Тилинен башка берекеси жок Адахан Мадумаровго учурда жалпы эл тескери бата берип, катуу сындарды айтып жатат. Эмнеге дегенде өткөн жумада Баткендеги чек ара чыры дал ушул Мадумаровдун былык иштеринин негизинде болгону ачыкталып калды. Көрсө, Мадумаров 2009-жылы , Бакиевдин бийлигине аюу кызматын өтөп, иштеп турганда, тагыраагы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда, Тажикстандын Худжант шаарына барып, Баткендеги Көк-Таш, Ак –Сай  айылдарына жакын тараптагы   Исфара дайрасынын жээгинен 275 метр жерди тажиктерге берип салган экен. Бул боюнча маалыматты Баткендин мурунку губернатору Мамат Айбалаева далилдер менен айтып чыкты. Ал ортодо ошол Мадумаров кол койгон келишимдин сүрөттөрү чыкты.  Келишим боюнча кыргыздардын жери тажик  тарапка өтүп, кайра кыргыз бийлиги алардан ошол 275 метр жерди 49 жылга ижарага  алгандыгы көрсөтүлгөн. Дал ошол жерге жол салынып жатканда, тажиктер ал жолду салдырбай, ошентип ортодо от тутанып, 2 тажик каза таап, ондогон адамдар жарадар болду. Бир кыргыз милициянын бутуна ок жаңылды. Кыргыздар да, тажиктер да жолдорду жаап алышты. Президент дагы, өкмөт  башчы  да кийлигишип жатып, акыры тажиктер жолду ачышып, салынып жаткан жол уланмай болду. Бирок бийлик тажиктер кандай шартка макул болгонун азырынча ачыктай элек. Кыскасы, сүйлөшүү жеңил болгон  жок. Ал эми кеп жебес, кежир Мадумаров өзү кол койгон келишим эң мыкты келишим болгонун баса белгилеп, ого бетер элдин кыжырын келтирди. Деги Мадумаровго окшогон шумпайлардан кыргыз эли качан арылат? Чынында, керек болсо Адахан Мадумаровдон жакшылык күтүп болбос. Керек болсо, бул шумпай кези келсе Кыргызстанды деле сатып жиберүүдөн кайра тартпас… Анан мамлекеттин бүтүндүгүнө шек  келтирип, улуп-жулуп жүрүшкөн  ушундайлар уялбай мамлекеттин атынан партия түзүп алып, патриоттуулук тууралуу кеп кылса, күйбөгөн жериң күл болуп кетет.  Деги ушул жексурлар жаман жүрсө да, аман жүрүп, мамлекетке зыян келтиришпесе болду…

Булак:Багыт