Азыркы биздин илим-техниканын өсүп-өнүккөн учурунда врачтардын диагностика коюу ыкмасы бизге чейинки дабагерлерден бир топ айырмаланып калды десем жаңылышпайм. Дегеле врачтардын бейтапты кабыл алуу ыкмасы, сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү мезгилдин талабына байланыштуу мурдагыдай кененирээк болбой калды. Анткенибиздин себеби азыркы биздин тажрыйбада колдонулуп жүргөн диагностикалык мүмкүнчүлүктөр өтө кеңейип, анын ичинен маалымат алуу жөндөмү бөлөк багытка багытталып, азыркы врачтарыбыз анализге көбүрөөк жиберүүгө  ыңгайлашып калгандай  сезилет. Кээ бир врачтарга кайрылсаң эле биохимиялык,  бактериологиялык деп кандын, зааранын, заңдын, шилекейдин, ашказан согу сыяктуу  ар түрдүү анализдерге жибере беришет. Бейтаптардын акча төлөө мүмкүнчүлүктөрү барбы-жокпу, же оорулуунун диагнозу ошондой анализдерди талап кылабы, айрым биздин кесиптештерибиздин андай маселе менен иши жоктой туюлат.

             Заманыбыздын жетишкенине ылайык, электрокардиография, ультра үн диагностикасы, рентген изилдөөсү, фонокардиография, электроэнцефалография, эзофагогастроскопия, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография ж.б.у.с. изилдөөлөргө врачтар таянып алышып, өзүнүн негизги функциясын, башкача айтканда, ооруну клиникалык изилдөө ыкмасын кеңири колдонууну унутуп калганбы деп ойлойсуң.

            Улуу агай-эжейлерибиз биздин мээбизге куйган “Эгерде оорулуу врачка кайрылганда өзүн жеңил сезбесе, ал врач эмес” деген улуу академик В. М. Бехтеревдин сөзү азыркы мезгилде актуалдуугун жоготуп койдубу деген ой аргасыз эске келет. Биздин биринчи катардагы дабагерлерибиз, үй-бүлөлүк врачтар көбүнчө оорулуу менен алектенбей, жазма ишине алаксышып, бейтапты анализдерге жөнөтө бергени коомчулукта көп талкууну жаратып, нааразычылыкты туудуруп келет. Аргасыздан айта турган сөз, кээ бир кесиптештерибиздин кабылдамасында болгондо көңүлсүнбөй кабыл алганы, көрмөксөн болуп, бейтаптын ден-соолугун баамдабаганы айланы алты кетирет.

Мен өзүмдүн эле эсимдеги  мисалды айтсам, студенттик мезгилде бир жолу жүрөгүмдүн ооруганынан врач-невролог адисине кайрылганым бар. Эртеден кечке кезерип кезек күтүп, араң кирсем, жашы өтүп калган дабагер мени көңүл коюп көрмөк турсун, чарчаганынанбы, айтор өңүмдү дагы карагысы келген жок. Шыпты караган бойдон сөзүмдү уккансып туруп: “Сенин ооруң кардионевроз” деп ооз учунан айтар-айтмаксан болуп, валериана таблеткасын жазып тим болду. Ошондогу учур ушунчалык мени кейиткенинен, мен бейтапты эч убакта мындай көрбөйм деп ичимен өзүмө сөз бергенмин.

            Азыркы илим-билим өскөн мезгилде чыгыш медицинасынын ооруну билүү ыкмалары замандын талабына ылайыкпы деген суроо жаралат. Бейтапты көрүү жана анын оорусун баамдоо канча убакытты талап кылбасын, жакшылап шашпай көрүү ар дайым мезгилдин агымына ылайык келет.  Деги эле канчалык көңүл бурсаң, анын ойлогон оюн, кайгы-капасын билүүгө аракет кылсаң,  сага эмне суроо менен кайрылганын баамдап билсең, алардын врачка болгон ишеними ошончолук артат.  Эгерде  бейтаптар элдик дабагерлерге качып, көзү ачык-төлгөчүлөргө барып, ошолордун кеп-кеңешине муктаждыгы болсо, анда биздин кемчилигибиздин оркоюп көрүнүп турганы ошол.  Врачтардын шашмалыгынан  бейтаптарыбыздын ой-санаасын түшүнбөй, анын оорусунун негизин билбесек анда ишибиздин начарлаганы начарлаган. Эгерде дабагер сөздү толук баамдабай анализдерге жөнөтсө,  ооруну билүү мүмкүнчүлүгү жалаң гана анализдик изилдөөлөргө таянылса, анда андай врач оорулуунун көңүлүн ала албайт.

            Ар бир бейтаптын оюндагы дабагер кандай болушу керек? Оорулуу дабагердин эшигин аттагандан баштап, ага көңүл буруп, өңү-түсүн байкап, жашына жараша мамиле кылып, жылуу-жумшак кабыл алса, анда иштин башталганы деп билсек болот. Дегеле врачтардын орду анын сүйлөгөн сөзүнөн, кыймыл-аракетинен, кийген кийиминен, халатынын тыкандыгынан, кабинетинин тазалыгынан байкалып турат. Ал эми врачтын иши бейтаптын ал-ахыбалын байкоодон башталат. Психотерапевттердин, чыгыш медицинасынын адистеринин баамдоосунда, оорулуу кишинин жашы, анын баскан-турганы, киргендеги кыймылы, көзүнүн чанагы, мурдунун дем алышы, отургандагы дем алуусу ж.б.у.с. аныкталып, анан кийин барып, тамырын кармайт. Тамыр кармаган дабагердин европалык врачтардан айырмасы,   ооруну аныктоодо  көп убакытты сарптап, ооруну билүүгө болгон далалатында болот.

            Биринчиден, тамырын кармап, анын жүрөгүнүн согушунун абалын   билип, тамырдын кагуусунун ылдамдыгын, анын жумшактыгын, катуулугун, ритминин тактыгын ар бир эле врач айырмалай алат деңизчи. Бирок чыгыш медиги үч манжа менен үч чекитти кармап, сол жана оң жагынан алты чекитти кармоого ээ болуп, терең басканда, экинчи баскыч менен алты-алтыдан он эки органдын иштөө абалын аныктай алат. Ошол эле учурда алдын ала айтуу жолу менен бейтапты өзүнө тартып, анын психологиялык абалын байкайт. Аны менен жөн болбостон ар бир оорулуунун сөзүн баамдап, дартын тактоого үлгүрөт. Дегеле чыгыш элине таандык унчукпаган, сабырдуу кебете-кешпири менен дабагер бейтаптын ар бир кыймылын, үнүнүн тембрин, терисинин абалына маани берип, өзгөчө жүзүнүн өзгөрүшүнө көңүл бурат. Чыгышта тамыр кармоо ыкмаларынын негизги касиети алдын ала шишик ооруларын табуу болуп эсептелет.

            Алдын ала айтуунун дагы бир жакшы жагы дабагер бейтапты өзүнө ишендире алуусунда. Азыркы мезгилге чейин көп эле адамдар сырдуу дүйнөгө ишенип, кандайдыр бир сырткы касиеттүү таасирди  издей берет. Врачтын ар бир сөзү ушунчалык таамай болуп, оорусунун белгисин дааналап айтып турса, анын ойлогон ою орундалгансып, врачка чындап ишеничи артат. Айрым чыгыш медигинин бейтаптын сөзүнө терең маани бергенин ушундан билиңиз, оорулуунун  ар бир сөзүн алтын тамгадай көңүлүнө түйө берет.  Алардын көзү ачыктардан айырмасы, тамыр кармоо мүмкүнчүлүгүн жылдап үйрөнүп, аны тажрыйбада колдоно билишинде. Азыркы  кыл тамырчымын деп өзүн даңазалагандардан айырмаланып  чыгыш медиги аз сүйлөп, көп иш кылат. Анын иши ар тараптан негиздүү болуп, оорунун уңгусун таап, ийгиликтүү дарылайт.

            Биздин кыргыз элибизге таандык, тамыр кармоо  ыкмасы кытайлык тамырчылардан айырмаланып,  оорунун ал-ахыбалын жалпы жонунан “ысык-суук” деп экиге  бөлүп карайбыз.  Кыргыз элинде тамырдан ооруну билүү мүмкүнчүлүгү  убагында  кеңири жайылып,  элдик табыптар кандай тамак ичкенин, кайсы убакта тамак режимин бузганын дааналап билип, суу ичирүү жолу менен дарылашкан.

             Эми бейтаптын сөзүн угуу жагдайына келсек, организмде болгон ар бир өзгөчө белгилер врачтын туюмунда эске алынып турушу зарыл: буту чымыраса, бут муундары кырсылдаса, буту ысып же муздаса, ичи курулдаса, ичинин булчуңдары тартылса, оорулуу эңкейип калса, же бейтаптын турган-турпаты өзгөрсө, колу калтыраса, кол-буттарынын булчуңдары тырышса, уйкусу качса жана ушу сыяктуу бардык белгилерди эсине сактап туруусу абзел. Ошентип көп нерсе врачтын тажрыйбасына көз каранды болот. Мисалы, невроз менен ооруган бейтаптардын кан басымы ылдый түшүп кеткенин же өйдө чыгып кеткенин чыгыш дабагери жөн эле аппаратсыз билүүгө тийиш. Эгерде шалдырап алы кетип калса, жүрөгүнүн согушунан андай дабагерлер жумшактыгына жараша кан басымдын ылдыйлаганын байкайт. Ал эми кан тамыр катуу согуп, бети кызарып, жүрөгү дүкүлдөгөнү билинсе, тамырдан кан басымдын жогорулаганын аныкташат. Ал эми бели ооругандардын бөйрөгү ооруйбу же остеохондроздон бели ооруп жатабы анын заарасынын өңүнүн өзгөрүшүнөн баамдап, тамырдын бөйрөк чекитин басып, бөйрөгүнүн сезгенишин билишет.

Мага келген акыркы мисалдардан айтсам, бир бейтап келин Тогуз-Торо районунан келиптир. Анын бети катуу ооруп, басылбай үчүлтик нервдин невралгиясы деп кайрылган экен. Мурда врач-стоматологго көрүнүп, тишин дарылатыптыр. Бирок жакшы болбой, неврологго жибирилген экен. Мага келгенинен оорунун интенсивдүүлүгүн байкап, анын оору пристубу барбы-жокпу аны аныктап, оору синдрому моюн жактан болгон жокпу аны тактап, тамырын кармап, тажрыйбалуу стоматологго жибердим. Ал тиштин рентгенографиясына жиберсе, тиш пульпити болуп чыкты. Дабагердин тажрыйбасы көп учурларда, ооруну тактап, аныктап, анын шашпай көргөндө билинет. Эгерде мен ары-бери көрүп, оорусунун абалына маани бербесем, бейтап келин көпкө азап чегип калмак. Өзүнүн аймагынан көпкө дарыланган келин,  биздин стоматологдун дарылоосунан саналуу күндө айыгып, кубанычы койнуна батпай кетти.

Тамырчынын дэңгээли татаал ооруларга  алдын ала диагноз коюуда билинет. Мисал келтирсем: орто жаштагы, дагы бири жашыраак  келин остеопороз деген диагноз менен бирөөнүн омурткасы сынып, экинчисинин муундарына доо кетип, бизге кайрылышкан. Булардын остеопароз болуусу мурдагы ооруларынын татаалдыгына байланыштуу көпкө чейин глюкокортикоид гормонун алып, дарылануу себебинен келип чыккан. Мындай учурларда  дары- дармекти бере албай колуң кыскарып, эч дары жардам бербегенинин айынан ийнетерапиясы менен  кошо табигый  чөп-дары, кальций кошулмаларын, витаминдерди   берүүгө туура келет. Дегеле остеопороз диагнозун коюуда врачтан  жакшылап тамыр кармап, заманбап изилдөөлөргө жиберүү талап кылынат. Мен ысымын айтпай эле коёюн, кээ бир магниттик-резонанстык томографиялар остеопороз деген диагнозду ашыкча коюп, ага ыңгайлашкан айрым врачтар кальций биологиялдык активдүү кошулмаларын комерциялык жагдайда көбүртүп-жабыртып, рекламалап максатсыз бере беришет.

Ал эми бейтапты аяган дабагер эч убакта ашыкча кыймыл кылбашы керек. Остеопороз оорусу болсо, анын белгилери ишеничтүү болсо гана айтуусу зарыл. Өзүнүн чөнтөгү үчүн дабагер бейтаптын ден-соолугуна жана  анын каражатына зыян келтирбеши керек.

Ошентип жыйынтыктасак, чыгыш медиктеринин тактыгы, алардын  убактысын  аябастан бейтапты  кунт коюп көрүүсү, анын тамыр кармап, диагноз коюу мүмкүнчүлүгүн кеңири өздөштүрүүсү, оорулуу менен кенен-кесири сүйлөшүп, анын оорусунун себебин азыркы заманбап илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөр менен  кошуп аныктай алуусу мезгилдин талабына ылайык келет. Дегеле бейтаптарды кабыл алууда жан дүйнөсү менен аракет кылган ар бир дабагер европалык медик болобу же чыгыш медиги болобу оорунун диагнозун так  аныктоого ар дайым жетишип, анын айыгып кетүүсүнө өбөлгө түзөт.

        Бекбоев Темирбек, невролог,  чыгыш медицинасы  боюнча адис  дабагер.