Ультра үн изилдөөсү (УЗИ) биздин азыркы мезгилдеги турмушубузга ушунчалык сиңип, бул изилдөөсүз заманбап медицинанын абалын элестетүү кыйын болуп калды. 1970-жылдын ортосунда биздин улуттук саламаттыкты сактообузга жаңылык кошкон бул изилдөө бара-бара мезгил өткөн сайын өнүгүп, эл арасында кеңири жайылып, медицина кызматкерлеринин ишине чоң салым кошуп келе жатат.

Азыр алыскы райондордон баштап, ар бир шаардык клиникаларда, менчик медициналык борборлордо кеңири колдонулуп жатканын ушундан билиңиз, бейтаптар дагы бул изилдөөнүн күнгөй-тескейин түшүнө башташты.

Өнөкөт пиэлонефрит, өнөкөт холецистит, өнөкөт простатит деген диагноздор УЗИден кийин эл арасында талкууланып, кээде ашыкча диагноз коюудан адистерибиз бул изилдөөнүн кадыр-баркын түшүрүп жатышат деген сөз тарап жатат. Айрымдарыбыз УЗИ аппараты менен органдардын патологиясын даана белгилесек, кээ бирибиз тескерисинче жогоруда көрсөтүлгөн кайталанма- диагноздорду тоту кушчасынан койгонубузду улантып келебиз.

Борбор калаабызда кайсы мекеме, кандай адис туура диагноз коёрун баарыбыз  билип, түшүнүп эле калдык. Ошондой кесипкөй, аты чыккан адистерден алгылыктуу үйрөнүп, ультра үн диагностиканын кадыр-баркын көтөргөн жаш адистер арабыздан аз да болсо өз аракети менен таанылып жатат.

Эми УЗИ жөнүндө кенен-кесири сөз кыла турган болсок, бул ыкма органдагы патологиялык өзгөрүүлөрдү ультра үн аркылуу аныктап билүү болуп эсептелет. Ультра үндү талдап айтсак биздин кулагыбызга угулбаган 20 000 Гц тен ашкан үн болуп саналат. Эгерде 16дан 20 000Гцке чейин газ, суюктук жана катуу нерселерден чыккан үн жыштыгын, башкача айтканда, механикалык термелүүлөрдү биз уга турган болсок, анын 16Гц ке чейинки үн жыштыгы (кээ бирлер 20Гц деп жүрүшөт) инфра үн деп аталат. Бирок  биз аларды дагы  уга албайбыз.

Ошентип ультра үн термелүүсүн түшүндүрсөк, мындай термелүү организмден өтүп, ар бир органдардын бетинен кайра чагылып турат. Жөнөкөй аппарат менен мындай ультра үндү жибергенде бул ыкма “А” методу деп аталып, экранда түз чокуну пайда кылып, чокунун башы органдын калыңдыгын көрсөтсө, экөөнүн ортосундагы аралык органдарды бөлгөн чөйрөнү көрсөтөт. Мындай ыкма мээнин ооруларын байкоодо колдонулуп, ал “эхоэнцефалография” деп аталат. Ошондой эле көздү көргөн ультра үн “эхоофтальмография” деп аталса, жүрөктү көргөнү “эхокардиография” деп аталат.

Ал эми эки өлчөмдү көрсөткөн “В” ыкмасы органдын эки жак тарабын көрсөтүп, мындай изилдөөдө, ошол орган жөнүндө кененирээк маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет. Биз ушундай изилдөө менен изилденүүчү органдын ар бир катмарын көрүү аркылуу аны сүрөт кагазына же пленкага түшүрүп, математикалык-компьютердик эсептөөдөн өткөрөбүз.

Ар бир изилденүүчү органдын катмарынын ачык көрүнүшү эхосигналдын интенсивдүүлүгүнө көз каранды.

Ошентип биз органды көргөндө компьютердик монитордон органдагы боз түстүн 16 түрүн айырмалай алабыз. Бул айырма ткандын структурасынын акустикалык жыштыгын билдирет. Мисалы, медициналык тилде конкремент деп аталчу таш сыяктуу катуу зат жалтырак түстүү ачык-ак болуп көрүнөт. Эгерде ичинде суюктугу бар, мисалы “кисталар” бар болсо, кара болуп көрүнөт. Азыркы заманбап аппараттар органдын структурасын көрүү менен катар ар бир көрүнүүчү органдын кадрын 1 секундада тартып, иштеп жаткан органдын ал-ахыбалын көрсөтө алат.

Ошентип  биз жыйынтыктоочу түшүндүрмөгө келсек, ультра үн сканери (эхограмма) менен органдын формасын, чоңдугун, анын топографиялык өзгөчөлүгүн, ткандын бирдиктүүлүгүн же морфологиялык өзгөрүүлүсүн көрө алабыз. Мисалы, боордун циррозунан анын диффузиялык катып кеткенин, ошондой эле органдардагы шишиктерди, сезгенүүдөн болгон бекемделген өзгөрүүлөрү, ошону менен катар суюктугу бар кисталарды аныктай алабыз. Ал эми жүрөктүн эхограммасынан анын миокардынын катмарын, көңдөйчөлөрүн, клапандарынын абалын билүүгө болот. Ич органдарынын сонограммасында боордун структурасын, өттүн абалын, уйку бездин өзгөүшүн, көк боордун, бөйрөктөрдүн абалын билебиз. Эхограмма менен ичке суу толгон абалдагы асцитти, өткө суу толгонун, өттөгү таштарды, уйку бездеги шишиктерди, бөйрөктөгү патологияларды, боордогу кисталарды, абцесттерди жана ушул сыяктууларды аныктоого болот.

Ультра үн аппараты менен калкан безинин, шилекей чыгаруучу бездин өзгөрүүлөрүн аныктап, өпкө плеврасындагы суюктуктун пайда болуу өлчөмүн билебиз.

Азыркы кездеги кеңири таралган изилдөө, бул аялзатынын органдарын изилдөө болуп эсептелет. Ушундай изилдөөдө бойго бүтүү мөөнөтүн, түйүлдүктүн ал-ахыбалын, анын аномалдык өзгөрүүсүн, түйүлдүктү физиологиялык абалда кармап турчу суюктуктун көбөйүп кетүүсүн, түйүлдүктүн плацентасынын ал-ахыбалын билип, төрөлө турган ымыркайдын жынысын аныктоого мүмкүнчүлүк алабыз.

Ичи катуу ооруп кайрылган келиндердин жатындан сырткары бойго бүтүп калышын, аялдардын жыныс органындагы кисталарын, жатын миомасын жана ушундай эле бир канча аялзатына таандык патологияларды аныктай алабыз. Өзгөчө көңүл бура турган жагдай, аялдын жыныс органынын шишиги, кистасы, табарсыктын, жоон ичегилердин шишиктери, эркектердин простата безинин шишиктери жана простата аденомасын билүү азыркы кезде өзүнүн жакшы натыйжасын берип келе жатат.

Заманыбыздын шартына ылайык, ультра үн диагностикасы менен чоң артериянын абалын билүү, өзгөчө аортанын абалын, ич көңдөйүндөгү аортанын абалын, ашказанга, боорго кетчү артериялардын, веналардын ал-ахыбалын билүү кеңири колдонулуп жатат.

Органдардын патологиясын жакшылап билүү үчүн ар кандай ультра үн датчиктери пайда болууда. Мисалы, гинекологиялык ооруларды, ичегилердин иштөөсүн билүүдө өзгөчө датчиктерди колдонобуз.

Ультра үн аппараты операция жасоо учурунда дагы кеңири колдонулат. Алсак, өттөгү, бөйрөктөгү таштарды алууда эндоскопиялык ыкма менен ультра үн аппараты аркылуу аныктап турса болот. Азыркы клиникалык тажрыйбалардан билингендей органдардагы патологиялык суюктуктарды, мисалы органда абцесс болуп калган учурда УЗИ аркылуу пункция кылуу жолу менен толуп калган ириңдерди чыгарып алууга болот.

УЗИге баруу үчүн бейтаптарды өзгөчө даярдоонун кажети жок. Кээде уйку безин жакшылап көрүү үчүн ичегилерге клизма кылынат. Ички органдарды көрүүдө  бейтаптар эртең менен тамактанбай келүүсү талапка ылайык. Гинекологиялык, урологиялык ооруларды көрүү үчүн табарсыкты толтуруу зарыл. Бейтаптарды жакшылап көрүү үчүн ар түрдүү абалга жаткызуу сунушталат. УЗИ дабагери көргөндө терисине ультра үндү жакшы өткөзө турган вазелин майын же өзгөчө гелди колдонуп, органды даана көрүү үчүн кол датчигин ар түрдүү абалда кыймылдатып турат. Ошондой колдогу датчикти жылдыруу учурунда органдын жайгашуусуна жараша чалкасынан, көмкөрөсүнөн, капталынан жаткызып, кээде тургузуп же отургузуп көрүүгө туура келет. 

Ультра үн аппаратынын кеңири колдонулушу биринчи кезекте анын зыяндуу эместигинде, тери ткандарын эч кандай жабыркатпай, оорутпаганы анын жөнөкөйлүүлүгүндө. Зыянсыз болгондугу үчүн ультра үн аппараты гинекология багытында  жана бардык эле органдарды көрүүдө кеңири колдонулуп жатат.

Ультра үн аппараты канчалык  өркүндөп-өссө, анын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү заманга ылайык кеңейип жакшырса, биздин бардык багыттагы дабагерлер, өзгөчө онкология багытында иштеген врачтар, ошончолук ооруну алдын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Дегеле заманбап аппараттардын көбөйүп, анын диагностикалык абалы өскөн сайын, дабагерлердин ооруну алдын алып дарылоосуна жакшы шарт түзүлөт.

        Бекбоев Темирбек,

невролог,  чыгыш медицинасы боюнча адис дабагер