Казакстандын президенттик кызматына киришкен Касым-Жомарт Токаев бүгүн президенттик кызматка киришүү алдында ант берген соң,  борбор калаа Астананы өлкөнүн тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атынан Нурсултан деп атоону сунуш кылды. Жаңы ажонун бул сунушуна депутаттар ордунан туруп бир узакка чейин кол чабышты.

Эми Токаев 2020-жылга белгиленген шайлоого чейин өлкөнүн президенти болуп калат.