Бажы кызматынын мурунку төрагасы Азамат Сулаймановдун РАИММИЛЛИОНду ачык эле коргоп чыккандыгы байкалды. Ал Елдик медига «Азаттык» иликтеп чыккан РАИММИЛЛИОНдун миллиондору тууралуу буларды айткан.

-Бул айлантылган акча каражаттарынын бир гана бөлүгү, анткени Кытай менен товар айлантуу 2 млрд доллардан ашты расмий түрдө. Акча Орусия, Өзбекстан, Казакстан тарапка, ишкерлер кайсы өлкө жакка соода-сатык жүргүзсө, ошол тараптарга которулуп кетет. Бул рыноктук мамиле жана жашыруун эч нерсеси жок. Бул жакта суроо туулуп атат, эмне себептен которулган акчалар бир гана адамдын аты аркылуу болуп жатат деген. Мунун жообу эң жөнөкөй. Импорт тарабында миң адам иштесе ар бири 10 миң, 15 миң доллардан акча которуу кымбат да болот, убакытты да алат. Ошондуктан булар кооперация болуп биригип, акчаны которууга аракет кылышат. Бул илгертен берки эле келе жаткан тажрыйба. Мындан тышкары, бизде валюталык көзөмөл жок, ошондуктан акча эркин жүгүртүлөт, муну туура деп эсептейм.

Сулаймановдун бул пикри канчалык деңгээлде туура. Же өзү ошол кезде Бажы кызматын жетектегени үчүн сөз тийбесин да, болбогон бир кептип айтып жатабы? Бул жагы туурабы, же туура эмеспи, аны эл өзү таразалап алар. Айтор, РАИММИЛЛИОН да абийири ачылгандан баштап, өзүн актоо аракетин көрүп, ар кандай шылтоо кептерди бирөөлөрдүн оозу менен айтырып жаткандай…