Иш-чарага ЖАМКтын 475 кызматкери менен 15 кызматтык ит тартылган.

4-май күнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) сөз болуп жаткан түрмөдө тинтүү иштерин жүргүзгөн. Тинтүү учурунда 30 чөнтөк телефону, аларды дүрмөттөөчү жабдыктар, 12 кулакчын, 15 сим-карта табылган. Мындан тышкары 1 литр брага, 1 литр бензин, колго жасалган жылытуучу мештер, элүүдөн ашуун бычак жана эки темир сейф алынган.
Бул тууралуу маалымат ЖАМКтан билдиришти.

Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында жайгашкан №3 түрмө катаал режимдеги жаза өтөөчү жай болуп саналат.