Кечээ күнү РАИММИЛИОНдун иш-чарасы үчүн Кара -Сууга «оптом» барышкан атка минелердин көбү бүгүн ал жакка эмне себептен барганын ар кандай айтып, айтор актанып бүтө албай жатышат. Алардын баары эле депутат Искендер Матраимовдун чакыруусу менен бардык дегени менен, РАИММИЛЛИОН үчүн барышканы бешиктеги балага да белгилүү. Туура, ошол «чоң тойго» баргандардын бири да «Мени РАИММИЛЛИОН чакырды» — деп ачык айта алышпайт. Бири-бирине гана мактанып «өзү чакырбадыбы» деши мүмкүн, сыймыктанып. Ал эми депутат Искендер Матраимов болсо ар кайсы маалымат каражаттарына ар башкача сүйлөп, Жантөрө Сатыбалдиев айтмакчы, «ГАЛДИРБАЙ» болуп жатат. Кыскасы, канча актангандары менен булар элди эмес, РАИММИЛЛИОНДУ, мансапты жана ошондой бай жана өтө таасирдүү болууна самай турганы ачыктан ачык байкалып турат. Бир сөз менен айтканда ЖҮЗҮҢДҮ АЧ, ГҮЛЧӨТАЙ болушту. Актанууга себеп деле жок…

Ал эми береги тасма ошол Кара-Сууда тартылган тасма делип, соцсеттерге чыкты…