Окуя 20-мартта кечи 9 жарым чамасында болгон. Өзгөн районунун Ийри-Суу  айылында 12 жаштагы иниси мылтык менен ойноп жаткан учурда атылып кетип, чачма ок кокусунан  14 жаштагы байкесинин  башына тийип, окуя болгон жерде бала каза болгон. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы билдирди.

Курал ошол эле үй-бүлөнүн 21 жаштагы уулунун атына катталган. Бирок эреже боюнча туура эмес сакталганы үчүн аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.