Келдибек байке өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге карпа-курпа жолугуп калып, эки-үч суроо бергенге үлгүрөт:

–Мухаммедкалый мырза, жыл жаӊыраары менен 4-5 акимди серейте чапканыӊа жол болсун?

–Келдибек байке, булар жакшылыкты түшүнбөгөн иттер экен. Иштегиле дедим, болушпайт. Айланайындар той-топурду токтотуп жаз келип калды иштейли дедим, болушпайт. Анан серейте чабам да.

–Эми март айынын прогнозу кандай?

–Иштешпесе,  дагы 4-5 аким,  1-2 губернатор, 2-3 министр дагы өз убалдары өздөрүндө болуп торойушат го.

– А апрель айычы?

– Келдибек байке, ушул ай кооптуу болуп турат.  Эгер ойдогудай болуп кетсе май айында убал жок, четинен кырам ,  -деп каткырган бойдон машинасына түшүп кетиптир.

***

Келдибек байке депутат Сайдулла Нышанов үкөсүнө телефон чалып:

—Сайдулла үкөм, гезиттерде, сайттарда эне тилге «Сайдулла кошомат» деген жаӊы сөз кирди дешип жабалактап эле жатып калышты. Эмне болгон сөз , өз оозуӊан угайынчы?

—Келдибек байке, мунун баары болбогон эле бок сөздөр, өӊгө ишенсе дагы сиз ишенбеӊиз, сизге ишенем. Эми башынан айтайын, Атамбаев ажолукту өткөрүп берип жатканда мен Атамбаевге Кыргыз Эл баатырын бериш керек деп демилге көтөрүп чыкпадым беле?

–Ооба.

–Эмне ага бериштиби? Бермек тургай соттогону жатышат. Анан баш бакан Абылгазиевди ушуга чейинки премьерлердин ичинен «эӊ мыктысы» дедим. Эми аны дагы шыпырганы турушат. Адам деген адам боюнча калышы керек, убакыт өтөт. Кийин Атамбаев дагы, Абылгазиев дагы мени көргөн жерден саламдарын аяшпай сыйлап жүрүшөт. Келечекти ойлоп жашаш керек. Анан мени «мага десе көчүгүмдү бөрү жесин» деген ураан менен жашаган адам дешиптир. Это ерунда, мен деген «заманыӊ бөрү болсо, бөрү бол, түлкү болсо, түлкү бол» деген ураан менен жашаган адаммын, деп телефонун өчүрүптүр.

***

Келдибек байке айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге теледен жолугуп калып:

—Нурбек айланайын сага эмне эле баары картошка маселеси менен асылып калышты?-дептир.

—Кыскасы, булар түшүнбөгөн иттер экен. Сиз билесиз, картошка бул экинчи нан. Согуш маалында элди ушул картошка аман алып калбады беле, муну түшүнүшпөй эле бакырып жатышат. Картошканы кууруп , сууга бышырып же айла кеткенде балдарыӊа чипсы кылып бер. Чиригенин аӊызга төк, жер семиртич болот. Анан ашыгын саткыла десем болбой эле сатабыз дешип мээни жешти. «Тойдум байдын кызына» деп кетип калсамбы деп турам.

—Кой айланайын, өкмөт башчы ишенип койгондон кийин, аягына чейин туруп, жок дегенде «Даӊк» медалын тагынып кет.

—Макул, Келдибек аке, сиздин тилди алып иштеп берейин, -деп кудундаган бойдон балпалактап узап кетиптир.