Бардык цивилизациялуу өлкөлөрдөй эле Кыргызстан деген өлкөбүздө өзүнүн Конституциясы, Президенти, Жогорку Кеӊеши, Өкмөтү бар. Аларга караштуу жоон топ бийлик бутактары да бар. Анан дагы өкмөттүк эмес уюмдардын «ит билсинби» эсебинде толгон –токою өз мамлекетинин «таягына» «кычыша» сөйкөнүп жашап турат. Эл катары өзүнүн оппозициясы да бар…  Баары бар да анан эле мамлекеттин келечек жакшылыгын мелжеген даӊгыр жолу жок, мамлекетибиз хаос абалынын кебетесинде бир жакты эмес, туш тарапты көздөй кетип бараткандай сезилет… Бу жерде Крыловдун айтылуу тамсили шоона эшпей калат. Ооба, «сезилет» деп абалды эркелете, жымсалдай айтып жатпайбызбы. Болбосо, абалды атынан чакырчу болсок, анда аябагандай жаман абалдын жаман сөзү айтылмак, тил барбайт… Коомубуздун ошентип жакшы абалда өнүгө албай жатканы кайсы коомдун мыйзамы менен жашап жатканыбыздын ажырымы жоктугунанбы? Социализм кезинде «коммунизм курабыз» деп алдыга жакшынакай милдет кылып, аны «программа максимум» деп атап алып жашачу элек, капитализмди басып тургандар өз жолу менен кетип жаткан. Анан биз «социализм» деген түзүлүштү жок кылып, мурун аты-жыты жок коомду жаратып алып, ондогон жылдары терип-тепчип жыйнаган чарбабызды Талгарбеков дегендерге ойронун чыгарта талкалатып алып, анын кандай мыйзамдары менен жашай турганыбызды билбегендиктен болуп жатабы? Же баары жөнөкөй элеби, адамдыгыбыздан кайтып турабызбы?! Ошондой болушу да мүмкүн… Ооба, адамдыкты, анын ичинде ыйманды эсепке албаган коом келгендир, же дагы бир башка себеби бардыр чар-жайыт жашап жатканыбызга?

            Бизде мамлекетибиздин жалпы өнүгүшү үчүн түзүлгөн, жазылган программа жок. Туш келди кетип баратканыбыздын бирден бир себеби да ошондон.

            Конституция жана андан «туулган» сансыз мыйзамдар кагаз түрүндө жашап, накта турмушка аралаша албай келет. Демек, мыйзамдарыбыз иштебейт. Ар бир мыйзамдын иштеп турган, бирок, жазылбаганы үстөмдүк кылат. Аны бузулган ниет жана «кыргызчылык» деген ошол бузулган ниетке шайкеш келген көрүнүш коштоп келет. Ошентип, «бузулган ниет», «кыргызчылык», «жазылбаган мыйзам» үчөө биригип, түз кетип берчү турмушубузду былгытып жатпайбы!

            Мына, жогоруда айтылган «үч желмогуз» биздин турмушту тескери жолго салып жатат: актыкты каралык басып алган; адамкерчиликти наадандык басып алган; ак көӊүлдүктү таш боордук басып алган; тазалыкты ыпластык басып алган, назиктикти зөөкүрдүк басып алган; ж.б.

            Мына ушунун баарын бала-чакабыз — келерки ордубузду басарларыбыз көрүп жатат, ошого жараша жосун алып жатат, такшалып жатат… Жамандыкка адам бат такшалат эмеспи… биздин жаштар «жакшы» такшалып жатат, демек, келечегибиз «кенен»!  «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» деген накыл кеп таасын айтылган эмеспи!

            …Ии де, коррупцияга каршы күрөштү «катуу» жүргүзүп жатабыз. Айыл өкмөттө да, акимичиликте да, облуста да, Өкмөттө да, Жогорку Кеӊеште да, Президенттик аппаратта да коррупцияга каршы «аёосуз күрөш» жүрүп жатат. Олда кокуй ай, ал күрөш ооздон чыккан жел болуп, карандай кара сөз түрүндө кетип жатпайбы…  Тигине, бир ирет президент Сооронбай Жээнбеков  айтты эле: «коррупционерди көчөгө баса албай тургандай абалга жеткириш керек»- деп. Анан кандай болуп жатат? Коррупционериӊ көчөнү толтуруп басып жүрөт, ал гана турсун салтанаттарда сүйлөп жатат, президенттин кабыл алуусунда болуп, «кеӊешин» айтып жатат. Сооронбай Жээнбеков мурунку жетекчилерди- премьерлерди жана парламент төрагаларын чогултуп, алардын «акылын» укканын эстедим… Дээрлик көбү коррупциялык ишке аралашып калган немелерде, эмненин акылы, наалатыныкы?! Эгемендик алгандан кийин жеп-ичүүнүн классикалык түрүн көрсөткөн Апас Жумагуловдо ненин акылы?!  Ага окшош Феликс Куловдо суутуп койгон акылбы?! Ошол кезигишүүгө «акыл» айтканы уялбай-этпей эле келген бардык кейипкерлерге жогорудагы  суроо жарашып берет!

            Акматбек Келдибеков менен Нариман Түлеев, Равшан Жээнбеков менен Акылбек Жапаров, Апас Жумагулов менен Феликс Кулов, Турсунбек Чынгышев менен Кубанычбек Жумалиев, жана ушул сыяктуулардын көбү  айтылуу коррупционер экендиги «даӊазаланып»,  кээси тор артына жатып чыгышты, калганы жооп бере турган түрү жок.  Коррупционерлериӊде элден уялуу сезими болбойт экен. Алардын баары эле  элдин алдына чыгып телерадиолордогу көрсөтүү, уктурууларга активдүү катышып, кээси менен «таза бололу» дегенден кеӊири айтып жатпайбы! Шору калыӊ эл экенбиз да, биз ошолорду угуп жатпайбызбы?!  Баарынан кызыгы бул болду- мурунку президент Атамбаев Келдибековду, Бекназаровду, Дүйшөбаевди сындаса, аларыӊ сотко берип, утуп алып жатышпайбы?! Ана эмесе, беттырмарлык деп ушуну айтыш керек!  Бул үчөөнүн коррупциялык жолу узун-узун…  Атамбаевдин «жигиттери Кулматов менен Ибраимов жөн жерден эле соттолуп жатат» дегенден да алыс бололу…

            Матраимов Рай-миллион деген бар. Ошол Бажы кызматындагы коррупциялык иши үчүн кызматтан алынса, соттор аны кызматына кайра келсин деген чечим чыгарып беришти. Муну ким чечмелеп бере алат?! Кынча жыл болду, сот тараптын «реформасы» бүтпөй койду. Ал эмне болгон «реформа» экендигинен деле калктын түшүнүгү жок. Бир билгенибиз жеп-ичкен соттор өз жолу менен мурункудай эле куунаган кебетесинде  кетип баратат… «Реформасы» кайдан кирип, кайдын чыгып жатканын билген адам жок.

            Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 500 миӊ(!) доллар пара сурап, анын 20 миӊин алып жаткан жеринен колго түшкөн. Бул иште ошол кездеги министр Жамшитбек Калиловдун  сөзсүз байланышы бар да. Ал болсо, эч нерсеге жооп бербей эле президенттин «жардамы» менен иштен кетип берди. Эми алгандарынын үзүрүн көрүп жатат да…

            Генпрокуратуранын тергөө башкармалыгынын (!) башчысы Арпачиев 100 миӊ сом пара алып жаткан жеринен кармалып соттолгон. Көрдүӊүзбү эӊ башкы көзөмөл органынын тергөө башкармалыгынын начальниги пара менен кармалганын! Бул «иш бүткөн тура» деп айла жок, боздоп туруп айтчу көрүнүш го!

            Кыргыздардын жашоосунун негизин түзүп келген сапаттар: ыйман, акпейилдик, боорукердик, күйүмдүүлүк, улууну сыйлоо, кичүүдөн ийменүү, туура айтылган кептин күчү, таза абийир, намыс… деген түшүнүктөр күчүнөн тайып барат! Кээси жок болуп берди!

            …Бала бакчалар, мектептер, көпүрөлөр, жолдор жана башка курулуштар курулуп жатат. Мына ошолордун баарынан каражат жеп-жутулат. Каражаты желбей курулган бир дагы курулуш жок. Бул трагедия го бир!

            Бишкек жылуулук борборун оӊдоп-түзөөдө 110 миллион, Нарын гидростанциялар каскадын курабыз деп 36 миллион  жеп жиберип жатпайбы. Ал эми жол салууда жеп-ичкендик мыйзам чегинде жүрөт. Анын баары жалпы элге, транспорт министрлигине бештен белгилүү. Министрликте чара көрүүнүн ордуна кошо жешет. Баса, чара да көрүлөт, бирок, аларыӊ чогулуштарда гана айтылат, куру сөз түрүндө…

            Билим берүү жана илим, айыл чарба министрликтери аты бар заты жок болуп келатканына көп болду. Министрлер Кудайбердиева менен Мурашовдор «эрке талтаӊ» кебетесинде иштеп келет. Дегеле, бир дагы министр «мына, атаӊкөрү» дедиртип ыраазы кыла иштегени жок. Премьер-министр Абылгазиев Жогорку Кеӊеште отчёт берип, докладын жакшы окуду…

            Жалаӊ акчалуулардан куралган Жогоку Кеӊеш жөнүндө айтып жатып жадашты. Ал жер былгып жатканы….

…Маданиятта болсо, сыйлык сураган, наам сурагандар котолошот. Акын-жазуучулар же артисттер 50, 60, 70… жашка чыктыбы сөзсүз «элдик» деген наамды алыш керек. Чыгармачылыгы менен иши жок, ошол наамды сөз жок алыш керек. Былтыр кеп кеткен, композитор Бегалиев кол топтоп ошол кездеги маданият министри Султан Жумагуловго: «Мага баатыр наамын алып бергиле» деген экен. Э балакет баскырдыкы, Муратбек Бегалиевге окшогондор эле баатыр боло берсе, анда «баатырларыбыз» элге-журтка батпай кетет го?!

Кээ бирөөлөр небак дүйнөдөн өткөн аталарына, жакындарына «баатыр» наамын алып берүүгө аракеттенип жүрөт. Бу да болбогон иш. Согушта баатырларча курман болсо го иш башка… Баса, бу «баатырдык» дегенди экиге бөлүш керек. Антпесе, үйүндө жатып алып ыр жазып, короосуна ууру секирип түшсө, кемпиринин дамбалына кире качкан өлө-сөлү чалдар деле, өлүмдү тике качырган жигит  деле бир кырка каралып жатпайбы.  Ооба, бирин «эмгектин баатыры» деп бөлүп коюш керек.

            Бүгүнкү күндө «Эл жазуучу», «Эл акын», «Эл артист» дегендер батпай да кетти. Чыӊгыз Айтматов деле «Эл жазуучу», Султан Раев деле ошондой… Дооронбек Садырбаев деле «Эл артистти», Молдомуса Мамбетакунов деген режиссёр деле ошондой… Бул өтө уят иш…

            Өзүбүзчө мамлекет болгону бир жакшы жетекчиге жетпей койдук, президентке дегеним. Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков. Башкы экөөнө го сын жок, качып жок болду. Анан беркилер деле журт башына жакшылык алып келе алган жок. Иштемиш этишти, иштегени жакшы жыйынтык бербей келет.

            …Биз кыз атасынан төрөдү, толгон кыздарды атасы зордуктады, баласы атасын, атасы баласын өлтүрүп жатат… кокуй ай, бул көнүмүш ишке айланды!            Бул эмнеден? Бул деген ошондой кылмыштардын дароо жазасын бербей, «башынан сылай» эркелеткендиктен болуп жатат. Эгерде ушундай кылмышты кылгандар дароо атылса, мындай иштер кайталанмак эмес!

            Кылмыш-жаза кодексинин жаӊы мыйзамында көп кылмыштар тим эле эркелетилет да. Жазалоону күчөтүштүн ордуна аны аябай жеӊил кылган мыйзамды кайсы келесоолор сунуштады экен?!

            Жок, мамлекетибиздин бир жакшы багытка кеткен келечек жашоосу жок. Ар ким эле өзүнүн кызыкчылыгы үчүн катуу күрөшүп жатканы…

                                                                                                 Баратбай АРАКЕЕВ