Желкедеги уюп калган туздарды омуртканын моюндагы остеохондрозу дешет. Моюн омурткалары организмдин маанилүү органы болгондуктан анын ишинин бузулушу организмди катуу жабыркатат. Моюн кан тамырлардын жана нервдин эң маанилүү жери, ал жактан моюн, бет, баш сөөктөрдүн ткандары тамактанат. Эгер моюндагы туздар көбөйүп кетсе, баш оору, булчуңдардын алсыз болушу, тез чарчоо пайда болот. Андан сырткары туз көбөйүп отуруп, моюндун арты дөмпөйүп келбеттин бузулушуна алып келет.  

 Туздан арылуу үчүн:

— картошка;

— бал;

— пихта майы керектелет.

Моюнга компресс коёсуз. Ал үчүн картошканы кыргычтан өткөрүп бал менен аралаштырасыз. Картошка канча көлөмдө болсо, бал да ошондой көлөмдө болуусу шарт. Даяр болгон аралашманы туз уюган жерге 2 саатка байлап коёсуз. 2 саат өткөн соң, байланганды чечип, компрессти алып таза чүпүрөк менен аарчыйсыз дагы пихта майын сүйкөп коёсуз. Мындай процедураны 7-10 жолу жасагандан кийин желкеңиздеги дөмпөйгөн туздар кетет.

Бет үчүн гепарин майынан өткөн маска жок

Учурда бетти агартуучу, жашартуучу, бырыштардан арылтуучу деги койчу масканын түрү көп. Түрүнө жараша баалары да асманды чапчыйт. Кыз-келиндер дайыма жаш болгусу келет эмеспи. Эмесе арзан баада жана кайсы гана дарыкана болбосун оңой табыла турган гепарин майы туурасында сөз кылмакчыбыз.

Гепарин майы бет терисин эң мыкты абалга алып келе алат. Бул май кымбат эмес, коопсуз жана өтө эффективдүү болгондуктан, муну эркектер да колдонсо болот. Айрыкча эрте карып баратам дегендер, бетине маска сыяктуу кылып тартышса болот.

Медицинада бул препарат кан тамырларды жакшыртуу үчүн колдонулат. Ал антикоагулянт. Анын эң негизги функциясы-канды суюлтуу, шишикти жоюу, тромбдорду жок кылуу. 

Аталган май аллергия кылбайт жана терини тез жашартат. Бул майды такай сүйкөп бет териңизди тарттырбай, пластика кылдырбай койсоңуз болот. Теринин өңүн дагы тез жакшыртуучу касиетке ээ.

Аны бир сүйкөгөндө эле натыйжасын байкоого болот. 2-3 жума колдонгондо бетиңизге пластикалык операция жасаткандай эле жыйынтыкка ээ боло аласыз. Бирок, жогоруда айткандай гепарин кандын суюлушун камсыздап коюлушун начарлатат. Ошондуктан кан оорусу барлар этияттап колдонгону жакшы.

Кантип колдонуу керек?

Майды косметикалык каражат катары колдоноордон мурда анын организмге болгон реакциясын текшерип алган туура болот. Ан үчүн майды билекке сүйкөп аласыз. Бир күн аралыгында анын реакциясына көз жүгүртөсүз. Эгерде сүйкөгөн жерде кызаруу же кычышуу пайда болсо, майды сүйкөбөй эле койгонуңуз дурус. Андай болбосо, косметикалык каражат катары колдоно берсеңиз болот. Майды өтө көп сүйкөгөнгө болбойт. Күнүнө 1-2 жолу гана коёсуз.

Безетки үчүн

Безеткини кетирүү үчүн бери дегенде 10 күн керектелет. Ал үчүн майды сүйкө-өрдөн мурун бетти спирттин аралашмасы менен тазалап алуу оң. Көптөр безеткилерден арлыгандан кийин бетинде тырыктар, тактар калып калгандыгын айтышат.Бирок, гемаприн майы андай тактарды калтырбайт.

Көгөргөндү кетирет

Эгерде бутуңуз бир нерсеге тийип көгөрүп калса, ал жерге гепарин майын сүйкөсөңүз кетирет. Уюган кандын көлөмүнө жараша 5 күндөн 10 күнгө чейин сүйкөйсүз. Анан дагы көгөргөн жердин ооруксунуусун басат. Баса, гепарин майын сүйкөп жаткан учурда аспирин сыяктуу кан тамырларды кеңейтүүчү дарыларды ичүүгө болбойт.

Помидордон агартуучу маска

Учурда помидор бышып, баасы арзандап калган учур эмеспи. Эгерде сиздин жашылчага аллергияңыз жок болсо, помидордон агартуучу маска жасасаңыз болот. Анын үстүнө помидор маскасы тез агартуучу касиетке ээ. Ал үчүн помидорду кесип алып таза жуулган бетке 20 мүнөт коёсуз. Андан кийин жылуу суу менен жууп, бетти жумшартуучу крем сүйкөйсүз. Мындай процедураны жумасына 1 жолу жасаганда жакшы натыйжа берет.  

Сепкилдерге каршы

Сепкилдерди жана башка тактарды кетирүүгө помидор менен сүттүн аралашмасынан маска жасасаңыз эффективдүү болот. 1 орто помидорду эзип бир аш кашык сүт менен аралаштырасыз. Аралашманы таза жуулган бетке 20 мүнөттөй коюп анан жууп саласыз. Мындай масканы жумасына 2-3 жолу кайталоо менен 1-2 айда тактардан арылууга болот.       

   Самара САЛАМАТОВА