Ушул жылдын жай мезгилинде Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмунунун Саммитин төрагалык кылуучу мамлекет катарында өткөрөт. Бүгүнкү күндө бул күчтөнгөн биримдик Евразиянын аймагынын жалпы калкынын саны 3 миллиарддан ашуун 60 пайызын камтыйт. Анын бирден бир башкы милдети – экономикалык кызматташдыкты өнүктүрүү жана терроризм, сепаратизмге каршы күрөштү күчөтүү. ШКУнун жигердүүлүгүн бекемдөөгө биздин өлкө кандай салым кошо алат? Биз кантип аталган түзүмдөгү иштин натыйжалуулугун арттырууга кантип таасир бере алабыз? Толук кандуу оюнчу болууга дараметибиз жетеби? Албетте – ооба! Мындай ынтымактуу пикирге жакында өткөн тегерек столдун катышуучулары келишти. Ага катышкандардын баары тең, качандыр бир эл аралык мамилелер маселеси менен алектенгендер. Иш чаранын негизги өзөгү болуп Кыргыз Республикасынын ШКУ Парламенттик ассамблеясын түзүү демилгеси каралды. Белгилеп коюш керек, бул идея жаңы эмес, башта эл өкүлдөрү да бул маселени иштеп чыгышкан. Анда бул иш создугуп кеткен, андан соң сүйлөшүү процесстеринин туманына тарады. Бирок, эми Кыргызстанга теманы актуалдаштыруу мүмкүнчүлүгү келди, ал үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп турат. Лидерликтин эстафеталык таякчасын алгандан кийин узак убакыттан бери жащикте сакталып келгендердин баарын чечкиндүү сыртка чыгарсак болот.

-Тарыхый жана геосаясий кырдаал бышып жетилди, Парламенттик ассамблеяны түзүү маселесин кайрадан көтөрүүгө убакыт келди. 10 жыл мурда биз бул маселенин тегерегинде жан үрөгөнбүз, бирок анда аягына чыккан эмес. Азыр болсо шарт бир топ жагымдуу, Бишкекте жакында саммит өтөт. Мурда Бишкекке ШКУнун Аймактык антитеррористтик түзүмүнүн штаб-квартирасын орнотуу пландалган болчу. Бирок, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, аны Ташкентте ачуу чечими кабыл алынган. Тарых кайталанып, ШКУ ПАны да Бишкекте жайгаштыруу сунушталган, анткен менен кийинчерээк Санкт-Петербург менен Екатеринбургдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Жыйынтыгында, бул маселе бир жактуу чечилбей, убакыт-сааты келгенге чейин кала берген. Эми аны кайрадан көтөрүп, биздин борбор калаага жайгаштырууну айтсак болот, — деди саясий серепчи Бакыт Бакетаев.

Сөз кезеги келгенде айталы, мурдагы ушул максатта даярдалган документтин түзүүчү Бакыт Бакетаев болгон, ал учурда ЖК парламенттер аралык байланыш бөлүмүнүн жетекчиси эле. Аны менен бирге профессор Мурат Сүйүнбаев менен Ыйгарым укуктуу элчи Аваз Атаханов да киришишкен. Скрипкадагы башкы роль Адахан Мадумаровго — ошол кездеги ЖК төрагасына таандык болгон. Эгер ошол убакта аны парламент спикерлигинен кетүүгө мажбурлаган “кап жаңжалы” болбогондо, Кыргызстанда алиге чейин ПА орун алышы мүмкүн эле.

Саясий илимдердин доктору, профессор Спартак Иванов “Он жыл мурунку документтер бүгүнкү күнгө чейин сакталганбы?” – деген суроо узатты. Аларды бүгүнкү күндүн реалында пайдалануу мүмкүнбү? Бул суроого Бакыт Бакетаев ал үчүн велосипед ойлоп табуунун кереги жоктугун, маанисинде эч нерсе өзгөрбөгөнүн айтты. Анча-мынча гана мааниге ээ эмес өзгөрүүлөр орун алды.

“Бардык документтерди жана тийиштүү жазышууларды Жогорку Кеңештин архивинен табууга болот. Менде уюштуруу документтеринин иштиктүү варианттары сакталган”, — деди Бакетаев.

Талкуунун жүрүшүн күтүүсүз багытка россиялык эксперт, “Көчмөн” элдеринин маданий өнүктүрүү Фондунун саясий директору Александ Собянин бурду. Ал Кыргызстан өнөктөштөрүнө идеяны талкууга сунуштабай, жөн гана факт алдында коюу туура болот деп эсептейт: биздин демилгеге каршысыңарбы, же макулсуңарбы? Анын үстүнө ал Россия Кыргызстандын демилгесин колдоого алаарына, андан улам башка өлкөлөр да колдой турганына ишенет. Ошондой эле ШКУ ПА ишмердүүлүгүн каржылоо маселеси да пайда болбойт.

Саясий серепчи Мурат Сүйүмбаев Индия менен Пакистандын ортосундагы жакында орун алган окуяны эске салды. Бул өлкөлөр ШКУнун катарына кошулганына аз гана болгон. Бул окуяда уюм өзүн такыр эле көрсөтпөдү, жараштыруу позициясын карманып чыкпады. Анын пикиринде, аракетсиздик конфликттерди жөнгө салуунун ички механизминин жоктугунан келип чыкты. Коопсуздук менен туруктуулук ШКУнун бирден бир башкы максаты эмес беле. ЖК экс-спикери Зайнидин Курманов бул “таттуу” сүйлөшүүгө шектенүүдөн бир чымчым кошуп койду. Ал ушул аракеттердин баары текке кетпесе болду дейт. Анын шегин Шанхай саясий илим жана укук университетинин штаттан тышкаркы профессору Кайрат Осмоналиев токтотуп, кандай болгон учурда да аракет кылып көрүү керектигин белгиледи. Маселе он жылдардан бери бышып келатат, түшүм бере турган абалга келди. Евразиялык континенттин жүрөгүндө турган Бишкектин чечим кабыл алуунун борборлорунун бири болууга, мисалы Евросоюздагы Брюселдин ролундай ролго жетүүгө дарамети толук бар. ШКУ ПАны түзүүгө биринчи идеяны депутаттар көтөрүшсө, демилгенин экинчи толкуну ылдый жактан чыгып жатат. Анткени, тегерек столго чогулган саясый серепчилер жана окумуштуулар бийлик кабинетиндегилер эмес да. Ошондуктан талкуунун жүрүшүндө “элдик дипломатия” бир нече жолу айтылды.

Талкуунун бардык катышуучулары ШКУ ишмердүүлүгүн позитивдүү баалашты. Ошол эле учурда экстремизмге, сеператизмге каршы күрөштү, экономикалык өнүгүүнү каржылоо зарылдыгын белгилешти. А, бул үчүн биз негизги келечектүү уюмдун Парламенттик ассамбелеясын түзүү керек