинен рефлекс жөнүндө сөз кылганда биз биринчи кезекте четки нерв системанын касиетин, жүлүндүн жана борбордук нерв системасынын кыймыл-аракетин эске алганыбыз дурус.

            Ошентип биз ийнетерапиянын механизмин тереңирээк түшүндүрө кетсек, организмде 700дөн ашык биологиялык активдүү чекиттер жайгашкан. Бул чекиттерди жогоруда белгилегендей, байыркы кылымдардан бери эле кытай адистери таап, алар чекиттерди бириктирип, 12 каналдык система түзүп, дарылоо жүргүзүп келишкен. Кытайлар ар бир чекитке касиетине жараша ат коюп алышкан.  Бул чекиттердин өзгөчөлүгү 1-10мм2  түзүп, ал жерде нерв талчаларынын учтары (рецепторлор) тыгыз жайгашып, морфологиялык, биофизикалык, биохимиялык өзгөчөлүккө ээ болуп, аталган чекиттерде электропотенциалдын бийиктиги байкалат. Илимий далилдөөлөрдөн ушул чекиттерде кан айлануу дагы, лимфа айлануу дагы көбүрөөк болоорун билебиз. Кытай  чекиттерине  ийне  сайып бурагандан кийин кийин 5 мүнөткө жетпей организмде өзгөрүүлөр байкалып, кандын составындагы  лейкоциттер көбөйүп, клеткалардын ичинде  зат алмашуу жакшырганы аныкталган.

Белгилүү нейрофизиолог Р. А. Дуринян (1965, 1975-жылдары)            жазып калтыргандай, теридеги нерв рецепторлорунан кеткен афференттүү (борборго кетчү) сигналдар биринчи кезекте жүлүндүн арткы бөлүгүнө таасир берип, ал  мээге кетет. Илимий багыттагы татаал процесстерди жеткиликтүү түшүндүргөндө мээге барган таасир кайра эффренттик артка кайтчу жол аркылуу (борбордон органга чейинки) өзүнүн кызматын аткарат. Бул деген мээге жеткен ийненин оорутуу сигналы анализделип, өзүнүн жообун сыртка берет дегендик. Жөнөкөйлөтүп элестетип көрсөңүз, үйдүн эшигин бирөө каккыласа: “Ой,  сен кимсиӊ?” деп реакция кылганга тете организм өзүнүн жообун берет.  1-сүрөт

             Биз рефлекстик ийне саюу жолун кеңири  түшүндүрсөк, ийне сайганда организмде үч этаптык реакция жүрөт.

            1. Жергиликтүү реакция:

            Ийне сайып, бурайлы дейлик. Ошондо сайган жердин өңү өзгөрүп, кызарат, сайган жерде кан айлануу көбөйөт, ошол жер дөмпөйүп шишип, ийне сайган жерде гистамин сыяктуу заттар көбөйөт. Ийне саюучу адис биологиялык активдүү чекиттердеги рецепторлорго тийгенин билиш үчүн ар түрдүү кыймыл кылып, чекитке сайылгандагы керектүү сезимди издей баштайт. Качан гана ток сыяктуу зырп деп кеткенде ийне саюусун токтотот. Эгерде адис тажрыйбалуу болсо, биологиялык активдүү чекитке андай сезимди пайда кылбай эле сайып коюусу ыктымал.

            2. Сегментардык реакция:

            Бул реакция сайгандан баштап, жогоруда айтылган афференттик жол менен (борборго кетүүчү нервдин жолу)  сигналды жүлүнгө жеткирип эле кайра эфференттик (борбордон келүүчү нерв жолу) реакция алат. Мындайда ошол нерв талчалары камсыз кылган  сегменттеги  оору сезими тез басаңдайт.

            3. Жалпы организмдин реакциясы:

            Мындайда организмдеги татаал нейрофизиологияык, нейрогуморалдык реакциялар вегетативдик нерв системасы аркылуу  жүрөт. Муну жакшылап түшүндүрүп айтканда, мээге берилген сигнал анализденип, кайра гипоталамус, гипофизке келет. Гипоталамус болсо, жогорку вегетативдик борбор болуп эсептелип, ал эми гипофизди ички эндокриндик бездердин башкаруучусу деп айтсак болот. Талдап  айтканда, ички эндокриндик бездер гипофиздин буйругусуз өзүнүн ишин алып бара албайт. Улантып айта турган болсок  гипофизден тиреотроптук гормон деген чыгып, калкан безин иштетип турат. Ал эми калкан бези бүт организмдеги зат алмашууну, анын ичинен белок зат алмашуусунун негиздөөчүсү болуп эсептелет.

            Гипофиздин уйку безге кылган таасирин белгилеп айтсак, уйку бези чыгарып турган инсулиндин азайып-көбөйүшүн гипофиз көзөмөлдөп турат. Ал эми инсулин азайса кант диабети оорусу келип чыгары ар бир окурманга маалым болсо керек.

Гипофиздин бөйрөктүн үстүндөгү “ үч бурчтук безге”  кылган таасири өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Мындайда бизге медициналык институттан бери тааныш болуп жүргөн Ганс Сельенин стресс-синдромун кайталап эскерүүгө туура келет. Анткени мээге жеткен ар түрдүү оору сигналы гипофизден адренокортикотроптук гормонду чыгарып, ал болсо “үч бурчтук бездеги” глюкокортикоиддик гормондордун (кортизон) көп чыгуусун камсыз кылат. Кортизон (преднизолон) бүт организмдеги сезгенүүнү кетирүүчү зор касиетке ээ гормон экенин көпчүлүк билсе керек. Грипп менен ооруган адамдын дене табы ысып, дары ичпей эле өзүнөн өзү айыгып кеткенин элестетип көрүңүз. Америкалыктар грипп менен ооругандарды дары бербей эле көбүрөөк суюуктук берип айыктырып жүргөнүн укканым бар. Анткени жалпы иммундук системанын, башкача айтканда, организмдин коргонуу күчүн бөйрөктүн үстүндөгү “үч бурчтук бези” камсыздап турат.  Ошентип глюкокортикоид нормалдуу чыгып турса, организм өзүн өзү айыктыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эми ойлоп көрүңүз, кичинекей ийненин жалпы организмге болуп көрбөгөндөй таасир берип,  глюкокортикоиддик гормондорду чыгарып, органдардын сезгенгенин кетирээрин.

     Дагы бир кызык жери  Г. Сельенин стресс-синдрому боюнча адам кайгырып, капа болгондо мээдеги борбордон келчү сигнал гипофизге таасир берип, анын көзөмөлүндөгү бөйрөктүн үстүндөгү “үч бурчтук без” адреналин чыгара баштайт. Турмуштук  мисалдардан билингендей, өспүрүм балдар органимздеги адренлинди чыгарып, ошол нервдин чыңалуусунан рахат алуу үчүн парашют менен бийиктиктен секирип же лыжа менен карлуу тоодон кубанычтуу түшүп жүрүшпөйбү. Аларга го адреналин көбөйгөнү жакшы деңизчи.

   Ал эми жашы ортолоп калгандарга адреналиндин көбөйүшү тескери таасир берип, кан басымын жогорулатып жиберет. Ошон үчүн ийнерефлекстик терапиянын дагы бир касиети-организмдеги адреналинди жөнгө салып турганында. Ал эми гипофиздин жыныстык репродуктивдүү бездерге болгон таасирин (аял-эркектин жыныс бездери) турмуштук тажрыйбамда көп эле көрүп жүрөм.  Мен билгенден төрөбөгөн келиндердин  ийне-рефлекс курсунан кийин төрөп калганын, дарыланган  бейтаптар өзгөчө сөз кылып, сый-урмат менен айтып жүрүшөт.

Буга  мисал келтирсем, 1995-жылы Токмок шаарында иштеп жүргөндө бир келин кайрылып, күйөөсү менен жети жыл жашап, төрөбөстүк маселеси боюнча аны менен ажырашуу алдында турганын айтып, ийнетерапиясын алган эле. Андан алты жыл өткөндөн кийин кайра Токмок шаарына барган иш сапарымда ал келин бир кыз, бир уулун ээрчитип келип, тамашалап: “Сиз дарылагандан кийин төрөлгөн балдар” деп белек-бечкегин берип, көпкө чейин ыраазычылыгын билдирип, кубанычы койнуна батпай кеткен. Мындай мисалдар көп эле болду. Бир чети илимге негизделген далилдеме болбогону менен мындайды жогоркудай гипофиздин  жыныстык бездерге кылган таасири менен түшүндүрсөк болот.

Ал эми жигиттер жөнүндө айтсак, Кочкордон келген бир жигиттин үйлөнгөнүнө көп эле болуп, спермограммасындагы   кемчиликтерди айыктырууга мүмкүн болбогонун айтып, арман кылып, жыныстык бези анча өспөгөнүн  өз көзүм менен көргөн жайым бар эле. Бизден дарыланып, 3-4  дарылоо курсунан өткөндөн кийин,  телефон аркылуу балалуу болгонун кубанычтуу билдирип, кийин келип кеткен.

Мен  ийнетерапиясын үйрөнгөндөн баштап кытайлардын ийне менен дененин мерчемдүү тканын наркоз кылып, операция  учурунда оорусун жок кылып коёрун  угуп, билип, кызыгып жүрчүмүн.

Эми  белгилеп айтчу бир аз сөз ийнеальгезия жөнүндө болмокчу. Мындай абалды талдай турган болсок ийнеанальгезия учурунда  органимзде эндорфин деген (ички морфин) гормон чыгып турарын, ийне сайып улам бурай берген  сайын, ошол жерде нейромедиаторлор норадреналин, серотонин, ацетилхолин дегендер көбөйүп, эндорфиндин дагы органимздеги өлчөмү өсөрүн илимий эмгектерден билебиз.

Россиянын борбордук клиникаларында, кытай өлкөсүндө деле наркоздук дары-дармектер жакпай, аллергия пайда болгон кезде ийнеанальгизиялык ыкмалар колдонулуп, операциялар жасалып жүрөт.

Жыйынтыктап келгенде байыркы кытайдын дабагерлери ушундай ары жөнөкөй, ары татаал ыкманы таап, анын натыйжаларын тажрыйбабыздан көрүп, баамдаган сайын, ошол кытай дабагерлерге алкыш айткандан артык сөз таба албайбыз.

       Бекбоев Темирбек, невролог,  чыгыш медицинасы боюнча адис дабагер.