Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕАБ) мааракелик жыйынына катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Нур-Султанга (Астанага) барып келди.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев 28-майда, Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кол коюунун 5 жылдыгына карата жана ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду «Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти — Эл башы Нурсултан Назарбаев» ордени менен сыйлады. Кусаматчылык жок. Брежневдик сый ургал, далыдан таптоо, кучакташуу эски өнөкөт менен өз күчүндө.

Дайым эле бирок деген күдүк суроо пайда болот. Бул протоколдук гана сый ургал дейли десек, анда биздин президентти казак тарап сыйлабастык, тоотпостук. Жок, мамлекеттер аралык достуктун эң чоң үлгүсү дейли десек… Дал ушул Сооронбай Жээнбеков үчүн казак-кыргыз чек арасы 2017-жылы эки айга жабылып, миңдеген ишкерлер күйүп кеткен. Дал ушул биздин президент үчүн ал кездеги мамлекет башчыларынын мамилеси бузулуп, эки өлкө эки ача пикирге кептелген. Соода экономика токтогон. Ошонун натыйжасында Бабанов өлкөгө кире албай алаңдап качып жүрөт. Же калппы?

Албетте, казак-кыргыз мамилесине, өзгөчө экономикалык алака-катышына кымындай шек келтиргибиз келбейт. Ал тургай өнүгүп-өсүшүн каалайбыз. Тилекке каршы, бүгүнкү реалдуулук эки өлкө башчылары кучакташып, Назарбаев биздин президентке орден бере турган абалда эмес экенин эл жакшы билиши керек. Казак-кыргыз чек арасында биздин дыйкандар өндүргөн айыл чарба продукциялары казак тараптын кысымы менен күн эмес, саат сайын күйүп жатат. Каалашса чек араны жабат, кааласа ачышат. ЕАЭБдин келишимдери эч жерде каралбай калды. Кытай-кыргыз чек арасын толук көзөмөлгө алып, ЕАЭБдин алкагында текшерүү жүргүзүү далалаты – бул Казакстандын биздин мамлекеттин эркиндигине болгон чоң шек келтирүүсү. Муну биздин азыркы бийлик толук моюнга алышы керек.

Мамлекеттер аралык достук, мамиле деп добуул коюшат. Назарбаев болсо «Кыргызды менчелик эч бир казак билбейт» – деп мактанып отурат. Ооба, Назарбаевчелик эч бир казак кыргызды билбейт. Ага кошумча, эч бир казак кыргызды Назарбаевчелик эзген эмес. Сөз маанисин тереңдетип бузбайлы жана акыйкат сөздү айтканда Назарбаевдин кыргыз санжырасы, адабияты, “Манасы”, төкмөлүк өнөрү, авазы тууралуу маалыматы көп. Айрым кыргыздарга караганда алда канча кыйын билет. Чыңгыз Айтматов, Эстебес Турсуналиевдерге болгон сый-урматы өзүнчө эле. Тилекке каршы, дал ушул Назарбаевдик бийлик башында турган клан Кыргызстандын өсүп-өнүшүн эч качан каалабайт жана каалаган эмес. Анткени Кыргызстан өнүгүп-өсүп кетсе, биздеги саясий процесстер ал жакка барса Назарбаевдик клан түп орду менен жоголот. Дал ушул өңүттө алар биздин өнүгүп-өсүүбүзгө дайым кызыкдар эмес.

Бир эле мисал. ЕАЭБдин алкагында курулуучу фито-санитардык лаборатория курууга төрт мамлекеттер аралык келишим боюнча 100 миллион доллар бериши керек эле. Али күнчө ал маселе туюк. Дал ошонун капшабынан дыйкандар чек арадан өтө албай бетке чиркөө болуп жатат. Алар болсо  биздин президенттерибизди далыга таптап мактап, «коңшубуз, тууганбыз» деп коюп кымбат көмүрлөрүн сатып келет. Буудай азыктарын дүйнөлүк рынок баасы менен берет да, бизден алчу табигый ресурстарга келгенде эле «тууган, коңшу» болуп чыга келишет.

Биздин чоңдор алар берген чүпүрөк-чапыракка мактанып, өпкөлөрүн көтөрө албай кыйраттык деп кайтышат. Биздин мамлекеттик жетекчилик орденден мурун, дал ошол ЕАЭБдин беш жылдыгына карата болгон жалпы жыйында дал ушул чек ара маселесин, эки өлкө ортосундагы соода-сатык алакаларын, табигый ресурстарды пайдалануу маселесин ачык алып чыгышы керек эле. Жок эле дегенде Казакстандан компенсация катары преференцияларды сурап, 2023-жылга чейин Кыргызстан реэкспорттун көлөмүн кармап турууну макулдашса бали дейт элек. Болбосо бир чүпүрөк тагынып келгенге мактанып отура берсек анда биз эч качан алдыга жылбайбыз.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу