Өнөкөт аракечтик  (алкоголдук токсикомания) деп оору түрүндө алкоголь ичимдигине берилип, андан психологиялык, физикалык көз каранды болуп, ичимдиктин таасиринен чыга албай организмдин психикалык, физикалык өзгөрүшүнө дуушар болгон адамдык сапаттын жоголушун айтабыз.

Аракечтик бул токсикоманиянын эң көп жайылган түрү. Аракечтикке  көбүнчө эркектер, кийинки кездерде аялдар дагы чалдыгып жүрөт. Аракечтик менен 25-40 жашка чейинкилер жабыркайт. Мындай абал акырындан башталып, бир канча стадиялардан өтөт. Биринчи кезекте, кокустуктан аракты кабыл алуу көбүрөөк  болсо,  турмуштук жагдайдан улам  ичкилик уланып отуруп, өнөкөткө өтүп кеткени байкалат. Айрым адамдарга ичкилик ичүүгө психологиялык себептер түрткү болот. Тышкы чөйрөгө кыйынчылык менен көнүү, айланасындагылар менен болгон чыр-чатактар, турмушуна канааттанбагандык, адамдын көңүлчөөктүгү, жалгыздыгы, түшүнбөөчүлүк, чарчап-чаалыгуу, өтүмсүздүк, кандайдыр бир мамилелерде өз кемчилигин түшүнүү жана башка ушуга окшогон психологиялык дискомфорттон өзүн жаман сезүү аракечтикке түртөт. Жогоркудай психологиядык абал алкоголдук таасирден улам убактылуу жеңилдейт. Эгерде адам башына кыйынчылык түшкөн кезде өзүн кармана билүү мүмкүнчүлүгү төмөн болсо, ал ичкиликке тез берилип, аны ичүүнү токтотууга эрки жетпейт. Бирок бул топко айрым эрксиз  адамдар кирет. Алар социалдык көзөмөлгө, психологиялык жардамга муктаж. Биздин коомубуз ичкилик ичкендерге канчалык кайдыгер караса, адам коомдун сергек абалына көнө албаса, аракечтик ошончо кеңири тарайт. Аракечтикке көбүнчө социалдык көзөмөлгө баш ийбеген же жалпыга бирдей социалдык нормалардан четте калган адамдар кабылат. “Бирөөнү туурап” ичкилик ичкендер деп аталгандар да бар. Бирок анын чыныгы себеби арзыбаган канааттанууну алууга умтулуу, анын руханий түшүнүгүнүн тардыгы себепкер болот. Жаштар арасындагы “бирөөнү туурап” пивону ичүү, анын “жан сергиткен таасири”  досторунун кечедеги көңүлдүү  колдоосу менен өнөкөткө айланганы аракечтикке жол ачат.

Жаштардын психологиясын байкаганда, интеллектуалдык жактан жетиле элек өспүрүмдөрдө өзүн досторунун арасында бийик жана күчтүү сезүү, алардан кем калбоо пиво ичүүгө себепкер болот.

Ошентип жаштарга ата-энесинин, досторунун тийгизген таасири маанилүү ролду ойнойт. Алар жаш адамдын калыптанышына жана ичкиликке болгон мамилесине кыйла деӊгээлде таасир берет.

Аракечтиктин келип чыгышына жана анын таралышына үй-бүлөнүн ролун изилдегенде ата-эненин ичкилик ичиши, ошондой эле бала кезинен туура эмес тарбиялоо, ашыкча эркелетүү же тескерисинче кароосуз калтыруу, балага ата-эненин кайдыгер мамилеси, алардын өздөрүнүн жосунсуз жүрүш-турушу, үй-бүлөдөгү чыр-чатак түрткү болот.

Аракечтик көп учурларда укумдан-тукумга берилүүчү жагымсыз кесепет. Аракечтиктин жеке жана коомдук турмушка зыяны чоң экенин билсек  дагы, айрым учурда  өзүбүздүн ага болгон терс  көз карашыбызды билдире бербейбиз. Ичкиликти дайыма эмес, анда-санда иче коюу да адамдын ден-соолугуна залал келтирип, үй-бүлөнү бузат, балдарды тарбиялоодо терс таасирин тийгизет. Аракечтер коомдун жана мамлекеттин алдында жоопкерчилик сезимин жоготушат, ээн баш аракеттерге жана башка укук тартибин бузууларга барышат.

Эми арак жөнүндө сөз кылганда, анын көңүлдү жубатып, адамдын нервин жеңилдетип, денесин сергитип, жагымдуу эйфория пайда кылаары тээ атам замандан бери белгилүү. Арак ичүүгө себепчи болуп, тели-теңтуш, дос-тууган, адамдын тарбиясы жана  улуттун каада-салты эсептелет.

Адамдын мас болгонун баарыбыз эле көрүп, билип, угуп жүрөбүз. Биринчи ичкенде арак мээнин борбордук нерв системасын дүүлүктүрүп,  ошол дүүлүктүрүү  бөлөк баӊгизаттарга караганда узакка созулчу касиетке ээ. Акыр аягында аракты көп иче берүү  адамдын мээсинин иштөөсүн басаңдатып, уктатуу абалына чейин алып келет.

Ошентип аракечтиктин келип чыгуу себептерин жыйынтыктап айтсак: социалдык, психологиялык жана физиологиялык факторлордон турат. Ал эми аракекчтиктин келип чыгуу механизминде биринчи кезекте зат алмашуунун абалы начарлап, витаминдердин жетишсиздигин пайда кылат. Ички органдардын жабыркашын белгилеп айтканда, биринчи кезекте тамак сиңирүү органдарынын, анын ичинен өзгөчө боорунун жабыркаганын байкайбыз. Муну тактап айтсак, арактын курамындагы этанол тамак сиңирүү органдарынан канга өткөндөн кийин бардык клеткага сиңет. Ал эми этанолдун 5-10 пайызы гана заара, заң жана тер менен чыгат. Этанолдун кычкылдануусу боордо жүрүп, ацетальдегиддерге айланат (ацетальдегид дегидрогеназа).

Ошентип борбордук нерв системанын аракка болгон функциясынын өзгөрүшүн алсак, этанол канда 50 мг пайыз болсо нервди тынчытандыруучу касиетке ээ. 50-150 мг пайыз болсо, адамдын кыймыл-аракети начарлайт (Америкада, Европа өлкөлөрүндө айдоочулар үчүн 100мг пайыз этанол менен автоунаа айдаганга уруксат берилет). 150-200 мг пайыз болсо, адам катуу интокцикацияга дуушар  болуп, агрессивдүүлүгү күчөйт. 300-400 мг пайыз болгондо эс акылын жоготот. 400 мг пайыздан көп болгон этанол потенциалдык өлтүрүүчү концентрат деп эсептелет.

Мас болуу абалын биз үч баскычка бөлөбүз. Жеңил жана орто мас болууда адамдын денеси ысып, толкунданып, булчуңдары жибип, өзүнчө бир комфорттук абалга дуушар болот, көңүлү көтөрүлүп, өзүн жакшы сезип, өзүнө ишенимдүүлүгү жогорулап, шайыр тартып, мактанчаак боло баштайт. Мындай абалда  үнүн катуу чыгарып, көп  сүйлөп, бир темадан экинчи темага бат-баттан өтүп, бара-бара кыймыл-аракети өзгөрөт. Тегерегиндегилерге  жана өзүнө болгон сыпайылык өзгөрүп, өтө шайыр болуп кетет. Ичкилик  эгерде көбүрөөк ичилсе, ушундай шайырлыктан адамдын көңүлү тескери өзгөрүлүп, кыжырдана баштайт, бирөөгө тийишип, жини келип, “урунарга тоо, урушарга жоо таппай” калат. Кээде мындай адамдар өзүнө жана тегерегиндегилерге агрессивдүү болуп, өзүнүн кылган иш-аракетине жооп бере албайт, соолуккандан кийин өткөн окуяларды унутуп калат.

Мас болуунун катуу түрүндө адам эс-акылын жоготуп, кома абалына чейин барат. Айрым кезде эпилепсиялык приступ кармашы мүмкүн, кээ бири заарасы-заңын кармай албай  калат. Мындай абалда наркологиялык амнезияга туштугуп, өткөн окуялардын баарын унутат.

Ал эми аракечтиктин өнөкөт түрү жөнүндө кененирээк сөз кылсак, жогоруда айтылгандай, адам кокустуктан мас болуусун уланта бере турган болсо, аракечтик бара-бара адамдын жан дүйнөсүндө калыптана берет. Мурда ичкен арак кандайдыр бир жакшылык же жамандык шартынан келип чыкса, мындай адамдар достору менен кездешкенде деле, же өзү жалгыз учурунда деле арак иче баштайт. Мындай тийип-качуу масчылыгы 1-2 жылдан 15-20 жылга чейин уланышы ыктымал. Ушул сыяктуу аракка болгон ыңгайлашууну аракка ыктагандык же аракечтикке берилүү деп атасак болот. Анткени турмушта кездешүүчү адамдын аракечтиги сырткы чөйрөгө билинбегендей түргө өтүп, бирок үй-бүлөдө кээде чыр-чатак менен коштолуп, акырындап көйгөй жарата берет.

Өнөкөт аракечтик үч клиникалык стадиядан турат:

Аракечтиктин I стадиясы:  Арак иченде адам куспайт, көбүрөөк мас болот;

2) Арактын  ичкен өлчөмүн билбей калат, чеги жок иче берет;

3) Арак ичкенден кийинки өткөн окуяларды эсине калтырбайт (палимсест);

4) Адамдын аракка көтөрүмдүүлүгү көбөйүп, мас болуу үчүн өтө көп иче баштайт. Ушундай учурда бир дем алышта бир нече жолу арак ичүүсү улантылып, системалуу аракечтикке өтүүсү байкалат.

Аракечтик токсикоманиясынын 1-стадиясы 3-6 жылга чейин уланат.

Аракечтиктин II стадиясы,  аракечтин токсикоманиясынын андан ары уландысы болуп эсептелет. Ущул абалда абстиненттик баш жазуу (похмель) синдрому пайда болот.  Аракеч адам кездешкен адамы менен арак ичкиси келе берет. Кээде өзүнчө жашырынып арак ичет. Арак ичүүдөн болгон курч интоксикация, кекчилдик, таарынчаактык, ызакорлук, майдачылык менен коштолуп, агрессивдик иш-аракеттерге өтүп кетет. Сүйлөгөн сөзү өзгөрүп, сөгүнчөөк боло баштайт. Уйкусу качып, кошумча арак ичкенде уйкусу нормалдашат. Күндүзгү арак ичип жүргөн кыймыл-аракеттерин, өткөн окуяларын унутуп калат. Экинчи стадияда аракечтикке болгон көтөрүмдүүлүгү аябай күчөп, аракты ченемсиз иче баштайт.

Баш жазма абстиненттик синдрому

Баш  жазуу аракечтиктин ар кандай мезгилинде пайда болушу мүмкүн (2-3 жылдан баштап, 10-15 жылга чейин). Арак ичкен күндүн эртеси адам кыйналгандан кускусу келип, башы чыңалып ооруп, айласы алты кеткен мезгилде кичине арак ичсе эле,  интоксикациянын белгилери азайганы байкалат. Башкача айтканда, экинчи күнкү аракты кайталап ичүү аракечтин соматикалык жана психологиялык кыйналуусун кыйла азайтат.  Ал эми баш жазма абстиненттик синдромдо адамдын кыйналгынын ушундан билиңиз: бети кызарып, жүрөгү дүкүлдөп, артериалдык кан басымы көбөйүп, жүрөгү ооруп, башы айланып, башы чыдатпай ооруп, денеси титиреп, булчуңдары сыздап, коркунуч абалына кабылат. Баш жазгандан кийин убактылуу жана жыргап, жеңилденет.

Ошентип баш жазма (запой) улана бересе, адам өзүнүн канча ичкенин көзөмөлдөй албай, улам ичкиси келе берет. Мындай адамдын жүрүм-туруму өзгөрүп, уятсыз, калпычы болуп, үй-бүлөнүн кызыкчылыгына көңүл бурбай шылтоо таап, ичкенге аракети күч болуп калат. Адамдык сапаттардан бара-бара ажырап, элден алыстайт.

Аракечтиктин III стадиясы. Аракка болгон көтөрүмдүүлүгү начарлайт. Кичине ууртаса эле мас болот. Ошондуктан кээ бирөөлөрү вино ичкенге өтөт. Айрымдары аракты ченеми менен тынымсыз ичип калышат. Мындай адамдар адамдык сапаттардан кетип, депрессияга чалдыгып, ишке жөндөмдүүлүгү жоголот. Алкоголь бардык органдарды жана  жалпы организмди  толук бузат. Өзгөчө борбордук нерв системасынын четки нерв системасынын бузулуусунда: психоздор, алкоголдук энцефолопатия, полиневриттер пайда болуп, ички органдардын иштеши бузулат.

Алкоголдук баш жазуу улана берсе, адамда алкоголдук психоздун түрү “белая горячка” пайда болуп, көзүнө ар түрдүү нерселер көрүнө баштайт.

Ички органдардын оорусунан өнөкөт гастрит, боордун циррозу (кара сарык)  ичкичтердин өлүмүнө себепкер болот. Аракечтик уйку без оорусуна (панкреатит, кант диабети), миокард инфарктына түздөн түз чалдыктырат. Ал эми жыныстык бездерине болгон таасири: жыныстык функцияны төмөндөтөт.

Алкоголизмди дарылоо

Биздин биринчи кадамыбыз, алкоголдук интоксикацияны кетирип, адамдын организмин дары-дармектер менен тазалоо болуп эсептелет, келген адамдар тынчы кетип,  дөөрүп, ээлигип ар кандай жагымсыз сөздөрдү сүйлөй турган болсо, алардын нервин, психикасын дарылар аркылуу  тынчтандырабыз.

Экинчи кадамыбыз, организмдеги зат алмашууну жакшыртып, арактын таасиринен пайда болгон организмдеги өзгөрүүлөрдү калыбына келтиребиз.

Үчүнчү кадамыбыз, борбордук нерв системанын функциясын жөнгө салып, аракка болгон көз карандылыктан кетиребиз, борбордук нерв системасындагы нейрондорду тамактандырабыз (витаминдер, ноотропиктер).

Төртүнчү кадамыбыз, аракты алмаштыруучу, депрессияны кетирүүчү, нервди жөнгө салуучу, нервди тынчтандыруучу дары-дармектерди берип, аракечтин психикасын нормалдаштырабыз.

Бешинчи кадамыбыз, атайын дары-дармектер менен аракечтин организмин, борбордук нерв системасын аракка каршы багыттап, акупунктуралык кодированияны колдонуп,  борбордук нерв системада аракка каршы шарттуу рефлекстти пайда кылабыз.

Алтынчы кадамыбыз, рационалдык психотерапиялык ыкма менен адамдын жан дүйнөсүндөгү көйгөйдү талдап, аракечтин кийинки арак ичпөөсүнө багыттап, комплексттик дары-дармек терапиясын 10-12 күнгө чейин улантып, арактан толук айыгуусуна мүмкүнчүлүк түзөбүз. Эгерде ушундай көйгөйгө кабылган адам менен кенен-кесири сүйлөшүп, анын ички жан дүйнөсүндө ичпейм деген чечими болсо, айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү өтө жогору болуп эсептелет. Ал үчүн адамдын мүнөздүк өзгөчөлүгүн байкап, кенен-кесири сүйлөшүп, керек болсо, эки жылга чейин көзөмөлгө алып дарылап турсак, аракты таштоо эффективдүүлүгү бийиктейт. Дегеле ушундай адамдар менен мамиле кылганда аракечтиктин өзү татаал дарт экенин түшүнүп,  ишенимдүү комплексттик дарылоо жүргүзсөк, ийгилиги жакшы экендигин тажрыйбабыз далилдеп келет.

Т. Бекбоев, невролог, чыгыш медицинасы боюнча адис-дабагер.