Адам өмүрүн алган жол кырсыгынын күнөөкөрү, Кант авиабазасында кызмат өтөгөн орус аскери эки жылга шарттуу кесилип, эки жыл автоунаа айдоо укугунан ажыратылганы маалым болду. Орусиянын көчмө аскер соту ушундай чечим чыгарып койду. Бул тууралуу жабыр тартуучунун жактоочусу Айткулов айтып чыкты. Белгилүү болгондой соттолгон аскер жабыркаган тарапка сураган кенемтесин төлөп бергеи буга чейин айтылып келген. Бирок жабыр тарткан адамга канча кенемте төлөгөнүн жашырып коюшкан. Эске сала кетсек, 2018-жылы 27-август күнү Чүйдүн Лебединовка айылында автоунаа үч жаштагы баласы менен кетип бараткан аялды сүзгөн. Кырсыктан энеси каза болуп, бала оор жаракат менен ооруканага жеткирилген болчу.