Орусияда көптөгөн каршылыктарга карабай талаштуу мыйзамдарга кол коюлду. Эми бийликке, мамлекеттик символдорго акаарат келтиргендерге жана «фейк» маалыматтарды тараткандарга жаза күчөтүлөт. Президенти Владимир Путин кол койгон эки мыйзамга ылайык эми

«фейк маалымат таратты» деп эсептелгендер 100 миң, кызмат адамдары 200 миң, юридикалык тараптар жарым миллион рублга чейин айыпка жыгылат. Мыйзам бузуу кайталанды деп саналган учурда юридикалык тараптар 1,5 миллион рублга жакын айып төлөйт. Экинчи документтин негизинде «бийликке акарат келтирди, мамлекеттик символдорду шылдыңдады деп табылгандар» 100 миң рублга чейин айыппулга жыгылып же 15 күнгө чейинки мөөнөткө камакка алынышы мүмкүн. Кайра мыйзам бузган учурда айыппул 200 миң рублга жетиши ыктымал. Бул мыйзам мамлекет үчүн бир четинен жакшыдыр. Бирок тескери жактары да көп болоору турулуу иш. Маселен, биринчи кезекте сөз эркиндигине терс таасири тийбей койбойт. Адатта кыргыз бийлиги Орусия кандай олтуут мыйзамдарды кабыл алса, ошол мыйзамдарды көчүрүп жаза башташчу эле. Эми бул маселе боюнча да айрым чиновниктердин “илхому” келип, алаканы кычышат болуш керек.

Булак: БАГЫТ.