Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында «ага оорулуу деген аныктама (справка) берди» деген айып менен онколог Эмил Макимбетов камакка алынып, ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилгенин ИИМ кабарлады.

Эмил Макимбетов — балдардын онкология жана гематология борборунда эмгектенген илимий кызматкер. Ал тажрыйбалуу онколог катары көпчүлүккө белгилүү.

Быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулуп, ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутат Зарылбек Рысалиев Башкы прокурорго өзүн суракка качан чакырарын айткан болчу.