Кытай таң калтырууну улантууда. 1990-жылы  мурдагы советтик аймактар ич ара мамилелерин териштирип, союз мезгилинде топтолгон байлыктарды, мүлктөрдү бөлүштүрүү менен алектенип жатышканда Кытай эмгектенди. Жыйынтыгы кеңири белгилүү, Кытай экономикасынын өсүүсү боюнча дүйнөдөгү экинчи мамлекетке айланды. Бул Үрүмчүнүн мисалында бир топ даана көрүнөт. 1950-жылдардын аягына чейин бул уйгур шаарчасы болгон. Бүгүн шаар аймагынын жалпы аянты 10 989 чарчы метрди түзөт. Салыштырып көрсөк, мурдагы Астана, азыркы Нур-Султандын аянты 722 чарчы метр, Ташкент дээрлик 335 чарчы метрди ээлейт, а Бишкек 160 чарчы метр. Үрүмчүнүн калкы 2010-жылдагы калкты каттоо боюнча, 3 миллион 100 миң адамдан ашат. Ошондуктан,  Үрүмчүнү Азиядагы эң тездик менен өсүп бараткан мегаполис деп атоо чекилик эмес.

Үрүмчүнүн аба дарбазасы болуп “Дивопу” абамайданы эсептелет. Мындан 15-20 жыл мурун ал шаардан 16 чакырым алыстыктагы чакан айыл болчу. Азыр эми “эски” Үрүмчү административдик борбор, а абамайдан шаардын бир бөлүгүнө айланган. Дивопу бүгүнкү күндө 16,35 миллион жүргүнчүнү тейлейт, ошондой эле жылына 275 тонна жүк жана 155 000 учакты кайра иштетет.

 Мегаполис статусу коомдук жана жеке автоунаалардын жандуу трафигин жаратат. Мындан улам шакекче жолдор, көпүрөлөр курулган. Ар багытты карай  төрт-беш тилке жоондуктагы сапаттуу жолдор. Эреже ыңгайлуу, мисалы АКШдагыдай эгер автоунааларга тоскоолдук жаратпаса, жол чырактын кызылы күйүп турганда оңго  бурулууга болот. Жолдор кенен, ага ылайык кесилиштер анча чоң эмес аянтты элестетет, мисалга алганда Бишкектеги эски аянттай чоңдуктагы. Автоунаалар ушундай “аянттардан” өтүшү үчүн аянттын орто ченине кошумча белги орнотулган, ал жерде жашыл жарыктын күйүшүн күтүп токтоп турушат.

Үрүмчүлүк айдоочулардын абдан эле токтоо экени таң калтырат. Алардын айдоо стили бишкектик айдоочулардыкына окшош – кесип өтүү, экинчи катарга токтотуп коюу, ылдамдыкты жогорулатуу ж.б. Бирок, бишкектик айдоочулар мындай учурда  сөгүнүп, кыйкырып, ачууланганды эрөөн көрүшпөйт, а алардын үрүмчүлүк кесиптештери эч нерсе болбогондой эле токтоо кабылдашат.

“Эски” шаардын чыгыш колорити сакталып калган. Бардык жасалгалар иеороглиф жана уйгур жазмасында кездешкен араб кол шрифти менен коштолот. Англис жана орус тилиндеги жазуулар да бар. Дүкөндөр жана уйгур ашканасынын чакан ресторандары сычуань, гуандун, монгол жана дунган ашканалары менен алмашылып турат. Бул жерден ширелүү самсы, жумшак шашлык, уйгур палоосунан даам татып, артынан таттуу, кытыраган дарбыз жеп алууга болот. Андан кийин кааласаңыз ооздо ээриген куурулган күрүч, көк чөптөн жасалган кесме, десертке дуриандан пирожное, же “чиз кейк” таба аласыз. Вегетариандар да, эт сүйүүчүлөр да капчыгына жана табитине ылайык келген даамдардын түрүнө кайдыгер карай албайт. Көчө боюндагы ресторан менен кымбат баадагы ресторанда жасалган тамактар бирдей даамдуу.

Үрүмчү Гиннестин рекорддор китебине деңизден бир топ алыс жайгашкан мегополис катары кирген. Ошондуктан деңиз азыктарын сунуштаган ресторандарга кирсең таң калбай кое албайсың. Бул шаарга Аляска, Камчаткадан тирүү краб, лобстер, балыктардын бардык түрү, моллюск жана башка деңиз жандыктары учак менен алынып келинет. Кардар эмнени жей турганын тандайт, андан кийин кардардын тандоосу көз алдында ресторанга берилет, андан кийин кардар каалаган ыкмада даярдалып, куурулат, же бууга бышырылат.

Үрүмчү расмий түрдө мегаполис болуп кабыл алынганын белгилей кетишибиз керек,  ойлоп  табылган транспорттук логистика, каржы булактары, менеджменттин пайдасы менен үрүмчүлүктөрдүн оюна да келбеген тирүү деңиз жандыктары, мурда Кытайдын бир топ өнүккөн Шанхай же, Гуанчжоу райондорунун тургундарына гана жетимдүү болгон товар жана кызмат көрсөтүүлөр реалдуулукка айланды. СУАР жашоочуларынын жашоо деңгээлин көтөрүүгө дагы да жасалчу ири иштер бар, бирок аз убакыттын ичинде жасалган иштердин жыйынтыгы аны ишке ашыргандарга болгон таң калууну жана мээнетине сый-урматты жаратат.

Уйгурлар, ханьдар жана казактар ( көчөдө, кафелерде, поликлиниканын коридорлорунда, базарларда сүйлөшүп калдым)  акыркы эки жылда терактты айтпаганда да, эч кандай улуттар аралык конфликт болбогонун олуттуу жетишкендик катары эсептешет. Дагы бир жетишкендик деп калктын бакыбат жашоосун мисал келтиришет. 34-35 жаштагы хань улутундагы ширетүүчү менен ушул эле курактагы уйгур сатуучу окшош жооп кайтарышты: “өспүрүм кезимде автоунаалуу жана батирлүү болом деп кыялдана да алчу эмесмин”. Көчөнү каптаган ар түрдүү үлгүдөгү жана маркадагы автоунаалар. Болгондо да баарынын “жаш курагы” тең, беш жылдан жогору эмес.

Салттык жана илимий медицина алдыга жылууда. 1960-жылдары Синьцзян медициналык университетинин алдында эки кабаттуу оорукана курулган. Бүгүн бул комплекс 16 кабаттуу корпус, үч 14 кабаттуу имараттан турат, анда бардык багыттагы жана профилдеги (ракты дарылоодон баштап кардиохирургияга чейин, офтальмологиядан травматологияга чейин) медициналык кызматтар көрсөтүлөт. Жабдыктар заманбап, дары-дармек АКШдан, Швейцариядан, Германиядан келет, дүйнөнүн башкы компаниялардын лицензиясы менен Кытайда өндүрүлгөндөр да бар. кардарлар көп, бирок кезек тез жана ызы-чуусуз алдыга жылат.

Ооруканадагы кезектеби, ресторан менен кафелердеби, дүкөн жана базарлардабы, уйгур жана кытай тилиндеги үндөр угулганы таң калтырат. Эч ким эч кимден ал тилде эмес, бул тилде сүйлө деп талап кылбайт. Ар бир адам өзү каалаган тилде сүйлөйт. Аны менен катар уйгурлар жана казактар кытай тилинде эркин сүйлөшөт, мисалы дарыгерлер, медайымдар, официанттар, таксисттер жана башкалар.

Түгөнбөгөн суроолорумдун  бири коопсуздукту камсыздоо үчүн кайра тарбиялоо лагерлердеги “катаалдык” тууралуу болду. Ага жооп иретинде  2013-жылдан бери Үрүмчүдө жашаган кыргыз күлүп, мындай деди: “Кыргызстанга барганымда менден  бул жөнүндө көп сурашат. Мен аларга “Ушундай нерсе Синьцзянда болуп жатыптырбы э?” –деген суроо менен жооп берем”. Синьцзяндын эзелки тургундарынын дайымкы жообу мындай болду: “Арабызда ар кандай адамдар бар, айрымдарына чындап эле тил үйрөнүп, жаңы адистикти алуу ашыкчалык кылбайт”. Аны менен катар эч ким эч кимди арак ичип, чочко этин жегенге мажбурлабайт, ал эми өлкөнүн өнүгүү стратегиясы тууралуу документтерди окутуу мектептерде жана жождордо ар дайым болуп келген жана бул өзгөчө нерсе катары кабылданбайт.

Көпчүлүк СУАРда чарбачылыкты жүргүзүүнүн адаттагы, ал турмак эскирген ыкмаларына таасир берүүчү (мал чарбачылыгы жана “сатуу-сатып алуу” жөнөкөй операциясы) өнүгүү, урбанизация жана глобализация орун алууда деген пикирге биригишет. Өндүрүштөгү жаңы ыкмалар адамдар ортосундагы мамилелердин жаңырышына алып келет, бул баарына эле жага бербейт. Жашоонун бул этабын да жашап өтүү керек. Кызыгы, АКШдагы, Түркиядагы жана башка өлкөлөрдө болуп жаткан  уйгурлардын укугу үчүн күрөш тууралуу кеп башталганда маектештерим (жөнөкөй адамдар) жылмаюу менен ал мамлекеттер биринчи өз жарандарынын укугун камсыздап, бакыбат жашоо куруп бериши керектигин белгилешет.

Мамлекеттин коопсуздукту камсыздоо үчүн жасаган иш аракетин калк түшүнүп кабыл алат, анан калса колдоо да көрсөтүшөт. Так ошолордун аракети менен СУАР бир кездеги Россия-Чеченстан, же учурдагы Сирия-Ливиядагыдай жарандык согушка кабылган жок. СУАРдын жашоочуларынын жашоо деңгээлинин өсүшүнүн зарыл шарты тынчтык жана коопсуздук. Бул аймакта нечен кылымдардан бери ар кайсы улуттардын ар кандай маданияты катар өнүгүп келатат. Андагы тынчтыктан Кыргызстандын коопсуздугу да көз каранды.

                                                                                                                                 Айбек НАЗАРОВ