—Жумакадыр мырза, бул кызматта иштегениӊизге канча убакыт болду?

   —Мен бул кызматка өткөн жылдын август айында  дайындалдым. Ошол кезде Көчмөндөр оюндарына кызуу даярдык жүрүп жаткан эле. Августтун орто ченинен  баштап  Кырчынга көчө баштадык.  Ал жактан келгенден кийин  Кочкорго Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракесине бардык. Өзүӊөр билгендей ал мааракени эл суктангыдай кылып жакшы өткөрүп алдык.  Мен бул жерге келгенде чындыгында буга чейин да  бир топ жакшы иштер болуп жаткан экен. Республикадагы чоӊ-чоӊ маданий иш-чаранын баарын негизи улуттук маданий борбор өткөрөт эмеспи. Бирок бизде техникалык жактан кызмат көрсөтүү көӊүл кубантарлык эмес болчу. Анан өзүбүздүн каражаттан үнөмдөп компьютер-принтер, эмеректерибизди жаңырттык.  Биздин эки бөлүм Китеп Палатасында экен.  Аларды эптеп бул жакка көчүрүп келдик.   Бул жерде кээ бир кызматкерлерибизден  чындыгында ишке кайдыгер мамиле жасагандар да бар экен.

—Андайлардын эсебин кантип таап жатасыз?

—Бизде жалпысынан 45 адам иштейт. Бүгүнкү күндө өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жасаган 15тей адамды соттошуп отуруп жумуштан кетирүүгө туура келди. Алардын ордуна жаӊы кызматкерлерди алдым. Бүгүнкү күндө Кудай буйруса кызматка жаштардан көбүрөөк алдык. Иште кээде сутка бою иштеп калган учурлар кездешет. Мисалы, Таласта Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын өткөргөндө аппаратураларыбыз менен көчүп бардык. Аз күн мурун  Ош Түрк дүйнөсүнүн борбору болбодубу. Ошондо мен ал жакта 20 күндөй жүрдүм. Чынында бизде кызматкерлерибиздин айлыктары аз. Орточо айлык акысы 6500 сомдон жогору. Ошого карабай, маданият үчүн кайдыгер болбой, бар күчүн, өмүрүн арнап иштеп жатышат.

  ——Жылына иш-пландын негизинде мамлекеттик масштабдагы канча маараке өткөрүлөт?

—Мамлекеттик деӊгээлдеги өткөрүлө турган иш-чарага бизге Өкмөттөн буйрук келет. Биз кээде иш-чараларды жетишерлик деӊгээлде өткөрө албай калабыз. Анткени каражатыбыз жетишпей калышы мүмкүн. Мисалы, былтыр Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгы  мамлекеттик деӊгээлде деп өткөрүлөө турган болсо да  акча каражаты которулган эмес. Мисалы үчүн, биз  ошондо Кыргыз драм театрын өзүбүз алып, аппаратураларды өзүбүз алып барып коюп, ал киши менен жердеш ырчыларыды бүт бекер алып барып өткөрдүк. Айрым иш-чараларда кээ бир ырчыларды чакырсаӊ, күйбөгөн  жерди күйгүзүп  “Мен 1000 долларга барчу элем. Силерге 700 долларга барып берейин” дешет. Бул эми уят да…

—Өткөн жылы мамлекеттик чоӊ иш-чараларга канча каражат сарпталды?

—Канча кеткени эсимде жок… Сагымбай Орозбаковго 3 млн. сом кетти. Көчмөндөр оюндарына канча каражат кеткенин билбейм. Айтматовдун мааракесине бир топ каражат кетти. Мурун иш-чараларга 100миӊден бөлүнчү. Азыр андай каражат берилбей калды. Бул эми казынанын тартыштыгына байланыштуу болуп жатат. Негизи 100, 150 жылдык мааракелерге бөлүнчү. Былтыр куудул Күмөндөр Абыловдун 60 жылдыгы мамлекеттик деӊгээлде белгиленбедиби. Күмөндөр байке эгер концерт коё турган болсо 50-60 миӊ сом төлөмөк да. Ал эми мамлекеттик деӊгээлде болгондон кийин биз кат жазып жиберсек буйрук чыкканда жеӊилдик болуп жатпайбы. Биз маараке өткөрүүгө маданий жайларды алып бергенден тышкары залды көрүүчүлөргө да толтуруп беребиз. Быйылкы жылы мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин, залкар актриса Даркүл Күйүкованын 100, белгилүү композитор Калый Молдобасановдун 90 жылдык мааракелери өткөрүлөт.   

Негизи жаңылбасам, өткөн жылы маданий иш-чараларга жалпысынан былтыр 50 миллион сом бөлүнгөн. Быйыл 26 миллион сом эле каралды. Бул акча аз. Мисалы, жакында биз Ошто 7 жерде көп багыттар боюнча өткөргөн иш-чарабыз 40 миллион сомдук иш-чара болду. Бирок андай акча жок да. Эптеп, чамабызга жараша иш кылып келатабыз. 

—Мамлекеттик сыйлык-наамдарды жөн эле коёлу. Маданият министрлигине караштуу Ардак грамоталардын, “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белгилердин  жеӊ ичинен  өӊ-тааныштарга ылгабай берилип келгени буга чейин эле айтылып келген эле. Бул боюнча эмне дейсиз?     

—Бүгүнкү күнгө чейин андай  наам-сыйлыктар сатылып келиптир. Эми саткандарды колунан кармап алган киши жок. Бирок ошондой нерселерди угуп мораторий кылып койдук. Мисалы, мен өткөн жылы  өзүмдүн эки мыкты  кызматкериме наам алып бере алган жокмун. Министрликтин эле Ардак грамотасын алып бердим. 

—Маданият тармагындагы коррупция боюнча маалыматтарды жакшы эле билебиз.   Анан ушул орун  “маданият министрлигинин ичиндеги министрлик болуп калгандыктан бул жерди өзүнчө  “кормушка” кылып алышкан” деп айтылып келет.  Бул сөздөр  жөн эле айтылган эмес да…

—Ошондой сөздөрдү биз да угуп, ЖМКлардан окуп жүрдүк. Бекер жерден эле кеп чыккан деп, анын баарын четке кагып салуу бир аз туура эмес болуп калаар. Бирок мурунку иштегендерди азыр андай эле, мындай эле, бул ишти жасаптыр, ал ишти жасабай коюптур деп айтуу мага туура келбейт. Баарына эл жана мезгил тараза болот. Ким жаман иштесе, анын иштери деле оңой менен көмүскөдө калбастыр. Жакшы иштегендер деле айтылат. Чынын айтканда, бул кызматка акча көп бөлүнөт деп ойлошуп, ордумду талашкандар көп.

Буга чейин деле маданиятка кызмат кылып келгем. Мындан кийин деле кылабыз. Кимдер талашып жатканын ачык айта албайм… Бирок бүгүнкү күндө “булар жеп-ичип атат” деп жаманатты кылып бул орунду алганга аракет кылып жатышат. Чындыгында бул жерде иш алып баруу өтө кыйын. Кээде иш үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун мааракесин өткөргөндө Өкмөттөн каражат кеч бөлүндү. Мааракеге чейин ишти жүргүзүш керек эле. Ишти жүргүзүш үчүн тиешелүү каражаттар өз учурунда керектелет да. Иштин кызыкчылыгы үчүн бирөөлөргө карыз болгонго туура келди. “Сагымбай атабыздын арбагы ыраазы болсун” деп баарыбыз аракет кылган үчүн маараке жогорку деӊгээлде белгиленди.

       —Улуттук маданий борбор түзүлгөнүнө канча жыл  болду? 

—Тарыхын карап көрсөм 80 жыл болот экен. Негизи бул эл чыгармачылыгы менен иштеп келе жаткан борбор катары эсептелет. 1928-жылдан баштап эле улуттук борбор иштегендиктен жер-жерлерде хорлор, фольклордук топтор уюштурулган экен. Анан 1939-жылы Москвада өткөн декада эмнеге бүгүнкү күнгө чейин айтылып келатат? 1936-жылдан баштап 1939-жылга чейин 16 миӊ адамдын таланты текшерилиптир. Сталиндин маданиятка кошкон салымы аябай чоӊ да. Ошол убакта Ыбырай Туманов, Молдобасан Мусулманкулов, Карамолдо Орозов, Атай Огонбаев, Муса Баетов, Жумамүдүн Шералиев, Шаршен Термечиков сыяктуулардун баары толугу менен декадага даярдалыптыр. Алардан да күчтүү адамдар болгон экен. Бирок алардын кээ бирөө үй-бүлөлүк шартына байланыштуу декадага катыша албай калган экен.

Эмки жылы Улуу Ата-Мекендик согуштун бүткөнүнө 75 жыл болот. Биз да ал датага эмитен даярдык көрүп жатабыз. Бир ишти айта кетейин, согушка катышкан, согуш мезгилинде тылда кызмат кылышкна бардык маданият өкүлдөрүн ( жалпы багыттары боюнча) топтоп, бир эскерүү китеп чыгарсакпы деп ниет кылып жатабыз.

  Маектешкен: Айбек Шамшыкеев