Фейсбук чабыш: Жолдор министрлиги жөнү жок каралоого кабылды Фейсбук бири-биринен өч алуу, жөн гана каралоо айлампасы болуп калган өӊдүү. Ак үй, Көк үйдү аралаган ушактарга жык толду. Андан да өз аттары менен эмес, фейк акаунттар менен “согушат”. Мына жакында да ушундай каралоого Транспорт жана жолдор министрлиги тушукту. Тендер боюнча, жолдор боюнча мындай-тигиндей дешип, бири-бирин эле кууруп жеп калды. Бул өӊдүү ыпластык менен каралоого баргандар кызмат талашкандар же жеген тамагынан айрылгандар экени соӊку учурда таасын белгилүү болуп калды. Аталган министрликти жамандоо жараянын жүргүзүп жаткандар дал ошондой мурда-кийин министрликте иштеп асмандан “жааган” акчалардан кур калгандар, же тендерден утпагандар экени айтпаса да белгилүү. Эмнеси болсо да мындай процесстер жаӊы министр Жанат Бейшенов мырзанын оӊ жолдо иштеп жатканынан кабар берет…