Кыргызстандын келечегине кабатыр болгондуктан коомдогу көйгөйлүү маселелер тууралуу ачык айткан элибиздин нарктуу аксакалдарынын бири-Кыргыз Эл акыны Омор Султанов агабыз менен кенен баарлаштык  Омор ага кеп кезегинде ачуу чындыкты айтып, эч кимди кайдыгер калтырбай турган орошон ойлорун ортого салды.

 —Омор ага, күүлүү-күчтүү жүрөсүзбү?

 —Кудайга шүгүр! Күүлүмүн, бирок күчүм жок.

—Сиз эми 85 жашка жакындап калсаӊыз  да жаштардан кем калышпай коомдогу  актуалдуу, чоң көйгөйлүү маселелерди көтөрүп жүрөсүз. Кыргызстан өз алдынча эгемен мамлекет болгондон бери эмдигиче  мамлекет башчыларына жарыбай келебиз. Бул тууралуу эмне демекчисиз? 

 —Союз урагандан кийин биз журтта калгандай эле болдук.  Илгери байлар тоого көчкөндө эң кедей адамдарды жакадагы журтка таштап кетишчү. Ошондо журтта калган кишинин бир нерсеси болсо жүгүн артынып алып көчүп кетмек да. А биз эгемендүүлүктү алганда мамлекетибиздин абалы журтта калган адамдардыкындай болду.  Бизге туӊгуч ажо шайланганда  анын билимине гана карап, тегине караган эмес экенбиз. Илгери элге башчы шайланганда анын ата-тегине чейин изилдешчү экен.  Биздин башыбызга ушул убакка чейин эч бир кеменгер келбей калбадыбы. Мен ушунун себебин тегинен көрө берем.  Мамлекет башына 10 кишини башкара албаган адамды алып келиптирбиз да.  Акаев алгач жаӊылыштык кетиргенде  “жаштык кылып койду, эми бир колдоп коёлу” деп элди кыдырганда айткан элем. Мен ошондо жаӊылыптырмын. Кийин өкүнүп калдым. Ыраматылык Жумабек Асанкулов деген  КГБнын жетекчиси болгон. Ошол киши кийин Акаевге кеӊешчи болуп келгенде мени чакырып алып, бийликтин туура эмес багыттары, таза эмес адамдар тууралуу ж.б. тим  эле жүрөк толтосунда катылган  сырларын айта баштады. Ал өзү чоӊ чалгынчы эле да.  Мен ага:   “Жумабек Асанович, мени оозу ачык киши дейт. Мен деген чыгармачыл адаммын. Эртеӊ эле баарын бирөөлөргө айтып салам да” дедим. “Жок, сиз антпейсиз. Сизди мен билем”-дегенде эсим ооп калды. Көрсө, КГБда биз тууралуу толук маалыматтар болгон болсо керек деп ойлоп калдым.

Кыскасы, ошол президентибизден кийин дегеле башчыга жарыбай койдук. Башкасын айтпаганда да кийин мамлекет башына атасынан да тарбия албагандар келди. Бул мамлекет үчүн катуу сокку болду. Эл башына келген адам кыраакы, айкөл болушу керек да. Айкөлдүк сапат деген улуу сапат да. Биз улуу Манасты айкөл дейбиз. Керек болсо айкөлдүк  сапат учурунда Манаска да жетишкен эмес. Ал бара-бара айкөл, көсөм болуп чыга келди да. Биздеги жетекчилер айкөл дегендин толук маанисин жакшыраак түшүнө да алышпай жатпайбы.

—Акыркы 15-20 жылдан бери эле  бийлик башына, жооптуу кызматтарга  өӊ-тааныштык, акча аркылуу келип калышпадыбы. Билим, тажрыйба  деген эч эске алынбай калды. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Бизде жанагы капитализмдин эӊ негизги атрибуту акча турбайбы. Башчылардын арасында жалпы элдин келечегин ойлогон бир да киши болбоптур.   Алар кереги тийе турган кадрларды жанына жолотпоптур да. Бул адат азыркы кезге чейин уланып жатат. Мына жакында министрдин орун басары  520 миӊ долларды пара катары алыптыр. Ушул окуя Кыргызстанда кандай жашоо болуп жатканын аныктап жатат. Бир эле орун басар 520 миӊ доллар алып жатса, андан жогоркулар миллиондоп, миллиарддап алып жатабы деген суроо туулат.  Эмне үчүн эл оӊолбой жатат? Биздин эл көптөгөн кыйынчылыктарды көргөн. Ошон үчүн чыдап келатат. Жаӊы президент коррупцияга каршы күрөш ачып, үмүт жандырды. Эми ошол күрөштү аягына жакшылап чыгарышы керек. Ал эми  жалпы эл бул маселени  колдошу керек. Менимче, жакшы колдобой, көрө албастык кылгандар да чыгып жатат. Бул туура эмес. Уят нерсе. Тазаланууга багыт алып, өзүбүздүн жан дүйнөбүзгө төӊкөрүш жасабасак, келечегибиз кыйын болуп калат.  Кудай аткырлар мамлекеттин казынасына кол салып, акча уурдап жатышпайбы. Негизи акча уурдабай акыл уурдаш керек.

“Кызматтагы адамдар элден качып калышыптыр”

—Бизде мамлекетке чыккынчылык кылгандарга жаза улам жеӊилдеп жатпайбы. Жаӊы кодекс боюнча кылмыш жазасы укмуш жумшарып калды. Бул боюнча эмне айта аласыз?

 —Ажодон баштап бардык жерде адилеттик болушу керек. Мен кылмышкерлерге жумшак жаза бергенди туура көрбөйм. Катуу тартип болбосо, кайдан өнүгүү болот?  Адилетсиз иштер, чоӊ кылмыштар  жасалганда эч кандай гумандуулук болбош керек.  Мен айтат элем, Кыргызстандагы ашынган 30 корупционерди элдин көзүнчө борбордук аянттагы Манастын эстелигинин бери жагына асып коюшса жакшы болот эле. Ошондо тартип орномок. Гумандуулук деген ал өнүккөн өлкөдө, тарбиясы бар элде болот.  Биз болсо азырынча андай деӊгээлге жетише элекпиз.

(уландысы бар)

Маектешкен Айбек Шамшыкеев