Куймулчак-майлуу жана эти бар куйрук. Устукандарды бөлүштүрүүдө  “куймулчак”  эӊ сыйлуу конокко берилет, мисалы улуу аялга же кудагыйга (келиндин же күйөөнүн  энеси же алардын улгайган туугандары). Койдун этинен бир куймулчак келип чыгат.

Жамбаш-чандыр сөөк. Эӊ сыйлуу устукан болуп эсептелет. Аны менен эркекти да, аялды да сыйласа болот.

Кашка жилик-сан сөөгү же арткы буттун ортончу сөөгү. Бул жиликти да эркетерден тышкары аялдарга да берүүгө болот. Ал сыйлуулугу боюнча жамбаштан кийин турат. Караганда айырмалануучу өзгөчө түрү бар-анын чоӊ сыймалак томугу бар жана этинин кесими чоӊ болот. Эгерде жиликти чакса сөөктүн чучугун алууга болот, ал даамдуу жана абдан пайдалуу.  Койдун этинен эки кашка жилик чыгат.

Жото жилик-бул эттин кесими да кашка жиликтен кийин сыйлуу устукан болуп эсептелет. Жото жилик адатта аксакалдарга баш менен  чогуу берилет. Бул устукандан чүкөсүн алып  кичинекей балдар үчүн белек кылып беришкен.  Узун сөөгүнөн-кыргыздын бешиги үчүн  “шимек” жасашкан. Койдун этинен эки жото жилик чыгат.

Кар жилик-билек сөөк. Сыйлуулугу боюнча кашка жиликтен кийин турат. Эркекке же сыйлуу курактагы аялга тартылат. Бул жиликтин сөөгү, койдун башка жиликтеринин ичинен  кыргыз үчүн чоӊ ырым-жырымга байланыштуу мааниси бар. Этти бышырардын алдында, казанга ушул билек сөөк биринчи салынат.  Кимге кар жилик берилсе, ал сөөктү этинен толугу менен калтырбай таза мүлжүшү керек деген элдик ырым бар. Эгерде сөөк анча жакшы тазаланбай калса, анда келечектеги келинчеги, күйөөсү же кызы сулуу болбой калат. Ал эми мурунку заманда кар жиликти алыс жолго чыкканада жолоочуга күч жана жардам берип аны сактайт деп жолго чыкканда жанына алып алышкан. Сөөктү эч качан сындырган жана ташташкан эмес. Жакшы тазаланган жана кургатылган кар жиликти босогого, тосмолорго илишкен. Кар жиликтин сыйкырдуу күчү, үйдү душмандардан жана жаман ою бар адамдардан сактайт деп эсептешкен. Сыйкырдуу күчкө ээ болгон бул билек сөөгү, ар кандай жамандыктан эле коргой бербей ошондой эле зыян да тийгизер касиети бар болгон. Юдахин жазгандай, илгеркилердин ою боюнча, эгер душмандын жерине бул билек сөөктүн экөөсүн кагып койсо, анда анын тукумунан бир да атактуу кыйын киши чыкчу эмес экен. Койдун этинен эки кар жилик чыгат.

Далы-бул дагы сыйлуу устукан. Эркекке да, аялга да берсе болот, бирок аялга берген оӊ. Бул устукан сый жагынан кар жиликтен кийин турат. Бул устукан дагы ырымга байланыштуу мааниге ээ. Далы сөөгүн төлгө тартуу үчүн колдонушчу. Мисалы, аны карап, кыш кандай болорун алдын ала айтышкан.

Төш-сыйлуулугу боюнча далыдан кийин турат. Бул устукан кыздарга жана жээндерге берилет. Койдун этинен бир гана төш чыгат, бирок сөөгү бир топ көлөмдүү келет жана ошон үчүн эки же төрт бөлүккө бөлүп беришкен. Күйөөдөгү кызга ата-энеси төштү бышырып же чийки түрүндө берип жиберсе болот. Анын мааниси мындай чечмеленет-кызын турмушка узатса да, ата-эненин көкүрөгү алар үчүн ооруп турат.

Сый омурткалар-кабыргадан жамбашка чейинки омурткалар же сан омурткалары, аларды балдар “вертолёт” деп ага салыштырып аташат. Алардын эти жумшак жана бир кат майы болот. Бул устукандарды жашыраак конокторго (конок көп болгон учурларда) же сыйлуу устукандарга кошумча катары берсе болот.

Карчыга кабырга-койдун эки тарабындагы эт жана бир кат майы бар кабыргалар. Алар дагы өзүнчө же кошумча устукан катары тартылат. Тактоо үчүн карчыга кабыргалар жөнөкөй кабыргаларга караганда көлөмү боюнча кичирээк жана калыӊ катмар майы менен болот.

Кабырга-жөнөкөй устукан катары кетет, аларды негизинен балдарга берет.

Кыр арка омурткалар-же кабырга аркалар. Булар дагы жөнөкөй кенже устукан катары кетет.

 Күӊ жилик-устукандардын сый боюнча эӊ акыркысы катары эсептелет. Азыркы мезгилде конокторго устукан катары тартылбайт. Күӊ жиликти аталышына карата мурунку убакта өздөрүнүн экинчи аялдарына (ал кезде көпчүлүк эркектерде экинчи аялдары бар болгон) берген, азыр бул жиликти келиндерге же конок тосууда жардам көрсөткөн  аялдарга тартышат. Койдун этинен эки күӊ жилик чыгат.

                                                                               Автор: Максат  ОСМОНАЛИЕВ