Кыргыз мушкери Валентина Шевченко америкалык мушкер Жессика Айды нокаут менен утуп, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргоп калды. Бул туурасында
UFCтин расмий Instagram баракчасында айтылат.

Беттеш АКШнын Чикаго шаарында 8-июнда UFC 238 турниринин алкагында болду.

https://twitter.com/rjsharkey96/status/1137575361234030592

 Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болгон.

Быйыл 8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков аны «Даңк» ордени менен сыйлаган.