Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү журналист кыздан кечирим сурап, кызматтан кетиши керек деген талапты журналисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, облус башчысы Туйгуналы Абдраимовду айыптап жатышат. Маалым болгондой кечээ күнү ал Сокулуктагы окуяны чагылдыруу үчүн барган журналист кыздардын бирине орой мамиле кылып, “Сиздин жүзүңүз мага жакпай турат” деп какшыктаганы себеп болгон.

Туй мырзанын бул жоругу соцсеттерде катуу сынга алынууда.

https://www.facebook.com/profile.php?id=100001096089012&__tn__=%2CdC-R-R&eid=ARBhcthN8CLZBPhMX390NtwQk1vD8gk7uv59pili5fGo_tbUI91SlkPe8lUNmjonnbhbZag9SV6KRFNg&hc_ref=ARRpAbkuDG2ljRpS2itS6LKMvKg7cMS2vztjaXyDXgEe4i4enYG4Phigad-oKhGgr08&fref=nf