КСДП расмий түрдө учурдагы бийликтин оппозициясына кеткенин жар салып: «КСДП — оппозициялык маанайдагы партия экенин расмий айтабыз. Биз эми альтернативдүү нерселерди сунуштай алабыз жана бийликти ачык сындап чыга алабыз», — деген билдирүү таратты.  Учурда эми коомдо Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы коалициядан чыгышы керектиги айтылууда. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев коалициялык көпчүлүктөгү фракция лидерлерине КСДП фракциясын коалициядан чыгаруу боюнча кайрылганы жатат. Ал бул тууралуу: «Мен өткөн жылы май айында КСДП фракциясын коалициядан чыгарууну сунуштагам. Бул азыр да актуалдуу. КСДПны оппозициялык азчылыкка чыгарыш керек. Ал эми кийин алар оппозиция болобу же жокпу өздөрү чечет», — деп билдирди.

Булак:ФАБУЛА.