Якутия республикасында эл аралык террордук уюмдарга үгүттөөгө шектелип кыргыз жараны кармалагынын орус ЖМКлары жазып чыгышты. Маалыматта: 2018-жылы Якутиянын күч кызматтары Амур облусундагы кызматташтары менен чогуу «исламчыл радикал топтун» мүчөсүн кармалганы айтылат. Кылмышка шектүү адам Якутияда туруп, социалдык тармактар аркылуу террордук аракеттер үчүн адамдарды тартып жүргөн. Ошондой эле жеке баракчасында террорчуларды колдогон, алардын ишмердүүлүгүн актаган материалдарды жайгаштырып келгени да айтылат. Азырынча анын аты-жөнү, канча жылга соттолгону тууралуу маалымат айтыла элек