Табыпчылык өнөрдү аркалап, бейтаптардын дартын туура жана так аныктаган  Динара айымдын элге кызмат кылып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатканына 15 жыл болгон экен. Маектин башында бул табыптын врачтар менен тыгыз кызматташып жаткандыгын баса белгилеп кетмекчибиз.  “Тамырчылыкты медицинанын бир тармагы деп билем”-деген  Динара айым өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу буларды айтып берди.

“Касиет кээ бирөөлөрдүн тилине берилсе, айрымдардын  дилине берилет экен”

Динара Жакыпова.

—Бул касиетти тукум куучулук деп ойлойм. Анткени биздин тукумубузда бар. Чоӊ атабыз касида окуган күчтүү касиеттүү киши болгон экен. Ал киши мындай касиетин небереси катары мага таштап кетти го керек деп ойлойм. Себеби мен балдарды алаканым менен дарылайм. Балдар кусуп ыйлап келишкенде сылап-сыйпап кармалап койсом дарыга чейин эле жакшы болуп калышат.  Боюнан козголуп келген келиндерди эмдеп-домдоп койсом алар дагы кадимкидей бул көйгөйдөн арылгансып өздөрүн сакайгандай жеӊил сезип калышат. Көздөрү кызарып майда кан тамырлары жарылып келгендерди үйлөп койсом мурдагы калыбына келип калат. Ошондо  мындай жыйынтыктарды касиеттин тийгизген таасири го деп өзүм ойлонуп калам. Баштын кан басымынан жабыр тартканда дары ичкенине карабай эки-үч күн уктай албай кыйналган балдарды алып келишкенде, аларга да шыпаам тийгендиктен көӊүлдөрү ачылып көшүлүп уйкуга кетишет. Эгер мага чочуган, көбүнчө сүйлөй албаган балдарды өз учурунда алып келишсе жыйынтык жакшы эле болот. Эми оорунун түрлөрү канчалык көп болсо касиеттин түрлөрү да ошончо көп деп ойлойм. Ал эми касиет кээ бир адамдын тилине берилсе, айрымдардын дилине, жүрөгүнө берилет экен. Бул касиеттин таасири тууралуу айта турган болсом бутуӊ тартпай турган жерге өзүӊ эле баргыӊ келбей жатканын сезе баштайт экенсиӊ. Андай жерге барып калсаӊ сөзсүз бир нерсени көрөсүӊ. Ошон үчүн дайыма эле тобокелчиликке баргандан сак болуш керек. Кээ бир жерге барсаӊ касиетиӊ отургузбай кайра үйгө келе бересиӊ. Кээде гана айрым жерлерде касиетиӊ кеӊири отурганга мүмкүнчүлүк берет экен. Ошон үчүн касиетти “ар кандай кырдаалдан сактоочу ыйык нерсе экен” деп билип калдым. Менин чоӊ атам табыпчылык касиетке ээ болгондон тышкары илимдүү  молдо болгондуктан араб тилинде 500 китеп жазган экен. Ал учурда Совет өкмөтү динге каршы саясат жүргүзүп атеисттик заманды орноткондуктан ал киши кулакка тартылып кетип, ошол бойдон келбей калыптыр. Мисалы чоӊ атам талманы, акылынан айныгандарды, чочуп басып кеткендерди, байлатма жиндилерди бакка таӊып өзүнүн касиети, окуган илими менен таптаза айыктыргандан тышкары  басылбаган тиш ооруну, баш ооруну, айыкпаган жараларды (азыркы аллергия ), сөөл, меӊ, ала (витилиго) ооруларын да  дем салуу менен таза сакайтыптыр. Бул тууралуу чоӊ атамды көргөндөр эмдигиче айтып жүрүшөт.

“Табыпчылык касиетти байкабагандыктан көп убакытты өткөрүп коюптурмун”

—Өзүмдүн табыпчылыкты аркалап калышымдын да башталыш себептери мындай болду. Кичине кезимде эпилепсия менен беш-алты жыл оорудум. Ошол кезде эле табыпчылык касиетти Аллахым  мага бергенин балалык кылып байкабагандыктан көп убакытты өткөрүп коюптурмун. Анткени кийинчерээк турмушка чыгып балалуу болгон соӊ 33 жашымдан баштап кайрадан оорум күчөй баштады. Үч жыл доктурдан ошондо дарыланып сакая албаганымдан  оорунун азабынан бир молдого көрүнгөн элем. Ал молдо: “Сен дарыгер болуп элди дарылайсыӊ. Сен элге керектүү касиеттүү адам экенсиӊ”,-деп айткан эле. Акыры табып катары элге кызмат кылышыма ошол киши себепкер болду. Кудайга шүгүр, элдин алкышына ээ болгондуктан бүгүнкү күндө эмгегимдин үзүрүн көрүп жатам. “Сиздин дарыгерлик касиетиӊиз күчтүү экен. Балам сизден жакшы болду”-деген сөздөрдү укканда телефондон укканымда сүйүнүп калам. Бейтаптарды көрүп жүрүп эле Аллахым  ооруну тамыр аркылуу билгенди дилиме салды.  Табып катары беш жыл элге кызмат көрсөткөндөн кийин дартты аныктаганга кирише баштадым. Азыркы учурда балдардын 60%ы баштын кан басымы оорусу менен жабыркайт экен. Жыл өткөн сайын кан басым менен ооруган балдар көп болууда. Бул оору менен келген балдарга дарылоонун хижама ыкмасын колдонуп, мунун артынан буттарын медициналык жол менен массаж кылып коём. Массажды болсо өзүм атайын ниет кылып окугам. Медицинанын ар кандай ( хирургия, терапия, кардиология, лор, ж.б.) тармагында иштеген врачтар менен өзүм атайын барып

таанышкандыктан мага келген бейтаптарды ар биринин оорусуна байланыштуу барып аларга жөнөтөм. Анткени ал оорулар врачтардан гана айыгат деп ойлойм.

“УЗИ кандай диагнос койсо, меники деле ошондой чыгып калат”

—Учурда кээ бирөөлөр чөптөн дарыларды жасап жатышпайбы. А мен аларга “дары жасабагыла” деп айткандан алысмын. Себеби мен өзүм буга чейин дары жасаганга  кызыккан деле эмесмин. Бирок  айрымдар интернеттен көрүп эле өз алдынча чөптөн дары жасагандарын угуп жүрөбүз. Чындыгында чөптөн сапаттуу дары жасаган элдик дарыгерлерден жалпы республикабызга белгилүү эки-үч эле адам бар. Алардын жашы өтүп калган адамдарга жакшы таасирин тийгизе турган жасаган дары чөптөрү бар.  Өкүнүчтүүсү ошол дарыгерлерге теӊелем дегендер 70%га көбөйүп кетти.  Алар азыркы кезде дарыгерлердин баркын кетирип жатышат. Өзүм болсо оорунун түрүнө карап массаждын ар кандай түрү менен иштейм. Аптанын эс алуу күндөрү мени көп жылдан тааныган мамлекеттик кызматта иштегендер келишет. Бирөөнү алдабасаӊ эч качан бейтаптар нааразы болбойт деп ойлойм. Баарын кыйратам дегенден алысмын. УЗИ кандай диагнос койсо меники деле ошондой чыгат. Ошон үчүн бейтаптар кечикпей өз учурунда келишсе алардын дарты так жана туура коюлат десем болот. Ал эми ички аппараттын жарымы жабыркаганда  тамырда деле аябай  ойноп дартты аныктаганга мүмкүндүк бербей калган учурлар деле кездешет. Ошондо бейтаптарга “ушул жериӊди УЗИге көрсөтүп келчи.Чын бекен?”-деп тактап келгенге жиберем. Бирок мен ага чейин айткандай эле УЗИнин жыйынтыгы менен дал келип калат. Тамыр аркылуу дартты аныктоо ыкмасы илгери эле Кытайда колдонулганы тууралуу мурдатадан эле билчүмүн. Андыктан өз ишимдин жыйынтыгына карап мен тамырчылыкты мен медицинанын бир тармагы деп билем. Казакстанда мындан сегиз жылда мурда бүткүл дүйнөлүк элдик дарыгерлердин  жыйынына бул жактан эки-үч врач менен баргам. Ал жактан жыйынга катышкан 4000дей кишинин арасынан 130убузга сертификат берилген эле. Сертификатка ээ болгондон кийин эл менен иштегенге болгон  кызыгуум ого бетер арта баштады. Алган сертификатым мен үчүн чоӊ стимул болду деп айтсам жаӊылышпасам керек.

“Элден жалаӊ ыраазычылык сөздөрдү угуп келе жатам”

—Эл адамы болгондуктан эл менен иштөө кыйын. Анткени ар кандай мүнөздөгү адамдар болот да. Жогорку билимдүү болгону менен ийкемдүү, орто билимдүү болсо да кыйынсынган адамдар болот. Ошонун баарына өздөрүнө жараша мамиле жасаш керек экен. Кудайга шүгүр. Элге кызмат кылганыма 15 жылдан ашуун мезгил болду. Баарына бирдей мамиле кылып, жалаӊ гана ыраазычылык сөздөрдү угуп келе жатам. Акча мен үчүн биринчи орунда эмес. Келгендерге атайын ставка койбойм. Бейтаптардын ден соолугуна карайм.  “Эл тараза-эл сынчы”-дегендей эмгекти эл баалайт экен. Үй-бүлөм тууралуу айтсам 7 балам бар. Эки кыз, беш уул. Эки келин алдым. Эки кызым турмушка чыкты. өзүм жети бир туугандын эӊ кенжесимин. Алар ар түрдүү кесиптин ээлери. Өз оокаттарына тыӊ. Аябай жакшы жашаган кишилер. Улуу байкем Шадыбек биздин тукумдун башында аксакал катары жакшы сөздөрү менен бизди кубаттап келет. Пазилат эжем өтө тыӊ, өтө так болгондуктан энебиз катары баарыбыздын башыбызды бириктирип турат. Ушул учурдан пайдаланып бир туугандарыма бекем ден соолук, бактылуу жашоону каалап өтөөр элем. Эл катары эч жери оорубай жадырап-жайнап жүрө беришсин. Айрыкча жакшынакай тамагын даярдап күтүп алган жеӊелериме чоӊ ырахмат айтаар элем. Кайын журтума кайрыла кетсем найман уруусунан болушат. Алар намаз окуган, эл башкарган кайнатамдын бир туугандары болгон.  Негизи найман  уруусунан чыккан ар тараптуу таланттуу адамдар көп. Мен аксакал кайнагаларымды атап өттүм. Ошолордун балдары азыр урууну башкарып жүрүшөт. Мисалы, Узакбай аттуу кайнагам “Заргер” айыл өкмөтүн башкарган. Саке кайнагам көкбөрү боюнча республикага таанылган белгилүү адам. Жылкычы кайнагам тубаса таланттуу төкмө акындардын катарын толуктайт.  Токо кайнагам үзүрлүү эмгектенгендиктен учурда мектепте директордун орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн. Муктар аттуу кайнагам өтө көзөмөл, өтө так, чынчыл, элге жардамы тийген ушунчалык акылдуу киши эле. Тилекке каршы өмүрү кыска экен. Ал кайнагамдын көзү өтүп кетти. Ыйманы саламат болсун. Ылайым эле бейишин берсин. Таалай, Султан  кайнагаларым, Айнаш , Орозбү кайнежелерим булар да адамгерчилик сапаты бийик адамдар. Ушул найман уруусун чогултуп, башын бириктирип жүргөн кайнагаларыма, аларга жөлөк-таяк болгон абысындарыма абдан ыраазымын. “Аял жакшы-эр жакшы” дегендей абысындарым да жакшы адамдар экендигин баса белгилеп кетмекчимин. Чындыгында кайнагаларымдын аттарын атабашым керек эле. А бирок алар менен ар дайым сыймыктангандыктан ар биринин атын ачык атаганга аргасыздан мажбур болдум.  Мен ушул урууга келин болгонума сыймыктанам. Анткени баардыгы жакшы адамдар. Ошол уруунун ичиндеги менин кайын журтум да жакшы үй-бүлөнүн катарына кирет. Жалгыз эле кайним бар. Бала-чакасы менен тынч болуп, бакубат жашоону башынан өткөрүп жүрө берсин. Эки кайнежем бар. Алар келиндердин ишине киришпеген жакшы адамдар. Акыл-насаат айткандан башка ооздорунан жаман сөз чыкпайт.  Кайнатам былтыр кайтыш болуп калды. Кайненем жакшы адам. Ушул учурдан пайдаланып кайненеме бекем ден соолук каалоо менен бирге узак өмүр сүрүшүн кааламакчымын. Анткени мен эрке кыз болгондуктан  көп эле эркеликтеримди жаап-жашырды.

                                                             Нуркемел   ИСАЕВ