15-мартта Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучусу, 1967-жылы туулган С.Д. 1000 АКШ долларын алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2007-жылы Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн чечими менен Ж.К. аттуу жаранга турак үйлөрдү куруу үчүн жалпы аянты 0,20 гектар жер тилке бекитилген. Бирок көрсөтүлгөн жер тилке жергиликтүү органдарга катталбай калган. С.Д. жерди алып, башка адамдарга өткөрүп берип коерун айтып коркутуп, жердин ээси Ж.К.дан аталган тилкеге зарыл болгон документтерди процессин даярдап берүү үчүн 5 миң АКШ долларын талап кылган. Бул факт КРнын Жазыктар кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.