17-мартта Токмоктон бычакталып өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылган. Териштире келген ал сөөк 29 жаштагы депутат Солтобаев Тилектики экен. Ал Токмок шаардык кеңешинин төрагасы болгон. КСДПдан шайланган.

Ошол эле күнү Токмок шаарынын ооруканасына бир жигит бычак жеп түшкөн. Бул эки окуяга күнөөлүү деп 24 жаштагы (токмоктук) бир жаран кармалды. Жаштар эки жаат болуп мушташкандын жыйынтыгы ушундай аяктаптыр. Бирок учурда бул өлүм менен коштолгон чырдын түйүнү толук чечиле элек. Ал 2018-жылдын   26-августунда Токмоктун мал мазарында Талантбек Жумагулов бычакталып, ооруканага жеткирилген. Бул кылмышка шектелип, ушул эле шаардын кеңешине КСДПдан шайланган дагы бир депутат Тынай  Жансейитов  эл аралык издөөгө алынган. Тынай менен Талантбектин ортосундагы келишпестикке саясый көз караш жана криминалдык териштирүүлөр себеп болгондугун ЖМКлар жазышкан.  Бирок Жансейитов унутта калганбы, же баскан изин катуу жашырып жүрөбү, айтор эмдигиче кармала элек. ИИМ министри Кашкар Жунушалиев бул маселег көңүл бурушу зарыл эле. Бирок ал министр катары Токмокто криминалдык көрүнүштөр көп экенин деле жакшы билбесе керек…

Булак: Багыт.