—Зарылбек мырза, Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келерин ачык айтып жатат. УКМК болсо ал келсе, мыйзам алдында жооп бере турганын билдирди. Бул маселеге сиздин көз карашыңыз кандай?

—Бабановго козголгон кылмыш иш кыскарган жок. Күчүндө турат. Ал Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам алдында жоопко тартылып, тиешелүү жерге олтуруп чыгат. Мен буга ишенгим келет. Бирок Бабанов учурда кыздардай кылыктанып жаткан чагы да. Кыздар: “Келем, келбейм, берем, бербейм. Басам, баспайм”-деп кылыктанышат эмеспи. Ошол обу жок кыздардай эле болуп жатат. Ар кайсыны айтып жар салбай эле, эркек болсо  унчукпай эле келип, мыйзам алдында күнөөсүн жууп, жооп бериши керек эле. Тилекке каршы, анткенге эрки жетпеди. Жетпейт дагы. Чынында Бабановду эч ким кууган жок, ал өзүнүн акылга сыйбаган аракетеринен улам качып кетти да. Шайлоодо элге толгон-токой кооз убадаларды берип, 600 миңге жакын адамдын добушун алды. Бирок ал ошончо элдин үмүтүн актаган жок, актамак турсун, алардын добушун,  ишенимдерин, үмүтүн  унитаздагы суу менен кошо агызып жиберди. Бул анын баарыңардын добушуңарды урдум деп качып кетип калганынын белгиси да. Кандайынан алып карабайлы, анын бул кадамы  эми жеткен нааданчылык  болуп тарыхта кара тамга менен жазылып калат. Эркеликтин, көпкөндүктүн да чеги бар. Бабанов ошол чектин баарын тепселеп салды да. Бабанов чындап келе турган болсо келсинчи, анан көрө жатабыз да.

—Бабановчу депутаттар анын келиши боюнча маселени президент менен сүйлөшүп жатышканын кыйытышкандай болду. Бул эмнеден кабар берет?

—Бул сөз менимче, алардын өздөрү эле ойлоп тапкан провокациялык  сөздөрү болсо керек. Эгер президент ошондой кадамга бара турса, кандай болуп калат? Эл кандай кабыл алат? Эл менен ойнобош керек да. Себеби, Жээнбеков шайлоо учурунда дебатта коррупцияны Бабановдон баштай турганын баса белгилеп айткан болчу. Калың эл президенттен мына ошол айткан сөзүн качан аткарат деп күтүп жатат. Менимче, президент өзүнүн абийири булганбасын деп  андай кадамга барбайт деп ойлойм.   Бабановдун маселеси боюнча Башкы прокутура кандай иштейт?  УКМК кандай иштейт? Убагында көрөбүз да. Атайын кызмат  аябай иштеп жатканын көрүп жатабыз дечи…

Сөзүңүзгө аралжы “аябай” деп УКМКны  сындап айтып жатасыз да…

—Ошондой, баарын көрүп жатпайбызбы. Ушунча убакыттан бери Бакиевдердин бирөөсүн бизге белгилүү болгон мамлекеттерден уурдап келгенге, же ошол жактан тындым кылганга жарабады.  Иштегени эч бир купулга толбой жатпайбы. Силер айтып көргүлөчө, аткарган бир иши элге жагып, алкышына  татыдыбы? Жакындагы эле бир ишин айталычы. Баткендеги чек ара  чырында кыргыздар менен тажиктердин чырына жол берди. Чабыштырып коюшту. Кайсы тараптан албайлы, артка кетип, утулуп жатат да. Каякты карап олтурушат? Кыскасы, бул маселе боюнча айтчу сөз көп эле.

—Бабановчулар аны аэропорттон 20 миң киши менен тосуп ала турганы боюнча маалымат таратып жатышканына кандай карайсыз?

—Болбогон эле кеп да. Бабановдун келишин көбү каалаган жок. Андай сөздөрдү бабановчулар чыгарып жатышат. Калганына баарыбир. Балким өздөрүнчө даярдык көрүп, элдин психологиясына ойноп жатышкандыр. Ким болсо да, кандай болгон учурда да, ал мыйзам алдында жооп бериши керек. Эгер мыйзамды тебелеп, ар ким каалаганын кыла берсе, анда биз кандай мамлекет болобуз?

—Акчага таянып, ошондой иш-чарага камынып жатышы мүмкүн да…

—Такыр андай эмес деп айтууга да болбостур. Акчага көпчүлүк азгырыларын да жакшы билет. Мен Бабанов качып кеткенде, силердин гезитке  “эми ал ар кандай жол менен кайтыш үчүн, бийликтин алдына көлдөлөң болуп төшөлүшү да мүмкүн”- деп айткам. Ал мен айтканды иш жүзүндө далилдегиси келип жаткандыр. Эмнеге дегенде анда намыс, ар деген жок да. Силер билесиңерби, Бабанов Кыргызстанга эмне үчүн кайткысы келип жатканын? Себеби, анын чоң бизнес долбоорлору ишке ашпай, жалпысынан бизнес иштери жакшы жүрүшпөй калды. Анткени, кайсы бир ишке инвестиция тартайын десе, козголгон кылмышына байланыштуу инвесторлор баш тартып жатат. Анын үстүнө ушуга байланыштуу да бир топ акчасы короду. Акчасы аз калганы үчүн келип жатат. Эгер акчасы коробосо, улам-улам көбөйүп турса, Кыргызстанга келмек эмес.

—Бабанов Кыргызстанга инвестиция менен кайтам деп жатканын кандай кабылдадыңыз?

—Бул эми күлкү келтире турган, бир чети кыжырды кайната турган сөз да. Анын мындай сөзүнө ишенип болбойт. Ишенип алып, тырмакчага алып айтканда “эшек ” болуп калгандар көп болду да. Кайдагы инвестиция, кайдагы жыргатмай? Ушунча жылдан бери көрдүк го, жыргатканын.

Акыркы суроо. Камчыбек Ташиевдин Москвага барып кайрадан Бабанов менен биригип, экөөнүн кайрадан бири-бирин мактап жатканы сынга алынууда. Бул боюнча да өз оюңузду ортого салсаңыз..

—Экөө тең кандай адам экенин, саясаттагы кадамдары кандай болгонун жакшы билебиз да. Экөө тең “Алымкан” да  бир күн оору, бир күн соо дегендей. Экөөнө тең ишеним жок. Экөө тең турган жеринен сатып кете  турган адамдар. Экөөнү мактап, даңзалап, ошол экөөнө ишенип жаткандарга таң калам.

                                                                                                   Багыт Kg.