Экс-президенти Алмазбек Атамбаев Эл аралык Третейский соттун судьясы болду. Бул тууралуу  «Дело №…» гезити жазып чыкты.

Маалыматта:  344 арбитрдин арасында Алмазбек Атамбаев 13 номерде турары айтылат. Атамбаев бир жарым жыл мурда сот болгон. Экс ажону 2017-жылы ноябрь айында Эл аралык третейский соттун конференциясында арбитр болуп берүүгө чакырышкан. Бирок  азырынча  Атамбаев бир дагы талашты кароого чакырыла элек. Бул эл аралык соттун судьясына атайы айлык чектелбегени менен, гонорар төлөнөт.