Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы №1 түзөтүү колониясын 26-апрелде ЖАМКнын 400 кызматкреи текшерүүгө алганын кабарлады. Текшерүү жыйынтыгында: колго жасалган үч темир сейф, 48 бычак, үч WI-FI роутер, ичкилик чыгаруучу бир аппарат, 76 уюк телефон жана 340 грамм кара куурай табылган. мындан тышкары, түрмөнүн аймагында качып кетүүгө казылган жолдор да аныкталган. Маалым болгондой: өлкөдө 11 түзөтүү мекемеси, 11 жатак абак жана алты тергөө абагы бар.