Эйфория жана эскилердин жолу менен…

 Аскар Акаевдин 15 жылга созулган авторитардык бийлигинин түбүнө  анын аялы Майрам Акаева, баласы Айдар Акаев, кызы Бермет Акаева жеткен. Ал эми Курманбек Бакиевдин 5 жылга жеткен бийлигинин түбүнө анын үй-бүлөсү, тактап айтканда иниси Жаныш Бакаев, балдары Максим, Марат Бакиевдер жеткен. 2010-жылдан кийин Атамбаевдин да бийлигин көрдүк. Олку-солку, алдыга, артка кеткен кадамдары менен 6 жылдык президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин чыга алды. Жаман да, жакшы да иштердин автору болду. Бирок Атамбаевдин өзү өтө ишенген атка минерлери  Атамбаевге да, элге да жакшылык каалашкан жок. Өздөрүн гана ойлоп, өлкөнүн  канын сүлүк курттай соргондору көп болду. Айрымдары азыр  араандай ачылган “аппетиттин” азабын тартып абакта жатышат. Чынында Атамбаев  ажо учурунда алардын кыянаттык иштерин  билип турса да, билмексенге салгандай түр көрсөтүп туруп алды. Акыры андай кайдыгерликтин  баары минтип өз башына чокмордой тийе баштады. Аларга “баш оорутмайы” аз келгенсип, мураскерди “не удачный” тандап алганын айтып, дубалга башын ургулап, өкүнүп турат. Бул башталышы эле болуп тургансыйт.  Алдыда аны дагы да оор күндөр, оор сыноолор күтүп турганы ачыктала баштады.  Себеби, аны камакка алуу аракеттери көрүлүп жатканы бул айтылгандарга далил болуп берет десек болчудай.

  Атамбаевдин мураскери  болгон Сооронбай Жээнбековдун бийлик башына келгенине 1 жыл 7 ай болуп калды. Бирок ал ажо катары ушул мезгилдин ичинде Кыргыз мамлекети үчүн кандай иштерди жасады? Деги эле анын аракеттеринен мамлекетке пайда болуп жатабы? Же өзүнөн мурунку ажолордун каталарын кайталап, бийликтин кумарына батып, эйфориядан чыга албай турабы? Кептин баары мына ушул маселеде. Анткени, Жээнбеков президенттик кызматка эмес, премьер-министрлик кызматка келген учурда: “Бул кызмат менин түшүмө да кирген эмес эле”- деген  “улуу” сөзүн айтып, Атамбаевди укмуш касиеттүү, көрөгөч  киши катары алкаганын эч ким унута элек. Анан дагынкысы дагы болду. Ошентип Жээнбеков Атамбаевдин “ахалай-махалай” сыйкыры менен премьерлик кызматтан  түз эле, президенттик креслого отуруп калды. Анан эйфорияга ал батпаганда, ким батат? Эйфория абалынан чыгуу да оңойго турбай, өзүн мыкты жетекчи, дасыккан саясатчы катары көрсөтө албай чайналып жатканы айныксыз чындыкка айланды. 

Президент болгондо жер-сууга батпай кубанган Жээнбековдун биринчи жарлыгы Атамбаевге КРнын Баатыры наамын берүү болду. Жарлыктын жарыяланганына  бир жарым жылдан ашса да, жарым-жартылай эле ишке ашып, калганы “муз” болуп, тоңдурулуп турат. Кыскасы, Атамбаев бир жарым жыл мурун  Жээнбековдун Кудайдан кийинки эле ыйык кишиси болсо, азыр шайтандан кийинки эле эң чоң душманы болуп турат. Буга Атамбаевдин да адыраңдап кетмейлери себеп болуп жатканы байкалат…

    Жети баштуу желмогузбу?

  Коомчулукта алгач  Сооронбай Шариповичти сопу, таза адам деп мактагандар ого эле көп болду. Эмичи? Барган сайын антип мактагандардын саны да азайып, элдин ишеними төмөндөп  баратат.  Сооронбай Жээнбеков өзүн тазалыкка басым жасаган адам катары көрсөткүсү келгени менен, айлана – тегерегине таза эмес, элге жек көрүнгөн жексурларды топтоп алып, аларды ачыктан-ачык коргоп жатат. Кимди коргоп, кимди аппакай кылып жатканын баарыбыз жакшы билебиз. Ажонун түз коргоосуна алынган, ажого таасири өтмө катары өтүп кеткен адамдын каймана аты РАИММИЛЛИОН болсо, азыр РАИММИЛЛИАРД болду.

Чын эле ал РАИММИЛЛИАРД жалгыз эмес, мамлекеттин ар тармагында “майлуу” кызматтарда олтурган агасы, ЖК  депутаты Искендер Матраимов, иниси Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана да бизнесте, башка кызматта жүргөн бир туугандары жана өзүнө кошомат кылгандары болсо миңдеп саналат.

  Мына ушул “саясый фигураңар” кудум эле жомоктогу жети баштуу желмогуздун образын даана элестетип турат. Элестетмек турсун, биздин жашоодо реалдуулука айланып бараткансыйт. Жомокту окугандар жакшы билет. Жети баштуу желмогуз алдына чыккандардын баарын эки чайнап, бир жутуп кете берет. Анан ага каршы чыккандар бир башын кыя чапса, кайра эле кыйылган баштын ордуна жаңы баш өсүп чыгат. Кызы талак, иттики десе… Андай желмогуздун жети башын бирден  кыя чабат дегендердин баары, ага “аюу кызматын” өтөп калышты.

 Жер-сууга батпай, саясат айдыңында алдынан чыккандарды, каяша кылгандарды, тузакка тарткысы келгендерди, кичине эле “ответ” бергендердин баарын ошол жети баштуу желмогуз  бир заматта жемге айлантты. Ага жем болгусу келбеген, элин ойлобогон эргулдар  өздөрүнөн башкаларды тамак катары салып берүү аракетин көрүп, жагынып, шыйпаңдап турушат. Азыркынын  “жомогу” ушинтип уланып жатат…

Бул каарман кааласа, Кара-Сууга сасык саясатчыларды үйүрү менен айдап барат. Кааласа, өңгөнү кой өзүн спикердин, вицелердин, өкмөт башчынын, ал тургай ажонун оозу менен өлөрчө мактатат.  Укуругу узун деген укук коргоочуларыңды “оптомунан” уктатып салат.

Бир сөз менен айтканда, кыргыз саясатындагы дээрлик саясатчылар, атка минерлер анын колунда. Президент баш болуп, калкалап жатса, башкаларга не кеп айтмакпыз.  Болбосо, Кыргызстанда желмогузуң жебеген  миллиондор, миллиарддар деле калбай, казына какшып бараткансыйт. Какшыбаса, ушунча убакыттан бери очорулган экономикабыз, кичине болсо да бой көтөрбөйт беле. Жыйынтыктап айтканда, Жээнбеков президент катары Кыргызстанды, же болбосо ушул РАИММИЛЛИАРды биротоло тандашы керек. Ооба, РАИММИЛЛИАРДдын Жээнбековго эмгеги укмуш өткөн деп айтып жатышат. Өтсө, ал эмгеги өзү үчүн, өлкө үчүн эмес. Демек, ажо жеке кызыкчылыктын курмандыгына айланбашы зарыл. РАИММИЛЛИАРД  кыргыз саясатында бул темп менен жүрүш жасап олтурса, акыры ажонун өзүн деле жутуп- жеп койбойт деп ким кепилдик берет. Албетте, эч ким кепилдик бере албайт. Жээнбеков Акаевдин, Бакиевдин түбүнө кимдер жеткенин, кыргыз эли мынчалык кордукка чыдабай турганын эзели унутпашы абзел. Болбосо, боло келчү төңкөрүш дейбизби, революция дейбизби, айтор дагы да болуп кетет. Эски бийликтин тушундагы  жети баштуу желмогуздардын башын карапайым эл өзү кыя чаап келген. Бул ирет да калк кылычын кынынан сууруганга аз калды…

                                                                                        Эраалы ЭРЖИГИТОВ

Булак: Багыт