Белгилүү режиссёр Нурлан Абдыкадыровдун ысымы калың журтка кыйладан бери белгилүү. Ал 1984-жылы  Ташкент мамлекеттик театралдык институтун бүткөндөн бери маданият майданында үзүрлүү эмгектенип келет. Ал чоң сахнада режиссёр катары ондогон спектклдерди  койгон. Андан тышкары, ондогон киносценарийлерди жазып, ондогон документалдуу, кыска жана толук метраждуу тасмаларды тарткан. Ошондой эле бир нече тасмада актёр катары роль жараткан. Бир нече тасмасы мыкты деп табылып, Эл аралык кинофестивалдарда байгелүү орундарды алган. Нурлан мырза, 1991-жылы Ленин комсмол сыйлыгы менен сыйланган. Кийинчерээк  КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамына татыктуу болгон. Баса, Нурлан мырза, элибиздин белгилүү инсандарынын бири, белгилүү жазуучу, режиссёр Жалил Абдыкадыровдун уулу. Кыргызда: “Аккан арыктан суу агат” -дегендей ата жолун жолдогон Нурлан мырза менен чыгармачылык тууралуу маектештик.

—Нурлан мырза, чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар? Окурмандарга жакшы жаңылыктарыңыздан айтып берсеңиз…

—Чыгармалычыгымда негизинен изденүү менен алек болуп жатам. Мен көп окуп, көп изденем. Бир нече сценарий жазып койгом. Бирок аны ишке ашырганга каражат жок. Кендирибизди баягы эле каражат маселеси кесип жатат. Мага “Кыргызфильм” киностудиясы 2013-жылдары 2 миллион сом берген. Калган каражатты өзүм таап, “Кыргыз-казак” деген тасма тарткам. Жалпысынан бул киного 140 миң доллардай кетти. 2016-жылы ал кинону прокат кылдык. Бирок ошол кезде ай сайын 4-5тен жаңы кинолор чыгып жатканына байланыштуу прокатты узарта алган жокпуз. Ошол себептен кеткен чыгымды актай албадык. Казактар да бул кинону жактырышты. Бирок Казакстанда көрсөтө албай калдым.

—Кандай себеп менен?

—Себеби, менден чоң суммадагы пара сурашты. Акча жок, чыгармачыл жамаатка өзүм карыз болуп турсам, кайдагы пара?  Кыскасы, бул тасмамды калың журт көрө элек. Анткени, кинотеатрда бир аз көрсөткөн бойдон интернетке чыгарганым жок. Мындайча айтканда,  “катып” олтурам. Кудай буйурса, эми жакында элге кайра көрсөтүп, прокат кылайын деген оюм бар. Кыргызстандан тышкары, Казакстандан көрсөтүүнүн жол-жобосун тапканга аракет кылуудамын.  Мындан тышкары, бир жакшы сценарийимди тартайын деп, каражат издеп жатам.

—Нурлан мырза, эми кыргыз киносундагы негизги көйгөйдөн кеңири сүйлөшөлү. Ачык айтканда коррупция маселеси боюнча. Сиз да жүрөк ооруткан көйгөйдү жакшы билесиз. Болушунча ачык айтып берсеңиз. Кино департамент менен “Кыргызфильмдеги” коррупцияны бир катар режиссёрлор ачык эле айтып келатышат…

—Кыргыз киносуна ашып кетсе 20 миллиондон ашуун каражат берилет. Бул акча абдан аз да. Буга чейин  департаменттин директоруна, азыркы маданият министрине айткам. Садык Шернияздан “Жок дегенде 50-100 млн. сом сурагылачы” деп сурангам. Ошондо жыл сайын 20 режиссёр кино тартарын, эч кандай интрига, ушак болбосун айткам Алар мага: “Алар баары бир бизге ырахмат айтышпайт. Жакшылыкты билбейт”-дешкен. Мен деле билем го. Чын эле акча бөлүп берсеӊ кайра өзүӊдү жамандайт. Негизи киного бөлүнгөн каражатты көбөйтүш керек… Мен тарыхты да жакшы билем. Мисалы, бизде эӊ белгилүү адам азыр Жусуп Абдрахманов.  Бул киши тууралуу кино тартуу керек экендиги боюнча  Өкмөткө бир топ аксакалдар кат жазышты. Ага да кызыгуу болбогондуктан жооп болгон жок. Мунун себебин мен жакшы билем. Анткени эгерде парламентте 10-15 көлдүк депутат болуп, алар бул инсандын ишмердүүлүгүн чагылдырган кино тартуу тууралуу маселе көтөрүшсө анда кино тартылмак.  Бул маселе боюнча вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова менен да сүйлөшкөм. Ал киши мага Маданият министри кызматын сунуштап калды. Мен андай сунуштан дароо баш тарттым. Себеби, даяр эмесмин. Балким, ал кызмат тууралуу 4-5 жылдан кийин ойлоном. Ага чейин мен жакшы тасмаларды жаратышым керек.

(Уландысы бар)

суроо салган Айбек Шамшыкеев

Режиссёр: Н. Абдыкадыров. «Чтения Перарки»