ИИМдин негизинен отставкадагы   генералдарынан түзүлгөн Генералдар клубу Бишкек шаардык сотуна камакта жаткан Мурат Суталиновду бошотуу боюнча кайрылуу жазышты. Бул өтүнүч Суталиновдун катуу ооруп жаткандыгына байланыштуу  болгон. Белгилүү болгондой Суталинов көптөн бери рак оорусу менен ооруп келет. Буга чейин анын туугандары да президентке кайырлуу жолдошкон. Ал кайрылуу учурда президенттин кароосунда турат. Негизи Суталинов жакында бошошу мүмкүн.