Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовго «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Аа карата козголгон кылмыш иши Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган.

Белгилүү болгондой, бир топ убакыттан бери РАИММИЛЛИОНдун мүлкүн текшерүү иштери жүрүп жатат. Бирок бул иш эч эле алдыга жылбай, качан аяктары азырынча белгисиз болуп турат.