Учурда билим берүү тармагында көйгөйлөр өтө эле көп. Ага карата айтылган сын андан дагы арбын. Бери жагын эле санасак, мугалимдердин билим деңгээли, коомдогу кадыр-баркы, алардын жашоо-шарты, кай бир мектептердин имаратынын эскилиги, окуучуларга окуу китептеринин жетишсиздиги жана башкалар. Бирок, ойлоп көрсөң, эң баарынан маанилүү нерсе — бөбөктөрдүн коопсуздугу эмеспи. Балдардын бүгүнкү ден-соолугу, тарбия-таалими — биздин келечегибиз.

 “Кыргыз Республикасында коопсуз мектептик билим берүү чөйрөсүн каржылоо механизмдерин өнүктүрүү” долбоору мына дал ушул маселени өзүнө камтыйт. Ал мектеп чөйрөсүндөгү жакшы гигиеналык шарттарды, таза сууну жана абаны, жарыктандырууну жана коопсуз имараттарды, зордук-зомбулуктун жоктугу менен окутуунун толеранттуу атмосферасын камсыз кылууну мерчемдейт.

Европа Бирлигинин каржылык колдоосунда Кыргызстанда ишке ашырылуучу К.Аденауэр атындагы Фонддун жана “БИОМ” Экологиялык Кыймылынын долбоорунун алкагында жүрүп жаткан бул иштин башкы милдети – Кыргызстандын жалпы билим берүүчү уюмдарында коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү механизмдерин калыптандыруу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен жергиликтүү башкаруу органдарынын, социалдык өнөктөштүк уюмдардын жана жарандык коом, ошондой эле мектептердин ортосундагы сектор аралык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Азыр коопсуз сак-саламаттуу билим берүү чөйрөсүн уюштуруу боюнча өлкөдө 12 пилоттук мектеп иштеп жатат. Бул мектептерде коопсуз билим берүү чөйрөсүн жогорулатуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө. Жалпы максатка жетүү үчүн долбоор боюнча өнөктөштөр стратегияны иштеп чыгышкан. Анда көп иш-чаралар камтылып, 3 класстерге топтолгон. Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу, билим берүүнүн сапаты жана билим берүүнүн жыйынтыктары менен канааттанбастык, адам ресурстарынын жетишсиздиги жана билим берүү тармагындагы реформаларды жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөр. Бул саналган көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү үчүн, долбоордун өнөктөштөрү конкреттүү милдеттерди иштеп чыккан.

 Аталган долбоорго кирген Ысык-Көл районундагы “Билим Ордо” мектеп-комплексинин директорунун илимий-методикалык иштер боюнча орун басары Гульнара Абдыкадырова долбоордун берген жыйынтыктары жөнүндө мындай деди: “Бул проект аркылуу биздин мектепте 4 кабинет ремонттолуп, аларда видеокамералар коюлуп берилди. Ошол кабинеттерде мурда кадыресе сабактар өтүлүп келсе, азыр ал атайын кабинеттерде химия, физика сабактары боюнча ар түрдүү тажырыйбалар жүргүзүлөт. Себеби, ал класстар көпчүлүктүн көөнүндө экени дайын. Балдар да сабактан кийин өздөрүн карап, сырткы көрүнүшүн, сүйлөө манераларына байкоо салып, кийинки сабакка даярданып, кемчиликтерин жоюу аракетин көрүшүүдө. Долбоор бир катар мектептерге интерактивдүү доскаларды коюп бериптир. Бизде 6 интерактивдүү доска болгондуктан, мектебибизге коопсуз эшиктерди, кургак бассейин коюп беришти. Эсептегич чырактар, кол жууганда кургатуучу жабдуулар орнотулду. Биздин мектепте материалдык-техникалык база жакшы. Бирок, долбоор аркылуу алган кошумча мебель да балдарга өзгөчө жакты. Анын өңү да кишини өзүнө тартып турат. Азыр ал жерде кеңешип олтургандар көп”.

Учурда көп көйгөйдүн арасында окуучулар арасында өз өмүрүн кыюу, мушташ, рекетчилик дагы жок эмес. Долбоор билим берүү системасындагы психологиялык коопсуздукту да эске алган. Ал тууралуу долбоордун өкүлдөрү: “Эске алуучу нерсе, мектеп, так айтканда анын ички атмосферасы, окучуулардын психологиялык ыңгайлуулугун толук камтый албайт. Мектеп чөйрөсү кээ бир окуучулар үчүн стрессогендүү болуп, өзү менен ар кандай негативдүү көрүнүштөргө алып келет. Коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу үчүн тийиштүү ченемдик база, эмгекти коргоо талаптарын сактоо, окуу процессинин катышуучуларын өзгөчө кырдаалдардан сактоо максаты жана инсандын психологиялык коопсуздугун камсыздоо керектелет да, ал өзүнө анын маалыматтык коопсуздугун да камтыйт. Зомбулук жүрүм-турумдун бардык формалары жана түрлөрү менен күрөшүүдө мамлекеттин, билим берүү мекемелеринин, жергиликтүү бийлик органдарынын, ата-энелердин жана коомчулуктун биргелешкен иши болушу кажет. Бул учурда гана биз өзүбүздүн мектептерибизди балдар үчүн коопсуз кыла алабыз,-дешет.

 Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, мамлекеттин жана коомдун алдында балдардын сапаттуу билим алууга, ошол эле убакта ден-соолугун сактоого шарттарды түзүү боюнча маселе турат. “Бул Кыргыз Республикасында билим берүү системасын комплекстүү түрдө модернизациялоодогу бирден бир негизги шарт болуп эсептелет. Жалпы билим берүү мекемелеринде коопсуз, толеранттуу жана көп тилдүү билим берүү чөйрөсүн түзүүдө, “билим берүү системасынын инклюзивдүүлүгүн” да камсыздоо КРнын Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында да аныкталган жана Өкмөттүн 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүүгө өтүү Программасында да жазылган. Акыркы 10 жылда биздин билим берүү системасы трансформацияланууда. Бул бизде эле эмес, бүтүндөй дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде жаңы форматты издеп жатышат. Андыктан, биз дагы технологиялардын өнүгүшүн колдонуу менен балдарыбыздын билим деңгээлин, ой жүгүртүүсүн өстүрүп, коопсуздугун камсыздашыбыз кажет”,-дейт.

«БИОМ» ЭКнын өкүлү: “Коопсуз мектептик чөйрө өзүнө бир нече аспекттерди камтыйт, ал- психологиялык социалдык коопсуздук (укугунун чектелбеши, зомбулуксуз, жана толеранттуу чөйрө); физикалык коопсуздук (коопсуз имараттар, анын ичинде өзгөчө кырдаал учурундагы коопсуздук, окуу үчүн жабдуулар ж.б.у.с.); экологиялык коопсуздук (таза аба, суу, канализация, пайдалуу тамак-аш, жарыктын жогорку сапаты, ыңгайлуу температура, туура желдетүү, энергоэффективдүүлүк, бакчылык ж.б.). Ар бир мектепте конкреттүү бала болгондуктан, биздин максат, мектеп дубалдарында ага коопсуз дүйнөнү түзүү болуп эсептелет!”,-деп билдирди.

Чын-чынына келгенде, мектептин ичиндеги маселеге мугалимдер жооп берсе, андан тышкаркы жердеги жүрүш-турушуна ата-эне жооптуу. Бирок, ошол көйгөйдүн келип чыгыш себебин ким күнөөлүү? Андыктан, балдардын тагдыры жана келечеги үчүн бул маселелер толук иликтенип, анын келип чыгуу себептерине бөгөт болчу иштерди да жасашыбыз кажет. Ошондуктан коопсуздукту камсыз кылууга дээрлик бардык структуралар менен жергиликтүү бийлик дагы тартылышы зарыл.

-Андыктан, Кыргызстандын мектептеринин коопсуз билим берүү чөйрөсүндө улуттук стандарттарды иштеп чыгуупроцессине аткаруу бийлигинин органдарын, анын ичинде КР Билим берүү жана илим, Финансы министрлигин, жана башка министрликтер менен катар Жогорку Кеңешти да тартуу керек,-дейт адистер.

Азыркы убакытта кээ бир мектептерде ичүүчү таза суу жок, ал эми дааратканалар эшикте жайгашкан. Ошону менен бирге көпчүлүк мектептерде башка коопсуз шарттар камсыздалган эмес. Бул факторлор балдардын ден соолугуна таасирин берет. Ал эми, кай бир мектептерде балдар жетишпей жатса, кээсинде нормадан көп.

Каракол шаарындагы №11-мектеп-гимназиясы калаада балдарга сапаттуу билим берген мектеп катары белгилүү. Андыктан, ага балдарын окутабыз деген ата-энелер дагы көп. Ошого байланыштуу метеп өз нормасынан 3 эсе көп балдарга билим-тарбия берип келет. Анан эмнеге ушундай мектепке кошумча корпус салынбайт? Бул маселени ким чечет, каражатты ким берет?

Аталган мектептин директору Гүлзат Сөйкөева мектепте окуучулардын санынын нормадан көп болушу дагы окуучулардын билим деңгээлине көп таасир берерин айтат. “Азыр биздин бир класста 40тан ашык окуучу окуп жатат. Мектеп 960 окуучуга  эсептелген болсо, учурда бизде 2600 окуучу окуйт. Биз мунун үстүндө жергиликтүү бийлик, ата-энелер менен бирге аракет көрүп жатабыз. Ал эми, балдардын коопсуздугу үчүн билим уябызда болушунча шарт түзүлгөн. Коопсуздук кызматкерлеринен сырткары, мектептин сыртында, ичинде видео көзөмөл коюлуп, айланасы корулган. Бирок, биздеги эң чоң көйгөй — класстардын жетишсиздиги. Бул дагы болсо балдардын ден-соолугуна кооптуу”,-дейт ал. Ал эми, Кыргыз өкмөтү мамлекет 600дөй жаңы мектепке муктаж экенин белгилейт.

“БИОМ” Экологиялык Кыймылынын өкүлдөрү «Мектеп – бул балдар убактысынын көбүн өткөрүүчү жер, ошондуктан ал белгилүү талаптарга жооп берүүгө тийиш. Маселен, экологиялык коопсуз мектеп – жөн гана сабак өтүүчү имарат эмес. Турак-жай имараттарынын микроклиматы – бул имараттагы метерологиялык шарттардын комплекси: оптималдык температура, нымдуулук, аба алмашуу, абанын курамындагы катуу бөлүкчөлөр (чаң), жагымсыз жыттардын жок болушу. Класста же кабинетте 35-40 окуучу көп убакыт болгон учурда аба гигеналык талаптарга жооп бербей калат”,-деп билдиришет.

Айтор, ушул маселенин баарын ичине камтып, аны чечүү жолун издеген аталган долбоор азырынча республикабыздагы саналуу мектептерде өз ишин баштады. Ал бара-бара дагы кулачын жаят дешүүдө. Ал эми, биз ал аркылуу өлкөбүздүн билим берүү тармагындагы бир катар көйгөйлөр чечилерин тилеп туралы.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА