“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыла турганын УКМК билдирди. Маалыматта: » Эгер Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат»деп айтылат. Буга чейин Бабановчу депутаттар Сабиров, Бокоевдер анын кайтып келүүсү боюнча маселени жогорку бийлик менен сүйлөшүп жатканын  ачыкташкан.  Чынында Бабанов  жоопко тартылабы, тартылбайбы, аны убакыт көрсөтөт. Кыргызстанда мансабы, байлыгы барлардын көбү  кылмыш кылган учурда жоопко тартылбай, суудан курак чыгып кетишет. Эгер бийлик Бабановду актап койсо, бул жагы өтө деле таң калычтуу эмес. Эмнеге дегенде, бизде сот системасынын аш малтайы эчак чыгып бүткөн. Көп маселе мыйзам менен эмес, жеке маселе, жеке көз караш, корупциялык жол, саясый жойпулук менен чечилип келет. Буга мисалдар абдан көп.