Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев 19-марттагы кезектеги сессия учурунда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айдоочулар нааразы болуп жатышкан жар салды. Депутат өз сөзүндө: «27-мартта юридикалык компаниялардын айдоочулары бул айып пулдарга каршы тынч митинг өткөрүүнү пландаштырышууда” – деп айтты. Мына «Коопсуз шаар» долбоорунун кыйроого учуроо алдында турганын билдирген алгачкы коңгуроо кагылды. Буга чейин жол эрежелерин каттаган жол кесилиштерине орнотулган айрым камералар иштебей жатканы эл арасында сынга алынган. Айып кагаздары дагы түшүнүксүз күмөндүү көз караштарга түртүүдө…

Булак: «ФАБУЛА»