—Калдарбек мырза, эркектердин бел кубатынын начарлаганы эмнеге байланыштуу болот?

—Эркектердин алсыздыгынын келип чыгуусунун себеби, негизинен репродиктивдүү функциясынын жакшы иштебей калганына байланыштуу болот. Ошон үчүн эркек балдарды тээ бала-бакчага барып ,мектепте окуп жаткандан баштап  профилактика кылып  хирургдар, урологдор  карап турушу керек.   Жумурткалары ордуна түшпөй калган балдарды педиатрлар 5-6га чыккыча жакшы дарылап турса ,ошол балдардын чоӊойгондо репродиктивдүү функциясы өтө жогору болот. Мындан тышкары  жеп аткан тамак-ашына, экологияга байланыштуу болот. Же болбосо инфекциялык ооруларга тез-тез чалдыгып убагында дарыланбай  репродуктивдүү функциясы бузулуп тестестерондор жакшы чыкпай   кездешет. Жаш жигиттер 4-5 жылга чейин жашап,  “бала боло албай жатабыз” деп  кайрылышат. Алардын  анализдерин алганда эле дароо билинип калат. Оорунун алгачкы баскычтарында  калыбына келтиргенге мүмкүндүк болот. Ал эми оору күчөп кетсе операция жолуна кайрылууга туура келет. Андай учурда бейтаптарды урология борборуна жөнөтөбүз. Үч айга  чейин организми көтөрө турган уколдорду сайып сакайтууга болот. 

—Кээ бирөөлөр уялгандан улам дарыгерлерге кайрылбай өз алдынча дарыланышат эмеспи. Анан жасалма жол менен жыныстык жактан күчтүү болуш үчүн атайын дарыларды ичкендер болот. Аларга кандай  кеӊеш бересиз?

—Эми жасалма жол менен болгондо  чөптөрдү кайнатып, мүйүздөрдү спиртке салышып ичип келгендер болот. Биз эми кайсы чөптү ичип жатканын билбейбиз да. Бирок алардан натыйжа болбой тескери таасирин тийгизген учурлар болот. Андай дарылар аптекаларда сатылгандыктан дарыгерлердин кеӊеши менен берилет. Виаграны бир эле балалуу болуш үчүн эмес потенцияны жогорулатуу үчүн ичип жүрүшөт. Аны дагы туура ичпей өздөрү эле сатып алып таблеткасын 100мг.дан жогору ичип алгандар болот. Ал кан басымды көтөрөт. Жүрөккө да таасирин тийгизген учурлар болот. Эми дарыдан көп ичип алып мүрт кетип өлгөндөрдү укпадым. Бирок бизге ичип алып кызарып-татарып келгендер көп болот.

Ал эми виаграны  дарыгерлерден сурап өзүнүн өлчөмү менен ичүү керек. Виагра жаман дары эмес. Анткени ал убагында жүрөктү дарылоо үчүн жасалган дары болгон да. Кийинчерээк урология жаатында колдонула баштаган. Бул дары 25мг.дан ашырылбай өзүнүн өлчөмү менен берилиши керек. Ошон үчүн өз алдынча аптекалардан алып ичкен туура эмес  болуп калат. Ал дарыны ичээрден мурун сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек.