Орусия президенти Владимир Путин Казакстандын мурдагы жана азыркы президенттери менен өз ара кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу 21-мартта Кремлдин сайты кабарлады.

Билдирүүдө орусиялык лидер эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө Нурсултан Назарбаев чоң салым кошконун белгилеп, Касым-Жомарт Токаевди президенттик кызматка кириши менен куттуктады.

19-март күнү Назарбаев президенттиктен кетерин жарыялаганга чейин Путин менен телефондо сүйлөшкөн. “Интерфакс” маалымат агенттиги Орусия лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен Назарбаев болочоктогу мураскор тууралуу Владимир Путин менен кеңешпегенин билдирген. Песковдун айтымында, “эки өлкөнүн жана эки лидердин өзгөчө мамилелеринен улам, Назарбаев орусиялык кесиптешине өз чечими тууралуу алдын ала айтууну эп көргөн”.

“Нурсултан Абишевич [Назарбаев] кеңешкен жок, албетте, бул жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес”, – деген Песков.

Казакстанды 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев өз ыктыяры менен бийликтен кетип жатканын 19-мартта жарыялаган. Анын ордуна келген Касым-Жомарт Токаев билдиргендей, «элбашынын» атын «түбөлүккө калтыруу үчүн» Казакстандын бардык облус борборлорунун башкы көчөлөрүнө Нурсултан Назарбаевдин аты ыйгарылат. Мындан тышкары Назарбаевге «калк каарманы» же «эл баатыры», «ардактуу сенатор» наамы берилди.