Асанбай Жамансариев 34 жашында атылган.

Жаңы заманда билим алып, мамлекетти башкаруу ишине аралашып калган алгачкы муун кыргыз интеллигенциясынын катарында репрессияга туш келип, 18 жылдан кийин акталган.

Жарым жылдан кийин абак

1937-жылы ВКП(б) Кыргыз обкомунун катчысы Максим Аммосов Кыргыз ССР Эл комиссарлар кеңешинин алдындагы Искусство иштери боюнча комитеттин төрагасы кылып Асанбай Жамансариевди дайындоо тууралу буйрукка кол койгон. Фрунзедеги жооптуу кызматка чейин Асанбай Жамансариев СССР Борбордук аткаруу комитетине караштуу Кыргыз ССРинин туруктуу өкүлү болуп иштеп турган. Ал кездеги бийлик тепкичи жагынан алганда маданият тармагын тейлеген жетекчи, министр болчу. Бирок бул иште Асанбай Жамансариев аз гана убакыт иштеди. Аны жаңы кызматка дайындаган Максим Аммосов деле республиканы башкаруу кызматында жарым жыл ашуун гана иштеген.

Асанбай Жамансариев жооптуу кызматка дайындалып, маданий иш-чараларга баш-оту менен кирип, коммунисттик «кызыл кыргындын» жаасы азыноолак басаңдаган 1939-жылы кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өтчү он күндүгүнө — декадасына даярдык жумуштарынан колу бошобой турган чак болчу.

1939-жылкы декада Москвада чоң ийгилик менен өтөт. Кыргыз адабияты менен искусствосунун мыктылары мамлекеттик сыйга бөлөнүп, кубаныч менен жерине кайтышат. Оголе жооптуу иштин даярдыгына баш-көз болгон, ага кыйла убакты-саатын жумшаган адам ал кезде жашырын атылып, сөөгү Чоң-Таштагы эски кыш заводунун чуңкуруна көмүлүп, аты аталышына тыюу салынып, өлкөнүн эси эңгиреп турган.

Ошол декадага коюлчу Жоомарт Бөкөнбаевдин «Алтын кыз» музыкалуу драмасы «Партизан кызы» болуп оңдолуп, кайра мурдагы атына көчүрүлүп, куугунтукка туш келген акындын «Айчүрөк» операсынын либреттосунун авторлор катарына Кубанычбек Маликов менен Жусуп Турусбеков кошулуп, заман кимди ким көрдү болуп жаткан. Большевикчил акын Аалы Токомбаев түрмөгө түшүп, ал жердеги адам чыдагыс азаптарды көрүп, көзгө тааныш азаматтардын азап-шорунан жүрөгү үшүп, айласын таппай турган. Асанбай Жамансариев абалдын кандай экенин билчү, мойнуна илинген сыйыртмак качан тартыларын күтүп, аргасыз күн кечирип жаткан.ДАГЫ КАРАҢЫЗ

Артынан айың ээрчитпеген ишмер

Ошондой кысталыш күндөрдө ал да өмүр баянын кыскача сыпаттаган эки баракты толтурган. Мына ушул барак ошол кезде бейкүнөө атылып кеткен кайрандардан калган кагаз эстелик болуп каларын кандуу кыргынды баштагандар билишчү. Ошон үчүн тегиз баарына кыска өмүр баянын жаздыртып отурушпайбы.

«Мен, Асанбай Жамансариев 1904-жылы январда Кыргыз АССРинин азыркы Түп районундагы Теңизбай айылында төрөлгөм.

Атам Жамансары колунда жок кедей адам болчу. Малын, эгинин карап күн өткөрчү. Жокчулуктун айынан башкалардын ишин кылчу. Падышалык Орусиянын, Совет бийлиги кезинде атам куугунтукка кабылган жок. Шайлоо укугунан ажыратылган эмес. Эски-жаңы аскер кызматында болгон эмес, ошондой эле эски бийликтин тушунда башкаруучу кызматта да болгон эмес. Туугандарымдын чет жерде жашагандары, дегеле четте жүргөнү жок. 1929-жылы биздин айылда колхоз уюшулган, алар ошондон бери колхоздун мүчөсү.

Өзүм болсо 1916-жылга чейин айылдагы мектепте окугам. Көтөрүлүштүн айынан 1916-жылдан 1921-жылга чейин окубай калдым, 1921-жылы окуумду уланттым. Башында Алматыда мугалимдерди даярдоочу 6 айлык курска кирдим, кийин да Алматыда окудум. 1921-1922-жылдары Ташкендеги Кыргыз-казак педагогикалык институтунда окудум. 1923-жылы Орто Азия коммунисттик университетине кирип, аны 1926-жылы аяктадым. Ошону аяктагандан кийин ВКП(б) кыргыз обкомунун чечими менен Караколдо ВЛКСМ округдук комсомол уюмунун үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалдым. Андан кийин 1926-1927-жылдары Нарын комсомолдун кантондук комитетинин жооптуу катчысы болдум. ВКП(б)нын кыргыз обкому мени Союз кошчунун борбордук комитетине которуп, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы жана жооптуу катчысы болуп 1928-жылдын 28-майына чейин иштедим.

1928-жылы мени Каракол шаарына кантондук аткаруу комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, жооптуу катчы кылып жөнөтүштү, бул жерде 1930-жылдын август айына чейин иштедим. Андан 1933-жылдын апрелине чейин ВКП(б)нын кыргыз обкомунун чечими менен Александровка айылында Рыков райондук партия комитетинин жооптуу катчысы болуп иштедим.

1933-жылдын апрелинен августка чейин Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин иш башкаруучусу болдум. 1933-жылдын августунда обком партиянын чечими менен Москвага социалдык жер иштетүү жалпы союздук академиясына окууга жиберилдим.

1934-жылдан бери ВКП(б) кыргыз обкому менен Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин чечими менен Москвада туруктуу өкүл болуп иштеп келе жатам. Аскерде болгон эмесмин. Репрессияга туш келе элекмин. Партиялык сөгүш алган эмесмин. 1925-жылы партияга мүчөлүккө талапкер болуп өтүп, 1927-жылы Фрунзе шаардык партиялык уюмга которулгам. Мага мүнөздөмө берген жолдоштор Исакеев Б., Ибрагимов Х., Мурзакеев Р., Чимжнив жана Иманов. Революциялык кыймылдарга катышкан эмесмин.

Аялым социалдык теги жагынан кедей-дыйкандын кызы. Атасы почта станциясында кара жумушта иштеген. Толук эмес орто билими бар. Аялым ВКП(б) мүчөлүгүнө талапкер, советтик жумушта иштейт».

Өмүр баян 1936-жылдын 16-ноябрында толтурулган. Ал кезде Асанбай Жамансариев Фрунзе шаарынын Горький көчөсүндөгү 12-үйдүн 102-батирде жашаган. Кайсы тилдерди билери суралган жерге Асанбай Жамансариев татар, казак, өзбек, орус тилдерин билерин, чет тилин билбестигин жазган экен.

Тепкеден башталган жол

Асанбай Жамансариев өз колу менен толтурган кыска өмүр баянында жазылган Теңизбай айылы ушу тапта Тепке аталат. Ошол Тепкеден анча алыс эмес Караколдо 1915-жылы жергиликтүү орус-тузем мектебин аяктаган. Окуу менен катар ал 11 жашынан ошол эле Караколдогу орус, татар, дунган көпөстөрүнүн колунда иштеген, орустардын каз-өрдөгүн багып татар көпөстөрүнүн тегирменинде, булгаары заводунда жумушчу, дунгандардын талаасында иштеген. Дагы бир кошумчалай турган жагдай — Нарын кантондук комсомол комитетинде иштеп жүргөндө келте менен ооруп, жумушун таштап айылына кайтууга мажбур болгон.

Кыргызстандык режиссер Алижан Насировдун «Ата-Бейит» даректүү тасмасынан бир көрүнүш. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандык режиссер Алижан Насировдун «Ата-Бейит» даректүү тасмасынан бир көрүнүш. Иллюстрациялык сүрөт.

Кийин аны Таласка жооптуу кызматка жөнөтүшкөн. Асанбай Жамансариев иштеген Рыков району кийин Киров деп аталып, Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин гана өз атына кайрылып Кара-Буура районуна айланган. Рыков менен Бухарин партиянын жетекчилеринин бири болуп турган кезинде аты көп жерлерге, мекеме-ишканаларга коюлуп, кийин алар троцкийчи, бухаринчи, партияны ичтен ириткен чагымчылар катары катардан чыгарылып, атылып жок болгондо СССР боюнча жайнаган аттары да өчүрүлгөн. Болбосо Сталин, Булганин, Калинин, Буденный, дагы башка партиялык төбөлдөрдүн аты жер шарынын алтыдан бир бөлүгүн ээлеген эңгезер өлкөдө жайнап турчу. Ага чейин кыргыз жеринде падышалык Орусиянын аскер жетекчилеринин, камчысынан кан тамган катаал аткаминерлердин аты коюлчу.

Асанбай Жамансариевдин кызы Зинаида атасын эскерип отуруп минтип жазган:

«Менин атам Асанбай Жамансариевге 2014-жылы 110 жыл толмок. Аман болсо иниси Шайык Жамансариевге окшоп ал деле узак жашамак. Бирок 1937-жылдын апааты кандай гана азаматтарды жок кылбады, жаш өмүрлөрдү «жалп» өчүрбөдү.

Асанбай Жамансариев кылдай күнөөсү жок «үчилтиктин» чечими менен Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов жана башка биздин элдин мыктыларынын катарында атылып кеткен.

Атам аябай ишенген акыйкаттык 1956-жылы июнда келди. СССР Жогорку сотунун Аскер коллегиясы токтом кабыл алды: Асанбай Жамансариев кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу акталсын жана «үчилтиктин» 1938-жылдын 5-ноябрындагы өкүмү жокко чыгарылсын.

Репрессиялангандардын көпчүлүгүнүн жакындары интеллигенция катарынан орун таап, оор, азаптуу турмушту башынан кечиришти, татыктуу жашашты. Шайык абам, апам экөөбүз «эл душманынын жакыны» деген кодулоонун алдында жашадык. Ал кезде окууга өтүш, жумушка орношуу кыйын болчу, биз майышканыбыз жок, Жамансариев деген фамилиядан уялбадык».

Асанбай Жамансариев төрөлгөн Тепке айылы Көлдүн түндүк-чыгыш жагындагы Жыргалаң суусунун жээгинде жайгашкан. Айылда башында бир бөлмө гана мектеп бар эле. Кийин айылдыктар чогулуп ашар кылып аны төрткө көбөйтүштү. Бул жерде кыргыздын айтылуу жазуучусу Касымалы Жантөшев, сталиндик репрессиянын курмандыгы, жазуучу-илимпоз Ташым Байжиев, эл жазуучусу Мар Байжиев, эл артисти Советбек Жумадылов туулуп-өскөн.

Өткөн кылымдын 20-жылдарында айылда комсомолдук уюм түзүлүп, жаңы бийликти кыргыз жерине жайылтуу аракети башталган. Айылдагы комсомолдук иш-аракеттердин башында Асанбай Жамансариев турган. Ал кездеги комсомолдордун аракети бирөөнүн эмгегин пайдаланып күн көргөндөрдү ашкерелеген, кыздарга калың берип үйлөнүүгө, эки аял алууга каршы чыккан романтикалуу мезгил болчу.ДАГЫ КАРАҢЫЗ

Кыска саптардагы татаал өмүр

1937-жылы Асанбай Жамансариев камакка алынганда бир тууган иниси Шайык Москвада окуп жаткан. Кайгылуу кабар чыккандын эртеси аны окуудан айдашып, анын башка жерлерден окуу аракети да майнапсыз аяктаган. Москвадагы тааныштардын кеңеши менен Шайык Жамансариев Фрунзеге келип агасынын үй-бүлөсү оор абалда калганын көрөт. Анын өзүнүн да абалы оор эле, «эл душманы» катары камалып кетиши толук мүмкүн болчу.

Улам оорлошуп бараткан турмуштун айынан Асанбайдын жалгыз иниси туулган жерине келип, аялы менен жалгыз чүрпөсүнөн, андан соң апасынан ажыраган. Шайык Жамансариев агасы баштаган ишин улантып, өмүрүн басма сөз, маданият тармагына арнап, көзү өткөнчө 34 жашында атылып кеткен агасын эстеп, андан калган кызына жардам кылып, камкордук көрүп келди. Совет бийлигине чын дилден дит коюп, ал карапайым адамга эч жамандык кылбачудай ишенип алган алгачкы муун кыргыз интеллигенциясы репрессиянын кандуу кылычы шилтенгиче катаал чындыкка ишенбей келди.

Шайык Жамансариев 2000-жылы «Баян жол» деген эскерүү китебин чыгарган. Ошол китептин бет ачарындагы адабиятчы, ары публицист, «Азаттыктын» кабарчысы Санарбек Карымшаков Шайык Жамансариев менен маектешип, кайран киши катаал кезди эскере кеткен экен:

«Албетте. Ал кездин тартиби ошондой экен,Ал киши 1937-жылы «эл душманы» катарында ак жеринен камалып, атылып кеткенден кийин мени окудан кууп чыгышты.

, Москвада окучумун, андан кубалашты. Харьковго кетип калып окудум, андан кубалашты, андан кайра Москвага келдим, бир мектепте окуп атсам андан да кубалашты.

Анан Кыргызстанга келдим, келип бул жерден да көп анча тынчтык болбогондон кийин үч айча темир жолдо качып жүргөн убактым болду. Бирок «ак ийилип, сынбайт» деген чын экен. Кийин ак иштеп, ушу партия менен өкмөткө ак эмгек сиңиргеним бааланып, көп сыйлыктарды алдым, орден-медалдарды алдым, «Эл агартуу боюнча эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наамга да ээ болдум. Мына ошону менен азыр балалуу-чакалуу, небере, чөбөрөлүү болуп жашап келатам».

Мезгил деген аёо билбес күч. Шайык абаны кепке тарткан Санарбек Карымшаков агабыздын да бу жарыкчылыкты таштап кеткенине деле кыйла убакыт болду. Минтип ортодон оңор эмес убакыт өтүп, репрессиянын жарасын мезгил агымы аз-аздан унуттуруп баратат. Жыргалаңдын Тепке айылынан чыккан Асанбай Жамансариевдин аты 1991-жылы августта дагы бир ирет эскерилип, Чоң-Таштан табылган 138 кайрандардын катарында сөөгү мамлекеттик сый-урмат менен жерге берилген.